Фото-ирмем!
А.Сулайманов:
- Камчыке, ушул жериңиз беле? Мына минтип урматымды кылайынчы!

К.Ташиев:
- Эпчил элең, эп кармап
өзүмдү, эңкейип эле турайынчы…




  Кыргыз элимдин катасы, капасы жана үмүтү эмнеде?

ОШ ОКУЯСЫ - 1990-жыл
Өзбектердин кыргыздардан эң чоң айырмасы - алар эч качан, эч кимге тилин, дилин саткан эмес. Тескерисинче, алар эң жөнөкөй жол менен, б.а. өзбекче сүйлөгөндөр менен сүйлөшүп, өзбекче сүйлөбөгөндөр менен сүйлөшпөй, өзүлөрүнүн кадыр-баркын, тилин-дилин көздүн карегиндей сактап келишкен жана сактап турушат. Ошондуктан аларды дүйнө жүзүндөгү бардык элдер туруктуу жана урматтуу улут катары билишет.
Ошол эле убакта элин, жерин сатып байлык топтогон, элинин тилин, дилин сатып бийлигин бекемдеген кыргыздан башка бул дүйнөдө эч ким жок. Бул феномен кыргыз бийлигине гана таандык.
Өткөн кылымдын 70- 80-жылдарында Фрунзе менен Ош шаарынын айланасында батирде жашашкан кыргыз жаштарынын абалы кандай экенин азыркы жаштардын чоң ата, чоң энелери жакшы билишет. Түндүктө орустардын, түштүктө өзбектердин кепелеринде оту менен кирип, күлү менен чыгып, баш көтөрбөй оокатын кылып жүргөң байкуш кыргыздардын уул-кыздары кыргыз болуп төрөлүп калганы үчүн эмне гана кордуктарды көрүшпөдү: орустардан "баран", өзбектерден "хайван" деген сөздөн башка эмне жакшылык көрүштү? Өз жеринде жери жок, өз элинде тили жок жашоо ал убакта Кыргызстанда көнүмүш иш болуп калган.
1985-жылы "Перестройканын" шары менен тоталитардык социализмдин жаңы доору ачылып, бийликке жаңы коммунистер келишти.
Түндүктө Москванын жаңы эмиссарлары (борбордук гезиттердин атайын кабарчылары: С.Романюк, Г.Шипитько, В.Юрлов, В.Хрусталев, В.Шелике, Б.Прохоров ж.б.) Чүйдү, Көлдү түрө кыдырышып, жаңы социалисттик интернационализмде кандай жашоонун эрежелерин кыргыздарга үйрөтүшүп, жергиликтүү нигилистердин жардамы менен кыргыз эл жазуучулары Т. Сыдыкбеков менен Ч. Айтматовду "улутчулдар" деген жалаа менен республикалык партконференцияга чейин сүйрөп барышканын ким билбейт?
Түштүктө болсо "улутчул" деген сөздөн корккон суу жүрөк кыргыз жетекчилерин баш көтөргөн өзбек эмес - базарда араба түрткөн "арбакештерине" чейин көз көрүнөө эле басмырлап, өзбекче сүйлөсөң сүйлөшүп, кыргызча сүйлөсөң тетири карап, кыргыздарды киши ордуна санабай, кадимкидей кемсинтип: "Силер киши эмессиңер, биз өзүбүзчө автономия болуп жашайбыз" деп чыгышпадыбы.
Ошондо кыргыздын намыскөй жаштары: "Булар биздин элибизди, жерибизди басып алып, эми өзүбүзчө жашайбыз деп бөлүнгөнү жатышат" деп, көпчүлүгү өзбек калкы жашаган Кара-Суу районунун Ленин атындагы колхоздун жерин басып алып, менчик үй салып жашайбыз деген ниетте талаага чыгышпадыбы.
Азыр биз түндүктө орустарды, түштүктө өзбектерди күнөөлөп жатабыз: "Бизди ушинтип, кемсинтип "баран" деп айтты, биз менен сүйлөшпөй, жерибизди басып алды" деп.
Калыстык үчүн айткылачы, айланайын кыргыздарым: "Өлкөбүздүн түндүгүндө жашаган уул-кыздарыбыздын көпчүлүгү ата-тегин тааныбай, элинин каада-салтын, тилин-дилин түшүнбөй, "кайдансың?" деп сурасаң: "Я чуйская, а ата-энем көльские" деп жооп берген уул-кыздарыбызды кантип танабыз?
Булардын ушундай манкурт болуп калышына орустар күнөөлүбү?
Өлкөбүздүн түштүгүндө жашаган уул-кыздарыбыздын көпчүлүгү күнү-түнү үналгыдан, сыналгыдан өзбектердин жашоо турмушунан башканы укпаса-көрбөсө "Биздин президент Каримов" дебегенде эмне дейт?
Ошентип, алардын чала сарт болуп калышына өзбектер күнөөлүүбү?
Ооба, айланайын кыргыздарым, мунун баарына өзүбүз, кыргыздар күнөөлүүбүз.
Жөн эле кыргыздар эмес - жер айдап, мал баккан дыйкан, малчы эмес, балдарга сабак берип, дарылаган мугалим, врач эмес, кийим тигип, станокто иштеген жумушчу эмес - эл башкарып, жер бийлеген, теги жок, ар-намысты билбеген, ала көөдөн, эки жүздүү, суу жүрөк, сатынды кыргыз жетекчилеринин түздөн-түз күнөөсү. Анткени манкурт жетекчи улуттук ар-намыс, улуттук кызыкчылык деген эмне экенин билбейт. "Манкурт" деген - бул "курсагы тойгон жердин кулу" деген сөз.
