Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан
Орозбектен ойноок кеп
КВАРТИРАНТ
Биздин каткырыгыбызды укканбы, же күйөөсүн издеп чыкканбы, айтор, кожоюндун аялы үстүбүзгө кирип келсе болобу.
Хозяйкабыз аябай тилдүү экен, секундасына 10-15 штуктан сөз сүйлөп, тим эле тилин автоматтай "татыратып"… "Үйдөн чыгып кеткиле!"- деп бакырганда, биз ыштаныбызды булгап алдык.
Капар аке көзүнөн жаш агызды:
- Иттик бизден кетти. Кечирип коюңуз!
- Давайте, уходите отсюда!
- Эже?!
- Мен силердин эжеңер эмесмин. Мен силерге эмне деп атам! Кулагыңар барбы? Все глухой что ли?..
Айыбы ачылып калган аялдай үйдөн айдалып чыктык, шалпыйып.
Мынаке, квартира издемей. Көчөмө-көчө кыдырып, көрүнгөн үйлөрдү сүзгүлөп жүрдүк. Ар бир коңгуроону баскан сайын, ичкери тараптан чыкчу адамды үмүттүү да, айбыга да күткөнүбүз-күткөн. Себеби, сөгүп-сөздөп кабыл алган "сылык" адамдардан жүрөгүбүз түшүп бүткөн. Бирок, биз кыдырган аймактагы үй ээлеринин көпчүлүгү башка улуттар экен. Ал эми "кыкемдери" чанда гана. Ошол "чандалар" да биздин төлөй турган квартира акыдан мурда каяктык экенибизге кызыкканы байкалды. Оштук экенибизди укканда эки-үчөөнүн баштары чайкалды. Анан минтип чечтик: "Оштук экенибизди жашырып, нарындыкпыз деп айталы".
- Чыррр!
- Ким-м?
- Ака…тоюс, байке, биз - Нарындык болобуз.
- Нарындык болсоңор эмне кылайын?
Квартира издеп жүрдүк эле.
- Нарындыктарды албайм.
- Өзүңүз кайдан болосуз?
- Көлдөн.
- Көлдөн?.. О анда жердеш болот турбайбызбы, байке.
- Кандайча? Өзүңөр Нарындан болсоңор…
- Илгери Нарын менен Ысык-Көлдү кошподу беле. Бир область болуп бир нече жыл бирге жашашкан. Экөөнү 90-жылдары эле Өйдөңкү Кеңештин депутаттары ажыратып жиберди, бузукулук кылып.
Тиги эшигин "тарс" жаап алды.
ХХХ
Кызыл-Аскердеги квартирадан айдалып чыккан соң, Аламүдүн базарына жакын жерден, Алма-Ата - Салиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн квартира таптык. Жаңы кожоюнубуз Марат аттуу студент - Өзбекстандык жигит. Канчообуз жашайбыз, анын иши жок. Мына жыргал, бейишке чыккандай эле болуп калдык.
Бир күнү Макем бизге өз оюн ачык айтып салбаспы:
- Бишкектен дагы бир-эки үй сатып алайын деп атам.
- Эмне үчүн?
- Квартиранттарды жашатам. Кыргызстанда үйү жок кыргыздар көп экен.
- Жакшы оюң бар тура. Анан калса, өзүң да жакшы кожоюн экенсиң. Буюрса, сага биз өмүр бою квартирант болуп беребиз. Көп жашасын, сиздей азамат тууган энеңиз!

ХХХ
Капарбек Сөлпиев жазуусу менен алек. Кечке тынбайт. А түгүл, ажатканага кирсе да колунан калем-кагазын түшүрбөйт. Бая күнү "Туалетная бумаганын" ордуна жаңы бүткөн кол жазмасын пайдаланып жиберип, өзүн иттей тилдебедиби, жаңылыштык кетиргендиги, кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачкандыгы үчүн. Дагы кудайга шүгүр, авторучкасын "пайдаланып" жибербептир.
- Капар аке, чай ичиңиз.
- Азыр… жазып бүтөйүн.
- Капар аке, болуңуз.
- Азыр…
- Капар аке, бүттүңүзбү?
- Болдум. Эми точкасы эле калды. Мен точканы коюп бүткүчө, силер ичип тургула.
Мойну койкойгон "Русская водканы" көрүп, Сөлпиев шалпыя түштү:
- Эй, муну эмне кыласыңар?
- Ичебиз.
- Мен дагыбы?
- Албетте!
- Мен ичпейм.
- Биринчисин алыңыз, анан…
- Макул.
Ичти.
- Каке, эми пайы менен болсун.
- Мейли.
Кызып калган Какем үчүнчү мертебе стаканга өзү эле кол сунду. Бирок ушул учурда бөтөлкөдөн стакандарга арак бөлүштүрүлө элек болчу. Ичинде эч нерсе жок стакандын кыры эринге тийди.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ.