Кылымдардын кыйырынан

Арсланхантегин Нурак (Абдрахманов)
Ким экениңди бил, кыргыз!

(Башы өткөн сандарда)
Тарыхтын кыйын кезеңи
Өзбек этносунун пайда болушу жөнүндө даана дарек Самарканд шаарында, Улукбектин обсерваториясында, кире бериш жеринде тактада жазылып турар эле. Анда "өзбек деген уруу XVI к. Өзбек хандын ордосунда кызмат кылган букараларынан куралган" деген жазуу бар эле (кийин Ислам Каримов бийликке келгенде алып ташташты). Чыны менен ал замандан мурунку тарых даректеринде Өзбек уруусу жөнүндө эч кабар жок. Ал уруу Чынгызхандын кийинки урпагы Өзбек хандын аракети менен Волга дарыясынын боюнда ар кошкон адамдардан куралган аз сандуу тайпа болгон. Өзбек хандын уулу Шейбани хан болгондо "Чоң атам Чыңгызхандын бийлигин калыбына келтирип, дүйнө жүзүн мен башкарам" деген максат койгон. Ал максатын ишке ашыруу үчүн ошол өзбек аталган букараларын аскер ишине дыкаттык менен даярдап, Орто Азияга келип, Оштон Султан Бабурду жеңип, кубалап чыккан.
Ал тарыхый окуялар Өзбекстандын жазуучусу Пиримкул Кадыровдун "Жылдыздуу түндөр" деген тарыхый романында даана сүрөттөлгөн. Шейбани хан ирандыктар менен болгон согушта курман болгондон кийин Өзбек деген чакан уруу Анжиян жана Ош шаарында олтурукташып калган. Ал тууралуу өзбектерден качып барып Индиянын падышалыгын басып алган заманда Бабуршах: "Ош менен Анжиянда Өзбек деген тентек уруу олтурукташып калды" деп эскерүү менен бирге Орто Азияны сагынган армандуу ырларын жазган. Ага кошумча Өзбек уруусу Орто Азияны "ана ватан" (эне мекен) деп аташат. Демек, алардын Ата Журту (эгерде бар болсо?) Орто Азиядан башка жактарда болушу мүмкүн.
Ага кошумча маалыматты Барлас уруусунун өкүлү, Өзбекстандын атактуу ырчысы, менин досум Шерали Жураев айтып берди эле. Ал бала кезинде атасы экөө Андижандан Алай жайлоосуна мал айдап кетип бара жатса, алиги өзбек уруусунун жаш балдары жолдун боюна чогулуп алып: "Эй, кыргыз! Айраныңды ичеман, Аш үйүңө чичаман" деп кыйкырышып, ар кандай мазак сөздөрдү айтаар эле" деген. Демек, мындан 50 жыл мурда болуп өткөн ушул сыяктуу бирин бири толуктаган окуялар өзбек уруусу Барлас тайпасы баштаган түрк урууларына чоочун экендигин далилдеп турат.
Өзгөчө өзбек уруусунун бизди кемсинтип мамиле кылып калгандыгына Кудаяр хан себепчи болгон. "Сынган кылыч" тарыхый романында жазылгандай, XIХ к. Кудаяр хандын атасы Шерали жаш кезинде так талаш коогасы чыгып, хан ордодо Султан Бабурдун Алтынбешигинен тараган Алимхандын урпактары бирин бири өлтүрүп баштайт. Ханзадалардын бири Шерали Ажыбек датканын жээни болгон үчүн аны Ажыбек датка так талашуу кыргынынан ала качып, Таласка алып барып, жылкычыларына кошуп чоңойтот. Качан ургаалы келгенде кыргыздар Шералини Коконго хан көтөрүшөт. Бийлик ишине аралашып көнбөгөн үчүн Шерали хандык бийликти аркалоого жөндөмү жетпейт. Хандын үстүнөн "Аталык" деген бийлик титулун негиздеп, качан Шералинин ордуна баласы Кудаяр эр жетип хан болгондо деле мамлекеттин бийлигин кыргыз бийлери жүргүзгөн.
Кыргыздар бийлик бербесине көзү жеткен Кудаяр хан акыры алиги өзбек уруусунан тарапкерлерди күтүп, ар дубанга аскердик чеп куруп, ал чептерге өзбек инсандарынан бек (аким) коюп, аскер менен жабдыган. Өзбектердин шыкагы менен Нүсүп аталык, Алымбек датка, Абдырахман сыяктуу кыргыздын атактуу бийлерин өлтүргөн. Ал турсун атасы Шералини багып өстүрүп, хандык бийликке жеткирген өзүнүн тайатасы Ажыбек датканын башын алдырган. Натыйжада Ажыбек датканын сөөгүн Таласка алып барып, Манастын күмбөзүнө башы жок көмүшкөн. Ошентип, карайлаган Кудаяр хан Орто Азия элдерин башкарууда өзбектердин кеңеши менен иш кылган. Албетте, ал жагдайлар Шейбанини ээрчип келген өзбектердин Орто Азия элдеринин ичиндеги кадыр-баркын кыйла көтөргөн.
Ага кошумча, Совет саясаты 1924-ж. Орто Азия калктарын республикаларга бөлүп баштаганда, кыргыз менен казак биригип "Кыргыз автономиялуу республикасы" болуп бөлүнгөнбүз. Түркмөндөр өз атагын чакырып, өзүнчө кеткен. Москва саясатчыларына "Түркистан", "Моңголистан" деген байыркы аталыштарыбыз жакпаган үчүн азыркы Өзбекстан республикасы көп сандуу сарт тайпасынын атынан "Сартистан" болуп жарыяланган. "Сарт" деген туюнтманын пайда болушун айрым адамдар Индиядан келген соодагерлерге байланыштырат. Индиялыктардын тилинде - "сартих" деген - "соодагер" же "олтурукташкан эл" деген түшүнүк берет имиш. Жаз келген сайын Орто Азияга келе жаткан индиялык соодагерлер ашуудагы адамдардан "сартих кайда?" деп сурай берип, олтурукташкан элдин тобун "Сарт" деп аталышына шарт түзгөн.
(Уландысы
кийинки
санда)