Депутаттарга кулак кагыш БАШКАСЫ БҮТҮП, КАРА АЙНЕК КАЛДЫБЫ… Баарыбыз эле ай караган текедей болуп раматылык Карыпкуловдун "кара жашигин карап" отурабыз. Биздин улуу урматтуу депутаттарыбыз дагы кандай олуттуу маселени чечип жатышат болду экен деп кулагыбыз парламент жакта. Очорулган экономиканы ордунан жылдырып, эл арасындагы ыйкы-тыйкы мамилелерди жөнгө салышса экен деп күтүүдөбүз. Тилекке каршы элдин ал үмүтү анча акталбай келет. Буга бир мисал. Жакында эле парламентте республикабыздагы автомобилдердин алдыңкы айнегин караңгылатып плёнка жабыш керекпи, жокпу деген маселе козголду. Депутаттардын кай бирлери "жеңил унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылата беришсин, бирок ага уруксат алыш үчүн 10 миң сом төлөтүш керек" деп чыгышты. Тактап айтканда, Данияр Тербишалиев деген жаш депутатыбыз "Эгер, 20 миң унаага эле уруксат алынса, казынага 200 миллион сом түшөт экен" деп эки колун ачып-жуумп эсептеп жибериптир. Анан да, штрафты да 300 сомдон 1000 сомго чейин чыгарууну сунуштады. Баракелде! Баары эле сиз айткандай болсо, анда Кыргызстан бат эле баткактан суурулуп чыгып кетет го,- деп сүйүнгөнүбүз менен, ар бир иш аракеттин өзүнүн нормасы бар экенин эске алалы да. Албетте, депутаттык жумшак креслодо отуруп алып кыялдануу жакшы дечи, а бирок, канча жылдардан бери дал ушул караңгылатылган айнек менен алышып келген МАИ кызматкерлеринин эмгеги каякка кетет? Биринчиден, айдоочу жолдо даана көрүнүш керек. Ансыз да, президент эжекебиз криминалга ачык күрөш жарыялап турган маалда депутаттарыбыз кримчөйрөгө жакшы жагдай түзүп жатканы кандай? "Караңгы тамда каман күркүрөйт" болуп, караңгы машиненин ичинде автомат, пулемёту, нашаа, апийими менен кетип бараткан кылмышкерди ким көрөт?! Ал эми экинчиси, бардык өнүккөн өлкөлөр жолдо жүрүү эрежесинин Эл аралык Конвенциясында караңгылатылган айнекке тыюу салышкан. А биздин республика бул Конвенцияга кирген 180 өлкөнүн бири. Депутаттарыбызды бул Конвенция тууралуу билбегендиги үчүн күнөөлөгө деле болбойт. Эмне, депутаттарыбыз адам эмес бекен? Ал эми адамдардын билгенинен билбегени көп. Мына ушундай маселелерди карап отуруп, баягы "Боёкчу, боёкчу деп койсо, сакалын кошо боёптур" деген лакапты эске түшүрдүм. Депутат, депутат деп койсо, атайын адистерден өтө, бир нерсени билген киши болуп кийиздин туура эмес жеринен жөнү жок чоё бериштин деле кереги жок да. Болбогон сунуш киргизип, аны ары тартып, бери тартып отуруп алтындай убакыт текке короп жатпайбы. Же, депутаттык мөөнөттү эптеп ушинтип өткөрсө болобу? "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, ар бир тармактын устаттары бар, ошолорду чакырып кеңешип, андан кийин маселе чечиңиздерчи. ЖКнын жылуу кабинетинен тышта жүргөн кишилер деле бир нерселерди билет… Анан да, эптеп эле акча табыштын амалы болбошу керек да. Казынага 200 миң сом түшүрөм деп калкыбызга андан чоң ысырап алып келсечи... Сиздерден омоктуу ойлорду, элге чыныгы пайда алып келчү иш- чаралардын чечилишин күтөбүз, урматтууларым! Жайнак Жаратман тегин, Бишкек. ЭЧ КИМ САДАГА ЧАБЫЛБАШЫ КЕРЕК ДЕЙТ Ассалому алейкум, "Айкын саясат" гезитинин кызматкерлери! Сиздердин гезитти чыккан күнүнөн тартып эле ынтаа коюп окуп келем. Гезиттеги ар кыл темалардагы макалаларды берилип окуйм. Анын ичинен бир аз мезгил мурда дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз Фетхуллах Гүлен тууралуу жазылгандарга аябай кызыгып калдым. Өзүм маданият кызматкеримин. Сиздер сөз кылган илимпоздун "Гүлен кыймылы" деген уюму бар экенин билем. Бул уюм тууралуу окуп-билишимде, анын формалдуу эле түзүлүп калбаганына ишенем. Азыркы замандын шартында жогорку нрава, диалог, толеранттуулук идеясын пропагандалоо ниети менен көптөгөн интеллектуалдардын, религиялык ишмерлердин, изилдөөчүлөрдүн, мугалимдердин жалпы максатка баш кошкону кандай туура. Баарынан да, бул түрк ойчулунун демократия жана адам укуктары тууралуу маселеде башкача ой жүгүрткөнү таң калтырат. Бир адамдын укугу жана эркиндиги жалпы коллективге же коомго садага чабылбашы керек дейт ал. Ал эми демократия , саясий режим тууралуу да өзгөчө ойлору бар экен. Гүлендик идея боюнча, ар бир адам өзүнчө эркин өнүгүп, анан барып жалпы коомго биригет деп түшүндүм. Мындай болгондо, коом үчүн ар бир адам керт башы менен жоопкерчиликте тураары анык. А биздеги түшүнүк боюнча тескерисинче эле го: коомдун бир бөлүкчөсү болгон адам коомдун ичинде өнүгөт… Айтор, ушундай ньюанстары көп экен. Гүлен идеяларынын мен окубаган, билбеген жактарын сиздерден күтөм. Жамила САТКЕЕВА, Бишкек шаары. |