Генерал, генералдык сөзүнө турган жок
Жакын арада июнь коогалаңынын чыгышына бир жыл толот. Бирок алиге чейин бир жыйынтык чыгып, согушту баштагандар аныкталып, ага жол берген жетекчилер тиешелүү жазаларын алыша элек. Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссиянын жыйынтыгына бийлик былк эткен жок. Ал эми Эл аралык комиссиянын иликтөөсү аяктап, тексти кыргыз жетекчилерине берилгенине бир ай болду. Президент Роза Отунбаева бул туурасында биз тараптын пикири даярдалып жаткандыгын билдирди. Комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан айрым адамдардын маалыматына таянсак Эл аралык комиссиянын иликтөөсү бир топ ызы-чууну жаратаары күтүлүп жатыптыр. Улуттук комиссиянын жыйынтыгына нааразы болгон Исмаил Исаков өңдүүлөрдүн түн уйкусу бузулуп жатса керек. Жалал-Абаддыктардын айтымында генерал генералдык убадасына турган жок. Ал эл алдында Кадыржан Батыровду колго түшүрүп, мүлкүн конфискациялоого сөз берген. Ошентип учурда эл ишенген генералынан да үмүтүн үзүп калган кези.

Ош аэропорту Бакиевдерди кабыл алганга даярданууда
"Бакиев заманы билинбей кайра келатат" десе ишенбейсиңер. Келатат дегенибиз да туура эмес, келип калды деп эле айта берели. Мына ага, дагы бир мисал. "Манас" аэропортунун баштыгы Бакыт Үсөнов соттон ак болуп чыкты беле - чыкты. Атасы Үсөн аке да соттон бошонуп чыкты беле - бошонгон. Эми "Манас" аэропортунун үкаси эсептелген Ош аэропортунун Бакиев тушундагы начальниги Акылбек Абылов мырза да соттон акталып чыгыптыр. Ал өз ордуна кайра отуруп, Отунбаевачыл кадрлардын экөө-үчөөсүн "айда, пошёл" кылып таштады. Калгандары кезек күтүп жатышат. Бакиев бийлиги кулап-кулабай жатканда түштүк жергесине генерал Исмаил Исаков учуп келип, Ошко коноюн десе, кондурбай койгон Ош аэропорту эми минтип Бакиевдин Минскиден, Максим менен Балкибековдун Англиядан, Данияр Үсөновдун Дубаиден, Наримандын Нарындан, Кыдыкбектин Көлдөн учуп келчү "Боинг" самолетторун тосуп алганга камылга көрө баштаптыр. Үчүнчү революция болбойт деп коёсуңар, ещё как болот... Эми жерде эмес, аба аркылуу, самолёттордон десант, балким курал, балким доллар ташуу аркылуу болушу мүмкүн. Муну космонавтика күнүнө байланыштуу чыгарган юмор деп айтып жаткан жокпуз, Ош аэропортунда жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү Оштогу кабарчыбыздын көргөн көзүнө ишенип айтып жатабыз.




СПИКЕРДИН КАБИНЕТИНДЕГИ СПЕКТАКЛЬ
Президенттен кийинки экинчи адам деп эсептелген спикер Акматбек Келдибековдун кабинетинде "Ата-Журт" менен "Республика" фракцияларынын жөжө короз депутаттарынын эки жаат болуп мурундарын кан жалатып, бети-баштарын тытып мушташкандары КТРКдан көрсөтүлбөгөнү абийир болуптур. Ушул фактынын өзү парламентке депутат болуп келген "акылдуу" жигиттердин парасаты көчө тентектеринин деңгээлинен али көтөрүлө элек бойдон экендигинен кабар берип турат. Мушташ спикердин кабинетинде болгонунун өзү өлкөдөгү экинчи адаммын деген саясий жетекчинин депутаттар арасындагы кадыры канчалык экендигин да көрсөтүп койду. Өз ара мамилелерин спикердин кабинетинде ушундай "разборкалар" менен чечсе, жеке отурган кабинеттеринде кокус чыр чыгып кетсе, тартмасына катылган тапанча же бычак ала чуркабайт деп ким кепилдик берет. Азыр депутаттар ич ара мактанса "тигинин түкүнчө маркадагы тапанчасы бар, баланчанын Түркиядан апкелген мылтыгы бар" деп мактанып башташыптыр. Ушинтип жүрүп отурсак Армениянын парламентиндей болуп автомат менен атышканга жетпесек болгону. "Депутаттардын менин кабинетимде мушташуусу уят иш. Этика комитетинде талкуулап, депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин койгонго чейин барабыз" деп тартипке чакыруу маанисинде сөз айтыштын ордуна "мындай мушташуу дүйнөдө кадимки кездеше жүргөн көрүнүш" деп жактап сүйлөгөнү спикерибиздин канчалык "подкованный" экенин да көрсөтүп койду.
...Эл аралык театр күнүндөгү артисттердин ойногон тамашасы эсиме түштү. Бечара артисттер же имараттан жарыбай, же айлыкка марыбай, ал армандарын тамаша-чынга салып сахнада жумшак азил менен көрсөтүшүп жатышпайбы. Спектакль даярдайт элек, оюн коёт элек деп эмне кыласыңар, урматтуу артисттер. Байкасаңар, Ак үй деген чоң театрда жаңы шайланып келген 120 депутаттын "спектаклдери" силердикинен алда канча кызыктуу да, драмалуу да боло баштабадыбы. Силердин спектаклдерге элдин кызыкпай калганы да ошондон. Канчалаган миллион сом акча коротуп театрларды кармап тургандан көрө минтип театр бекер "оюн" көрсөтүп жатса. Бюджет тартыш болуп жатканда Атамбаевди ыйлатпай тургулачы. Буйруса депутаттардын, мамлекеттик чиновниктердин теледен бири-бирин шыбаганын, күнөөлөгөнүн, эми минтип мушташып баштаган оюндарын беш жылча расса курсан болуп көрүп турабыз да.




