КР Биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабановдун саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Топчубек Тургуналиев, саясатчы:
- Ө.Бабанов ушунчалык куу, амалкөй адам экен. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери А. Акаев менен дагы, К.Бакиев менен дагы жакшы эле достошту. Эми Р. Отунбаева, А. Атамбаевдерди колтуктап, алардын камчысын чаап атат. Албетте, ченеми жок өз байлыгын коргоп калыш үчүн. Парламенттик шайлоодо дагы акчанын күчүнө салып, кыска аралыкта түзө койгон партиясы менен парламенттен орун алып калды. Саясий серепчилердин айтымында, шайлоодо короткон партиялардын суммаларын кошкондо Ө.Бабановдун эсеби кыйла көбүрөөк болуп чыга келет экен. Маселен бир гана жарнактарга 45 миллион доллар короткон имиш. Ө.Бабановду өз күчү менен байыган деп жүрүшөт. Кыргызстанда өз күчү менен байыган эки-үч гана адам бар. Ал эми Ө.Бабанов болсо алардын катарына кирбейт. Бул бала өз күнөөсүн мойнуна албай, каратып туруп калп айтканды жакшы өздөштүрүп алгандыгын көп жерден байкап жүрөбүз. Эгерде мен айткан тазалануу же болбосо люстрацияны кабыл алып койгонубузда, парламенттик шайлоодо азыркы "шүмшүк-шумпайлар" бийликке келмек эмес. Ошо кезде Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кылчактап туруп алды. Болбосо, тазалануу законун тез арада киргизип коюш керек болчу. Азыр эми айыл өкмөттөн баштап, Президенттик аппаратка чейин баягы эле Акаев, Бакиев куйруктары отурат.


Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер:
- Учурдагы саясий тар чөйрөдөн Өмүрбек Бабановдон ашкан мыкты саясатчыны көрө элекмин. Бул баланын өң десе өңү, бой десе бою, акыл десе акылы бар жигит. Өмүрбек менен жеке тааныштыгым жок. Бирок, саясатта бир топ жыл эмгектенип, көптү билип, көптү көргөн киши катары, бул баланын келечегинен көптү үмүттөнөм. Легендарлуу парламентте Өмүрбектин атасы менен чогуу иштегенбиз. Көрө албагандар бир Максим менен жабыштырып, бир Айдар менен жабыштырып жүрүшөт. Акаев, Бакиев убагында баары эле ошолорду тегеректеп жүрүшчү эмеспеле. Же эмне азыркы бийлик төрүндө отургандардын арасынан бир дагы бакиевчил, акаевчил кадрлар жокко эсеби? Эгерде вице - премьерликтен алып сала турган болсо, кийинки шайлоолордо кайрадан эле бийликтин жоон жерине келет. Себеби, келечекти көрө билген мындай кеменгер жигит эч убакта жашоосундагы күрөштөрдөн уттурбайт. Саясатка аралашкандан бери сүйлөгөндү, саясий технологияны абдан мыкты өздөштүрүп алды. "Республика" партиясына мүчө болгон депутаттын баары бизнесмен, илимдүү-билимдүү балдар. Кудай буюрса Кыргызстанды алдыга сүйрөп кетүүчүлөрдин бири болушат.

(Уландысы 4-бетте)





Ташизм
"Алар кайрадан кайрылып келишти" дешип Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаттык курамын көргөн адамдар ичтеринен оор күрсүнүп алышса, "Бакиевдин кайтып келиши мүмкүн, анын иши уланып жатат" деп камтама болушат калгандары... Ал эми алар чын эле кайтып келишип, жеңиштүү марш тээп жатышат. Кечээ эле качкын президенттин тегерегинде жүргөндөр, качкын "ханзаданын" жогорку жактагы орду үчүн күрөшкөндөр менен "Ак Жол" партиясынын мүчөлөрү бүгүн кайрадан Кыргызстандын элине кантип жашоо керектигин үйрөтүп, акыл айта башташты. Эң өкүнүчтүүсү бул саясий камарилья - өзүнүн партиясын эл үчүн ыйык түшүнүк - "Ата-Журт" деп атап алгандыгында болуп жатат. Бирок, мамлекеттик менчикти талап - тоногондорго, улуттук мүлктү чачып жок кылгандарга өз кызыкчылыгы үчүн бийликте Бакиевдин династиясын кармап турууну көздөгөндөргө шайлоодо добуш бергендер үчүн ыйык эч нерсе калбагандай сезилет. Бакиев саясатчылардын ушул катмары үчүн керек болчу, ал алардын кызыкчылыгын көздөп турган. Качан алар жалгыз калганда алардын патрондору бири-биринен өтүп, жаман атты болуп качышып, азап чеккен жана күйүт тарткан өңдөнүп, жетекчисин сата башташты.
Чогулткан, элден тоноп алган байлыктарды "улутташтыруу" маселеси, жагымсыз иштеринин бети ачылуу коркунучу аларды бийликке жулунуусуна мажбур кылды, себеби алар үчүн эңсеген депутаттык мандат өтө зарыл болчу. Бул арам тер менен табылган байлыкты коргоо аракети гана болбостон, аны дагы көбөйтүүгө болгон далалат экени талашсыз. Өзгөчө бир кезде "Ак Жол" партиясын түзгөн Камчыбек Ташиев үчүн өзгөчө зарыл эле. Тагыраак айтканда, процесс тескери жүрүш жасап, эми "Ак Жол" бир катар мүчөлөрүнүн агымы менен Ташиевдик "Ата-Журт" партиясынын курамына кошулду.
Чынын айтуу керек, Камчыбек Ташиев абдан кызыктуу персонаж - ал саясий авантюризимдин, популизмдин жана коррупциялык кландык түзүлүштүн жетишкендигинин кошундусу.
Мындай адамдарга абдан жогорку адекваттуу мүнөздөмөнү россиялык илимпоздор беришкен. Алардын баасы боюнча коррупционер - бул терс таасирлердин социалдык негизги жыйындысына ээ болгон, ач көздүк менен алдым-жуттумдугу 80 %ды түзгөн, 16 % алга умтулуусу менен материалдык көйгөйлөрдү жеңил чечкен жана терс таасирлерге туруштук бере албаган адам. Ал эми 4 % адам баласынын алардагы сакталып калган сапаты деп саналат экен. К. Ташиев өңдүү саясатчылардын тиби - мимикрияга айланып бараткан конформизмдин жогорку деңгээлинен айырмаланып тураарын кошумчалап кетүүгө болот. Окурмандар үчүн бул саясатчынын автобиографиясынын айрым этаптары кызыктуу болоор:
(Уландысы 5-бетте)