Куурчак
Нурбүбү БӨДӨШОВА
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Кумда жатып алып, катуу ойлонду. Негедир карайган ниетинен кайра артка кайткысы да келди… Антсе, өзү теңдүү курдаштары сүйүшүп, сүйлөшүп жүргөн эле жигиттерине турмушка чыгып, азыркы күндө бойтоңдотуп экиден-үчтөн балдарын ээрчитип жүргөндөрүнө ичинен эчен ирет суктанып, өз ызасына өзү ууланган күндөрү келип-келип, жүрөгүнүн башына муштумдай ташка айланып калыптыр. Ошонусу эрибей, жанын кыйнап турду.
Ушинтип, жаны карайып турган маалда артынан капыстан "боф!" деген үн чыкты. Катуу кыйкырып чочуп алды.
- О-оой, ушунчалык да чочуйсузбу? Ха-ха-ха…
- Э, койчу, тамашаңды!
Жанаргүл катуу кагып жиберди. Каткырып жаткан Шахка чыны менен жини келип кеткен. Өзү эмне кылаар айла таппай карайлап турган маалда ага бул тамаша жаккан да жок. Катуу силкинген кыздын алдында Шах оңтойсуз абалда калды.
- О, мен сиздин жиниңизге чыны менен тийип алдым окшойт. Кечирип коюңузчу, келиңиз, ап-аптап коёюн…
Башка убак болсо Жанаргүл бул жигитке чыны менен таарынмак беле, а бирок, көзүнөн дал ушул Шах учуп турган маалда минтип өзү келгенин карасаң. Азыр эле чочуп үрпөйө түшкөн Жанаргүлдүн жүзүнө жылмаюу кирди.
- Жок, мен бир аз эле чочудум. А мен сени издейин деп жатат элем.
- Кызматыңызга мен даяр!
Чыкчыя калып, Шах Жанаргүлгө "честь" берди. Анан экөө бир саамга башын бириктире калып, олуттуу бир нерсени сүйлөшүштү…
- Мейли, мен жээкте эле жүрөм. Эч нерседен кам санабай эле коюңуз. Оплатасын - колмо кол бересиз!
- Сөзсүз да. Бүгүн келсе - бүгүн, эртең болсо - эртең…
Ары, көлдөн суурулуп, буларга жакындай басып келип калган Мавлюданы көрө, Жанаргүл сөзүн тез эле бүтүрдү.
- О, бул кайсы жигит? Кыргыз эмес го! - деп кабагын түйдү Мавлюда ары басып кеткен Шахтын артынан ээрчий карай.
- Э, балык сатып жүргөн бирөө экен…-деп жактырмаксан болду кыз көзүн ала качып.
- Ким болсо да колу жаманчылыкка малынып турган бирөө! Ошо жаманчылыгы өзү менен кетсин! - деп анын артынан акырын "түф-түфф" деп күбүрөнүп, түкүрүнүп калды Мавлюда. Жанаргүлдүн башы жерге кирип кете жаздап турду. "Капырай, бул аялга каяктан жанаша калды эле бүгүн? Эч нерсе боло электе эле баарын айтып таштай турган болду!" Алдастай түштү Жанаргүл. Анан:
- Эже, менин башыма күн өтүп кетти окшойт, башым айланып атат, мен кетейинчи,- деп ордунан турду да, баштыгына жерде жайылып жаткан сүлгүлөрүн шаша-буша салып жөнөп калды. Мавлюда ага эч нерсе дей алган жок, болгону, башын акырын гана чайкап турду.
Жаткан жайына жетээрде, көлгө шашыла кетип бараткан экөөсүн көрдү. Темир менен аялы жаңы эле шаардан түшүшкөн окшобойбу. Алыстан эле Жанаргүлдү көргөн Темир ага башын ийкей өтүп кетти.
Келип эле диванга кулаган Жанаргүл көпкө деле жаткан жок. Аңгыча, эшикти шашыла ачкан Темир негедир күнөөлүү баладай кылжыйып кирип келди.
- Кандайсың, жаным! Тиги кошо ээрчип албадыбы! Эми эч шек бербейли!
Анын айткан сөзүнө муюгандай акырын башын ийкегилеп койгон Жанаргүлдүн ою каякта экенин Темир билген да жок.
ХХХ
Эртеси, Темир менен аялы көлгө жөнөгөндө, артынан жөнөдү Жанаргүл. Ошол эле жерден Шахты таап, сыртынан экөөнү көргөзүп коюп, көлгө чумуду. Эми, күтүү гана керек! Көлдүн ичинде жүрсө да, кумда жатса да, эки көзү тиги экөөндө болду, алардан анча алыс эмес жерде Шахтын карааны пайда болуп, кайра жок болуп атты…
Ана, тигилер кайыктар турган жакка кетишти. Артынан серепчилеп карай басты Жанаргүл. Тигилер бир кайыкка отурушуп, көлдө улам арылап сүзүп жөнөшкөнүн карап турду. Бул маалда күүгүм тартып бараткан мезгил эле…
Күндүн батып бараткан кочкул нурларына боелуп жаткан көлдүн үстү бака-шака түшүп жатса да, Жанаргүлдүн көзүнө бир гана кайык, анын үстүндөгү эки киши гана көрүнүп турду. Ал эми баятан бери тигилердин жанынан ары-бери өтүп аткан Шахтын карааны негедир көрүнбөй калды.
Ошентип карап турган. Бир маалда эле тигилер түшкөн кайык коңторулуп кеткендей болду! Алыстан ачуу кыйкырган Темирдин үнү Жанаргүлдүн кулагына даана жетти. Эки кулагын басып жерге отура калды кыз. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Дал ушул минутага чейин карайып турган жан дүйнөсү алай-дүлөй бороонго тушуккансып, өзүнчө далбастап жиберди.
- Чөктү! Жардамга! Жардамга!
Жээктеги эс алуучулардын үрөйү учуп, баары алиги коңторулган кайык тарапты карап дүргүп турушту.
(уландысы бар)