Саясый элитанын чен өлчөмү бир башка да, элдики бир башка
7-апрель революциясынын бир жылдыгына арналган салтанатта Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, Кыргызстанда болуп өткөн окуяга кай бир эксперттер терс баа берип жатканына наалып келип, биздеги окуя Ливия, деги эле араб дүйнөсүндөгү башка мамлекеттер сыяктуу өлкөнү таштап кеткен миңдеген качкындарды жараткан жок деп билдирди. Ошону менен бирге, өлкөнүн тарыхына өзгөртүү киргизген 7-апрель революциясы авторитаризмге каршы күрөшүп жаткан өлкөлөргө үлгү болуп берерине, үлгү болуп калаарына басым жасады. Антсе да, айрым бир социологиялык изилдөөлөр Президенттин айткандарын ырастабай турганына күбө болосуң. Атап айтсак "Жумушсуздук: кооптуулугу жана аны жеңип өтүүнүн жолдору" деген ат менен жүргүзүлгөн социологиялык изилдөө коомдук маанай Р.Отунбаева ойлогондон айырмаланып, оптимисттик ыргакта эмес экенин көргөздү. Сурамжы 7 миң сомго жетпеген айлык акыга топук кылып жүрүшкөн Кыргызстандыктардын 95%и жалыйнасы миң доллардан жогору болушун тилээрин тастыктайт. Ошону менен катар, сурамжыга алынган жумушсуздуктун запкысынан (официалдуу түрдө жумушсуздук 8,4% делингени менен де-факто 20% ке чейин чаап чыгары белгилүү) улам респонденттердин 72%и Кыргызстанды таштап тышка чыгып кетүүгө даяр экендигин, 28%и гана өз өлкөсүнүн патриоттору катары туулган жеринде калып калаарын билдиришет. Ошентип Кыргызстанда Араб өлкөлөрүндөй болгон массалык миграция жок дегендик, бул чоң жаңылыштык, кечиримсиз адашуу. Курулай мифке алдануу десек болот. Президент Р.Отунбаеванын билдирүүсү менен социологиялык изилдөөнүн тыянагындагы эки ачалык, бир жагынан саясый элитанын коомдук маанайдан, элдин көкөй кести проблемаларынан кабары жок экенин көргөзсө, экинчи жагынан апрель революциясынан кийин эл күткөн бардар жашоого болгон үмүтү акталбаганын билдирет. Президенттин билдирүүсү - эл менен бийликтин ортосундагы ажырым кыйла чоң экендигине күбө болуп бере ала тургандай адашкан билдирүү.








Дөөлөр кайсыл бөөлөрдөн коркуп жатышат?
Өлкөнүн төрт жетекчиси Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабановду жалпысынан 700 адам кайтарып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Албетте, мындай маалымат элди таңгалдырбай койгон жок. Баарынан кызыгы, дөөлөр кайсы бөөлөрдөн коркуп жатканында болууда. Кымбатчылыктан жакында кырылчудай болуп, араң турган кыргыз элинен да ушунча коркобу десең. Болбосо, пайдасынан зыяны көп дөөлөрдүн кимге кереги бар? Эмне эле бюджетибиз эңшерилип жатат десе дөөлөрдүн кароолчулары кемирип жаткан тура.