МАШАКБАЙ РАХМАНКУЛОВ
Бай болгуң
келеби?
(Интернет булактардан, басылма адабияттардан
топтолгон практикалык кеңештер)


Бай болууга 9-кадам:
"БАШЫ ИШТЕГЕНДЕР ТОБУ"

Ийгиликке жетүүдөгү эң маанилүү нерсе-бул акылдын күчү эмеспи. Эгерде план эң жакшы түзүлгөнү менен аны кандайдыр-бир күч ордунан жылдырбаса, ал эч нерсеге жарабаган план бойдон калат.
Билимге ээ болуунун негизги 3 булагы бар:
1. Эң жогорку акыл-эс (чыгармачыл кыялдануу кошулуш керек)
2. Топтолгон тажрыйба (китептерде, мектептер менен колледждерде)
3. Эксперимент жана изилдөөлөр ( илимде да, жашоодо да жаңы фактылар иргелип, жалпыланат)
Бул булактардын кайсынысынан болбосун алынган билим пайдалуу аракетке келтирилгенде, б.а. колдонулганда гана кубаттуу күчкө ээ болот да кандайдыр бир пайда бере баштайт.
"Баштуулардын тобу" --бул белгилүү бир максатка умтулган эки же андан көп адамдардын билимдерин, аракеттерин координациялайт.
Эгерде сиз өз тегерегиңизге бүт жан-дити менен сизге кеп-кеңеши менен, аракети менен жардам бергиси келген адамдарды топтой алсаңыз, анда минтип акыл калчап иш кылуунун экономикалык натыйжасы шыр эле билинет.
Адамдын мээсин ток берүүчү электр батарейкалары менен салыштырып көрүңүз. Бир батарейкага караганда бир нече батарейка көп ток берет эмеспи. Адамдын мээси да ушундай да-1 баш 1 баш, көп баш - көп баш дегенди уктуңуз беле?
Ойдун күчүнүн негизги жана биринчи булагы болуп Акыл эсептелет. Бир нече адам өз ара биригип аракет кылса эң жогорку акыл-эс универсалдуу билим булагынын ролун аткарат да, андан силер керектүү маалыматты таба аласыңар. Ал эми кийинки 2 булак (топтолгон тажрыйба менен эксперимент жана изилдөө) адамдагы 5 сезимден ашпаган эле пайда берет.
Адамдын акылы -- бул да энергия. Дүйнөдөгү эң күчтүү атом бомбасынын физикалык энергиясы канчага барабар экенин билесизби? Ошол атом бомбасынын энергиясын адамдын акыл (мээ) энергиясынын токсондон бир бөлүгү гана иштегенде ойлоп табылган экен. Демек мээде эмне деген гана энергия байлыгы бар. Ошондуктан "башы иштегендер" өз ара биригип, кызматташып "энергетикалык банк" түзсө болот.
БАЙЛЫК - бул план түзүүнүн жана уюшуунун натыйжасы. Ал эми ЖАКЫР болуш - текейден арзан иш!