Чындыгында эле, өзүн өзү адам катары сезбеген, өзүн өзү инсан катары сыйлабаган адамды ким сыйлайт?
Ооба, эч ким. Анткени анын ээлеген орду, тандап алган "даражасы" ошол.
1961 жылга чейин Советтер Союзунун улуттук саясатынын негизинде эл катары дүркүрөп өсүп-өнүп, кылым карыткан кыргыздардын карт тарыхын кайра жаратып, кыргыз элинин кадыр-баркын, кереметтүү дөөлөтүн бийик көтөрүп, совет элине кеңири белгилүү болуп келатканыбызда, билбейм, эмнеден кырсык болуп кетти, интернационализм ( Советтер Союзунун Коммунистик партиясынын идеологиясы боюнча: орус тилинин негизинде эл аралык биримдик жана кызматташтык) деген кесепетке кабылып, убагында Кыргыз каганаты кытай-калмактардын биргелешкен соккусунан кансырап, дүйнөнүн төрт тарабына чилче тарагандай эле тарадык окшойт.
Ошол улуттук чыккынчылык саясаттын негизинде 1990-жылы 4-июнда ордолуу Ош шаарында өз жеринде жери жок кор болгон кыргыз жаштары менен байлыгына манчыркаган өзбектердин ортосунда алгачкы кандуу кагылыш болуп өттү.
Ошол убактагы "Комсомольская правда" газетасынын өз кабарчысы К.Баялиновдун "Ош 1990 - Кто они, "крестные отцы" погромов, потрясших Ферганскую долину?" ("КП" от 22.09.1990) деген макаласында: "Сиздин оюңузча Ош шаарынын эң таасирдүү адамы ким?" деген суроомо көпчүлүгу "князь" деп жооп беришти. Эми мен анын аты-жөнүн, кызматын, улутун жана жашын айтпай эле койойун, анткени эл билгенди сот өзү тактап алат деп ойлойм. Анткени Фергана өрөөнүндө, анын ичинде Ош шаарында, илгертеден бери эле байлык (өзбек соодагерлери) менен бийликтин(кыргыз партократтарынын) ортосунда таймашуу болуп келген. Акыркы убакта, январь айынан бери, Ош аймагында сепаратистик жана экстремистик күчтөрдүн коркунучтуу кыймылдары тууралуу Ош обкомуна УККдан 9 жолу кабар келген. Эң кызыгы, 5 айдын ичинде экстремистерге жана сепаратистерге каршы жергиликтүү райком же обкомдун жетекчилери тарабынан, ошондой эле тартипти сактоо жана күч органдары тарабынан да бир да жолу алдын ала изилдөө же жазалоо чаралары көрүлгөн эмес.
Андан да кызыгы, обкомдун 1-секретары Усен Сыдыков УККдан келген экстремистик жана сепаратистик күчтөрдүн ачык эле аракеттери жөнүндөгү кабарларды: "Бул эч кимге кереги жок шпаргалкаларды эмне алып жүрөсүңөр?" деп кайра А. Мамеевдин абийирин кетирген.
Дагы бир кызыктуу факт: премьер-министр А. Жумагулов жетектеген өкмөттүн атайын комиссиясы: "Ош трагедиясынын болушуна обкомдун 1-катчысы У.Сыдыков жана 2-катчысы Н.Давыдов күнөөлүү" деген чечимге карабастан партиянын пленумунда алар республикалык партиянын Борбордук Комитети тарабынан коргоого алынып, 4- 5-июнда кыргыз-өзбек мафиясы тарабынан атайын уюштурулган улут аралык кагылышта каза болгон кыргыз-өзбек уул-кыздарынын жакындары гана эмес бүтүн Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин арасында нааразычылык туудуруп, элдин кыжырын келтирген".
Ошол ыза, ошол ич күйдүлүк эки элдин ортосундагы айыкпас жара болуп кала берген.
Убагында түп тамыры менен жулунбаган чыйкан, эми мына, 20 жылдан кийин кайра ырбап, кыргыз элинин тарыхындагы эң оор учурда жарылып, канча адамдын убалына калды?
Убагында Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы "Москва эмне дейт?" деп коркпой-үркпөй, кыргыз өкмөтүнүн атайын комиссиясы чыгарган чечимдин негизинде бийлик-байлык даражасына, улутуна карабай мыйзам ченемдүү калыс чара көрүп, күнөөлүүлөрдү жазалап, өзүнөн баштап коомду тазалаганда "Ош-Жалал-Абад-2010" трагедиясы болот беле? Албетте, болмок эмес.
Карыбай
ТУРУСБЕКОВ
(Уландысы
кийинки
санда)