КурумУшу

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере..."
Эгер А.Акаев үй-бүлөлүк авторитардык бийликти орнотсо, К.Бакиев андан ашып түшүп үй-бүлөлүк-кландык, тоталитардык диктатураны негиздеди. Азыркы бийлик деле тиги экөөнөн кем калышпастыгын көргөзүүдө. Эки президенттен кийин парламенттик башкаруу системасы киргизилди делинген менен бийликтин маңызы кенедей да өзгөрбөгөнүнө күбө болобуз. Үй-бүлөлүк-кландык системанын ордуна партиялык-кландык авторитаризм келди. Бийликтин башында КСДПнын лидери премьер-министр А.Атамбаев, "республикачылардын" жол башчысы, биринчи вице-премьер Ө.Бабанов жана бул экөөнүн тилинен чыкпаган Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева турат. Бийлик А.Атамбаев менен Ө.Бабановдун тил алчаак, көздөй болгон өз кишилеринин колуна топтоштурулду. Өкмөт профессионалдардан эмес, чоңдордун ичи-коюнуна кирип кете алган шылуундардын, чөнтөктүүлөрдүн эсебинен куралганы жалган эместир Азыр бийликте кошоматчылар менен мурдуң кана десе оозун көргөзгөн дилетанттардын күнү тууган кез. Коррупция болуп көрбөгөндөй болуп коолап-чайлап өстү. К.Бакиевдин коррупциясы азыркыларга караандабай чаң жутуп артта калат десе деле болчудай. Эгер, Максим Бакиев үчүн А.Акаевден мурас катары калган кирешелүү ишкана тармактарын, чүйгүндүү финансылык структураларды басып алып менчиктеши үчүн беш жыл талап кылынса, Ө.Бабанов үчүн бар болгону үч ай короду. Мөрөй кыргыз олигархдарына тийди. Алар азыр бийликтин башын мыкчып алып бийликтин эсебинен байлыгын асмандатып көтөрүп жаткан учуру. Кыргызстандын жарымысы Ө.Бабановдун ээлигине өткөнү ачык айтыла баштабадыбы. Апрель элдик революциясынын ишке ашканда убада кылынган социалдык-экономикалык, саясый реформалары жүзөгө ашкан жок-ошо убада боюнча унуттта калтырылды. Кагаз түрүндө жана бийлик төбөлдөрүнүн куру риторикаларында гана жашап келет. Баарынан өкүнүчтүүсү, коррупцияга белчесинен баткан А.Атамбаевдин өкмөтү өлкөнүн экономикасын башкарууга жөндөмсүз экенин көргөзгөнүндө турат. Аткаруу бийлигинин КПДсы (коэффициент полезних действий) нөлгө түштү десек болот. Өкмөттүн эң башкы функционалдык милдеттеринин бири болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албаса, калганынан кеп кылып кереги деле жоктур. Мындай өкмөттү өкмөт деп айтууга деле ооз барып батынуу кыйын эмеспи.
Колунан иш келбей, башкы милдетин аркалай калган учурда бийлик элдин көзүнө чаң чачып алдоо жолуна түшөөрү белгилүү. Бул бийликтин башынан бери келаткан адаты. Эл итке минген жакырчылыкка дуушар болсо да, акыры бардар жашай баштадык деп бир кызарып койбой калпты шыпыртуу К.Бакиевдин доорунан бери келе жаткан эски өнөкөт оорулардын бири эмеспи. Жакында Экономикалык тескөө министрлиги февраль айында азык-түлүк продукцияларынын кээ бир негизги түрлөрүнө болгон баа төмөндөгөнүн жарыя кылды. Айтымына караганда, нанга баа 20%ке, күрүч 2%ке, картөшкө 6%ке, пияз 7%ке, жумуртка 2% ке чейин төмөндөгөн имиш. Антимонополисттик тескөө агентствосу Максимден мурас катары калып Ө,Бабановдун "рупоруна" айланган 5-канал аркылуу тамак-аш продукцияларына баа акырындап болсо да кыйшаюусуз түрдө түшүп баратканын бабырап кеп кылып жатат. Мисалы, - дейт антимонополисттер "конторасы" -унга баа 3% ке чейин түшкөнүн, демек нандын арзандай баштаганын көрсө болоруна ишендиргиси келип жатканы байкалат. Анысын бир айтып, бир койбойт десең. Жадатып да жиберишти.
Ошол учурга оро-пара парламенттин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы А.Жапаров пресс-конференция өткөрүп, өкмөттүн жан жыргатып жагалданган билдирүүлөрүнөн таптакыр башкача цифраларды жарыя кылды. А.Жапаровдун айтымына караганда, Кыргызстандын бюджетинин дефицити 21 миллиард сомдон 30 миллиардга чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Өлкөнүн 1,4 миллион калкынын азык-түлүккө чукактыгы пайда болуп, алардын катары жылдын аягына дейре 340 миң адам менен толукталышы мүмкүн. 2 миллион эл сапаты төмөн азык-түлүккө күнү түшкөнү ачык болду. Ошентип, элдин кеңири катмарынын жакырлануусу космикалык тез темп менен төмөндөп баратканы ачык. Мындан сырткары, инфляция 25%ке чейин өстү,- дейт А.Жапаров. Бул болсо, 5 миллион калкы бар элдин басымдуу бөлүгү ачарчылыкка кабылды, өлкө гиперинфляция (25% инфляция) тилкесине кирди дегендикти билдирет.