Бай болууга 10-кадам:
СЕКСТИН СЫРЫ ЖАНА СУБЛИМАЦИЯ

Сублимация эмне деп башыңарды оорутпай шыр эле чечмелейли. Бул латын сөзү - маанисин которсок, затты ысытканда ал катуу абалдан суюк абалга өтпөй эле газга айланып кеткенди айтат. Ал эми биздин тема боюнча чечмелей турган болсок - сексуалдык энергияны башка бир нерсеге айландыруу, же болбосо пайдалануу деген мааниде. Чынында эле ошондой окшойт. Мына, акыл жүгүртүп, ойлонуп көргүлө. Сексуалдык сезимдери эң жогору өнүккөн адамдар гана эң мыкты ийгиликтерге жетишет экен. Миллионерлер, же болбосо адабият, искусство, архитектура, болбосо өнөр жайында кеңири атак-даңкка ээ болгондор сүйүүнүн таасири астында гана ушундай ийгиликке жетишкен.
Адамдын аң-сезими төмөнкү стимулдарга берилип, баш иет:
1. Сексуалдык каалоо, эңсөө
2. Сүйүү
1. Атак-даңкка, мансапка, дүнүйөгө, акчага жетүүнү эңсөө
2. Музыка
3. Башка жыныстагы адам менен достошуу
4. Диний же болбосо кадимки билим жаатында 2 же андан көп адамдардын тыгыз достугуна негизделген интеллекттердин биримдиги
5. Куугунтук жеген адамдардын тарткан запкыларынын жалпылыгы
6. Өзүн өзү ынандыруу
7. Коркуу
10. Алкоголь жана баңги заттары
(Бул 10 стимулдун сегизи табигый жана конструктивдүү. Экөөсү-зыяндуу, талкалоочу.)
Адамга стимул берчү нерселерди теориялык жактан да, практикалык жактан да салыштырып көрсөңөр, секс биринчи орунда тураарына ынанасыңар. Ишенгиң келбейт, бирок ушундай. Бул сенин мээңди уруктандыра турган кубаттуу күч. Авраам Линкольн Энн Ратлинж деген айымды сүйүп калгандан кийин гана анда чыгармачыл жөндөмдөр зор экенин сезип, кийин ошонун артынан атактуу адам болуп отурбайбы. Сүйүү - бул адамды гениалдуу кылууга жол ачуучу эң күчтүү кубат, энергия.
Аялзаты улуу адамдарга өзгөчө таасир эткен мисалдарды тарыхтан четтен тапса болот. Ошондой тарыхый инсандардын бири - Наполеон Бонапарт болгон экен. Жозефина деген айымга шерденип жүргөндө аны эч ким жеңе алган эмес. Ал эми ал аялдан көңүлү сууп калганда өзүнүн атак-даңкы да түшүп кеткен. Анын согуштардан жеңилиши жана Ыйык Елена аралында жалгыздыкта өлүшү - анын сүйүүдөн өз эрки менен баш тарткандыгынын натыйжасы болду.
Биздин азыркы күндөрдө деле кыргыздын айрым бай адамдары ушул деңгээлине, ушул байлыгына аялдарынын таасиринен улам жетишишкен. Бирок иши жакшы жүрүшпөй, байлыгы азая баштаган шарттарда алар жаш аялга үйлөнүп, ошондон кийин бизнеси же иши кайрадан өргө жүрө баштаганын көрүп-билип эле жүрбөйбүзбү. Демек адамдын акылы сөзсүз кандайдыр бир стимулга, түрткүнчүккө муктаж! Ошондой стимулдардын эң кубаттуусу деп албетте сүйүүнү (азыркылар аны секс деп маанисин бир аз ылдыйлатып, бузуп алышпадыбы) айтса болот. Эгерде бул кубаттуу күчтү керектүү нукка, багытка бура алса, анда адам көр турмуштун майда-бараттарын опоңой эле жеңе алат. Тарыхта силер билген миллионердиби, саясатчыныбы, президенттиби, аскер же мамлекет башчысынбы - кимисин алып көрбөгүлө - бардыгы тигил же бул деңгээлде сүйүүдөн шык, дем, күч-кубат алышып, ошондой ийгиликке жетишкен. Андай адамдардын бирөөсү да импотент эмес экен!. Ишенбесеңер өзүңөр да иликтеп көргүлө? (Эң эле "свежий" Путиндин же Саркозинин мисалычы?) Демек эң күчтүү сексуалдык энергияны керектүү нукка туура пайдалана билген адам гана зор ийгиликке жетише алат. Ал эми арабызда ошол энергияны айбанча пайдаланып, темир тордун артына түшүп жаткандар канча экенин көрүп эле жүрөсүңөр го?
Америкалык окумуштуулар 25 миңден ашык ишкер адамдардын өмүр баянына иликтөө жүргүзүшүп, алардын айрымдары гана 40 жашка чейин дүңгүрөгөн ийгиликке жетишкендигин, көпчүлүгү 40 жаштан кийин атагы таш жарганын эсептешкен. Көрсө мунун сыры да жыныстык сезимдерге байланыштуу болот экен. Анткени 40-50 жашка жете элек көптөгөн адамдар өздөрүнүн жыныстык күч-кубатын куру талаага кетиришет экен. Бирок 40тан ашкандардын арасында деле эң ыйык, эң назик сезимдер менен байланышкан энергиясын талаага чачкандар бар.
Адамдагы сезимдер менен эмоциялардын ичинен жыныстык энергия, жыныстык кумар эң күчтүүсү жана адамдын делебесин эңгиретүүчү күч. Ошондуктан ал күч, ал сезим өзгөртүлүп, керектүү нукка багытталса гана адам эң жогорку ийгиликтерге жетет.
Дүйнөнү жана цивилизацияны адамдын сезимдери башкарат. Жасаган иштеринде адамдар көбүнчө акылына эмес, сезимдерине баш иет. Ал эми сексуалдык сезимдер бардык башка сезимдерге караганда эң кубаттуусу. Башка бардык сезимдер бир тең да, сүйүү сезими бир тең болот!
(Уландысы кийинки санда)