Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Аида Саляновага Жайыл районуна караштуу Ново-Николаев айылынын тургуну Бурул Ибраимовадан Кайрылуу Урматтуу Роза Исаковна! Мен Сизге мамлекет башчысы катары жана эне катары кайрылып жатам. 2008-жылдын 8-августунда милиция кызматкери Жолдошбек уулу Эркиндин өлүмүнө тиешелүү деп менин уулум Максат Базарбаевди Жайыл райондук ИИБнин опер-кызматкерлери камакка алышкан. Уулум менен кошо дагы үч бала камалган. Бирок, тергөөдө уулумдун кылмыш ишине тиешелүү эч кандай далилдери болгон эмес. Маркум Жолдошбек уулу Эркин каза болгон учурда жанында чогуу иштеген коллегасы Эсен деген болгон. Анын айтуусу боюнча Жолдошбекти өлтүргөндөр үч бала экен. Ал эми соттолгондор төртөө болду. Андан сырткары тергөөнүн жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болсо да ошол учурдагы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев көзөмөл кылган эмес. Ошондой эле уулум Максатты Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн опер-кызматкерлери аеосуз тепкилешип, эки бөйрөгү иштебей калганча сабашкан. Учурунда бул окуя коомчулукта бир топ чууну жараткан. Бирок, ошол учурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин демилгеси менен күнөөсүз балдар жыйырма жылдан соттолуп кетишкен. Анткени, ишти туура эмес нукта козгоп алган Жайыл райондук Ички иштер бөлүмү өз абийирлеринин ачылып калышынан коркуп, эптеп күнөөсүз балдарды соттотуп, Конгантиевдин буйругун аткарууга аракет жасашкан. Анткени милиция кызматкерин атып кеткен учурда Конгантиев Жайыл РИИБнө кылмышкерлерди он күндүн ичинде табууга буйрук берип, болбосо кызматтарынан айрылаарын билдирген экен. Ошол себептүү милициялар колго тийген балдарды камап, иштин бетин ачууну максат кылышкан. Ошол учурда Жайыл РИИБнүн башчысы Бекболот Борбиев болгон. Менин уулум соттолгондон кийин Бекболот Борбиев полковник чинин алып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө которулуп кеткен. Урматтуу Роза Исаковна! Урматтуу Акматбек мырза! Урматтуу Аида айым! Акыркы үмүтүм сиздерде. Бул иш кайрадан тергөөгө жиберилсе, чоң кылмыштын бети ачылат. Анткени, менин уулум соттолуп жатканда, ортодон адам өлтүрүү фактысы менен эки бала кармалып, алар менин уулум өлтүрдү деп жаткан Жолдошбек уулу Эркинди өлтүрүшкөнүн айтып беришкен. Бирок, ошого карабастан ал балдарды боштондукка чыгарып жиберишкен. Уулум Максат Базарбаев үч жылдан бери күнөөсүз камакта отурат. Милициялардын таягынан ден соолугунан да ажырап калды. Менин сиздерден суранаарым, акыйкаттык менен уулумдун ишин кайра тергөөгө жиберип бериңиздер. Кандай болгон күндө да Кыргызстанда качандыр бир күнү акыйкаттык орношу керек деп ойлойм! Үч жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок. Акыркы үмүтүм Сиздерде, урматтуу жетекчилер! Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага Кайрылуу Урматтуу Роза Исаковна! 2011-жылдын 10-июнунда улуу жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгына үч жыл болот. Чыңгыз Айтматовдун маданияттагы жана адабияттагы ордун түшүндүрүп отуруунун зарылдыгы жок. Бүгүн бизге Чыңгыз Айтматов бардык жагынан жетишпей турат. Өзүңүз билесиз, мурдагы бийлик Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк жана улуттук кадыр-баркын баалай алган жок. Бүгүнкү күндө, жалпы эле саясатташып турган чакта, маданий иш-чараларды өткөрүп, руханий дөөлөттөргө көңүл буруу зарылдыгы турат. Дүйнөлүк маанидеги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин түбөлүк калтыруу боюнча төмөнкү сунуштарды карап көрүүңүздү өтүнөмүн: 1. Дүйнөлүк маанидеги залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнү 12-декабрды "Айтматов жана улуттук адабият күнү" деп жарыялоо боюнча мамлекеттик Указ чыгарылышы керек; 2. Шаарыбыздын Биринчи Май районун Айтматов району деп атоо керек; 3. Ата-Бейит комплексине жарашыктуу, дүйнөлүк стандартка ылайык эскерткич мавзолейди жасоо үчүн конкурс жарыялоо жана тургузуу керек; 4. Адабият, искусство, коомдук ишмердик багытында Мамлекеттик деңгээлде Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыгын уюштуруу; 5. Чүй проспектин Айтматов проспекти же Эркиндик бульварын Айтматов бульвары деп атоо керек; 6. Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилиш аянтына жазуучунун айкелин тургузуу керек; 7. Облустардын борборундагы мектептерге, көчөлөргө ысымын ыйгаруу керек; 8. Айтматов китептеринин китепканасынын материалдык-техникалык жана финансылык базасын чыңдоо керек, Айтматов фондусуна өткөрүп берүү керек; 9. КР УИАнын Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун материалдык-техникалык жана финансылык базасын чыңдоо керек; 10. Айтматов энциклопедиясынын 10 томдугун даярдоо милдетин КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна тапшырып, ага атайын финансылык каражат бөлүнүүсү зарыл; 11. Чет өлкөдөгү 180ден ашуун тилдерде чыккан китептерин чогултуу, библиографиясын түзүү керек; 12. Чет өлкөлүк макалаларды, эмгектерди өз тилдеринде жана орус, кыргыз тилдеринде топтоп чыгаруу керек; 13. Пушкиндин эстелиги адабиятты урматтаган бардык өлкөлөрдө бар, мына ошондой эле Айтматовдун айкели дүйнө жүзүндө турушуна камкордук көрүү негизги милдеттерибизден. Түркиянын шаарларына Айтматовдун айкелин тургузууга камылга көрө башташты. Казакстан, Азербайжан, Россия ж.б. мамлекеттер бул идеяны толук колдойт деп ишенем; 14. Жыл сайын эл аралык Айтматовдук окуу, театр жана кино фестивалын атайын өткөрүп туруу керек; 15. Улуттук китепкананын аты эмдигиче коюлбаптыр. Аны Улуттук Айтматов китепканасы деп атоо керек; 16. Айтматовдун 180 чет тилдерге чыккан китептеринин картасын түзүп, борбор шаарыбызга жайгаштыруу керек; 17. 10-июнга карата Бишкек шаарында жана Ата-Бейит мемориалдык комплексинде Чыңгыз Төрөкулович Айтматовду эскерүү иш-чараларын өткөрүү боюнча программаларды иштеп чыгууга жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырууга тапшырма берүүңүздү өтүнөмүн. Абдылдажан Акматалиев КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Эл аралык Айтматов клубунун президенти, академик |