Эки тараптын кимисине ишенсе болот?- деген суроо туулбай койбойт эмеспи-өкмөттүн азык-түлүккө баа төмөндөп баратат деген жомогунабы же А.Жапаровдун ачуу чындыгына ишеним артабызбы? Ачыгын айтуу керек, акыйкат А.Жапаров тарапта экендиги шек жаратып жибербейт. Баанын тынымсыз көтөрүлүп жаткан динамикасын өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезип, каатчылык менен кымбатчылыкты башынан кечирип мукурап турган акыл-эси жайындагы адам өкмөттүн салтанатуу отчету сымактанган мифине тумтак ишенип кетиши кыйын. Баанын төмөндөшүн мындай кой, азык-түлүк рыногу турукташып кете албай жатканын, турукташайын деген ою да жок экендигин танып кетүү кыйын. Өкмөттүн баанын түшүшү жөнүндөгү жарыя кылган "статистикасы" белгилүү америкалык жазуучу Марк Твен айткан экинчи чоң калп экени көз көрүнөө анык. Бийликтин айткан-дегендери курулай эле "агитпроп" экенине көз жетпей койбойт.
Азык-түлүк кризисине каршы көргөн өкмөттүн аракеттери толук фиаского учурады десек жаңылбайт элек. А.Атамбаев башында турган өкмөттүн күйүүчү майларга болгон бажы төлөмүнүн алып салынышына "кошкон салымы" менен стратегиялык запас болгон 5 миң тонна дан эгини сакталган кампаны бузуп калктын жакыр бөлүгүнө таратып берген иш чаралары майнапсыз аяктаганына күбө болосуң. Өкмөттүн аракети стратегиялык кол тийбес запасты какшытып, өлкөнү кооптуу абалга кептеп койгондон башка натыйжа бербегени ачык болуп калбадыбы. А.Атамбаевдин өкмөтүнүн иш аракети рынок баасына кенедей таасири болбогонуна өзүбүз күбөбүз.
А.Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өкмөттүн алы жетпей калганын ырастаган бир катар цифраларды келтирди. "Негизги тамак-аш продукцияларына болгон баа 100 проценттен 350 процентке дейре өстү. Алып айтканда, дан эгиндери 160 процентке жогорулап, күрүч 90%ке, өсүмдүк майы 160% ке чейин көтөрүлдү. Кыргызстан баанын өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө эгедер алты өлкөнүн катарына кошулуп, рейтинги боюнча уялта турган экинчи орунга татыды", - деп белгиледи Акылбек Жапаров. А.Жапаров келтирген цифралар асмандан алынбаганын белгилей кетүү кажет. Ал БУУнун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын маалыматынын негизинде, экономикалык дыкат иликтөөдөн кийин чыгарылып жаткан тыянак экенин белгилей кетсек ашкере болбос эле.
А.Жапаров пресс-конференцияда өкмөттүн дарегине бир жактуу сын айтуу менен эле чектелди деп айтууга болбойт, бир катар конструктивдүү жана иштиктүү сунуштар жана иш-чаралар менен чыкты. Мисалы, өлкөдөгү массалык ачкачылыкка жол бербөө, алдын алуу үчүн тезинен азык-түлүк коопсуздук кеңешин чакырып, анын алдындагы иш чара планын бекитүүнү, агрокорпорациясынын кеминде 500 миллион сомдук азык-түлүк интервенциясын баштоо боюнча программасын иштеп чыгууну, өкмөттүн коллективдүү жоопкерчилигинен (жоопкерсиздигинен) мүчөлөрүнүн ар биринин жеке керт башы жоопкерчилигине өтүүсүнө өткөрүү жетилгени сыяктанган сунуштарын алдыга жайып жатат. Мындан сырткары, импорттук товарларга салыкты төмөндөтүү, анын ичинде дары-дармектерге болгон НДСти жоюу чаралары көрсөтүлөт. Кеч болуп кете электе буудай менен күрүчтү тыштан сатып алуу ишин жолго коюу муктаждыгы чыкканы айтылат. Тилекке каршы, А.Жапаровдун айтканын өкмөт кыртышы сүйбөй, атүгүл душман катары кабыл алганы өкүндүрбөй койбойт. "Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" кылып жатышканы байкалат. Премьер-министр А.Атамбаевдин оозу менен айтылып жүрүп ашмалтай болгон "К.Бакиевдин тушунда кайда жүрдүң эле" деген ала качма бет тырмачылык менен кештеленип А.Жапаровдун өзүн күнөөгө жыккысы келген жооп айтыла баштаганына караганда, өкмөт өз кемчилигин эзели моюнга алгысы келбей жатканын көрүүгө болот. Чындыкка түз карай билбеген, түзүлгөн реалдуу кырдаалды салкын кандуулук менен салмактап көрүп, орундуу жыйынтык чыгарууга жөндөмсүз, күнөөнү өзүнөн эмес өзгөдөн издегенге машташкан, түзүлгөн кыйын кырдаалды моюнга албай, анын ордуна элди калп жайгарып алдоо жолуна өткөн өкмөт калктын гана убалына калаары талашсыз . "Оорусун жашырганды, өлүм ашкере кылат" деп бекер жеринен айтылбагандыр.

Болотбек ЧЕРТИКЕЕВ