Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Күн тартиби

Нуржамал Байболова:
"Жалаага жалакайланып чакаба, акыры ал өзү какайт"
Кечээ жакында парламентте "Мегаком" компаниясын териштирүүгө байланышкан маселе чыр- чатак менен аяктаганы белгилүү. Маселени териштирүү учурунда башкы прокурор Кубатбек Байболов жеке кызыкчылыгы аралашып кеткендигине байланыштуу деген себеп менен кызматынан четтетилип, жубайы Нуржамал Байболовага "Мегакомдун" иштерине тиешеси бар деген айып коюлууда. Бул маселени тергеп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Байболовдун жеке кызыкчылыгы болгон деп парламенттин трибунасынан айтып чыкты.
Бул маселенин тегерегинде Нуржамал Байболова буларды айтып берди.

- Нуржамал Сатаровна, өткөндө бир сайттарга интервью бербедиңизби, Кубат Калбекович экөөңүздөрдүн мамиле тууралуу да сурак болуп жатыптыр дегендей...
- Протоколдо андай суроо катталган эмес, демек андай суроо да берилген эмес деп азыр аны танып жатышпайбы. Протоколго жазбаса жазбай, аны тазалап көчүрүп коюшса болот да. Аны далилдеп берчү биздин күбөлөрүбүз да бар. Сопсонун эле сурашыптыр, тергөөчүнүн аты- жөнү- Исабек Солтоналиев экен.
- "Мегакомдун" тегерегинде чыр маселе чыгып кетти. Азыр элдин баары эле "Байболов деле өз кызыкчылыгын көздөйт турбайбы" деп жатышат, биздин биринчи жетекчилерибиз да ушундай мааниде тастыктап жатышат...
- "Күүнүн башы Камбаркан" дегендей, мурда айткандарымды дагы бир жолу башынан кайталоого туура келип жатат. "Мегакомдун" топ- менеджери Азамат Мурзалиев генпрокурордун аялы "Мегакомдон" 400 миң доллар алып чыгып кетти" деген сенсациялуу маалымат берип салды. Ошондон бери эле "үтүктү сайсаң деле, чайнекти сайсаң" деле Байболов менен Байболова тууралуу сөз болуп калды. Бул тагылган айып - карандай калп. Мунун артында саясий себептер жаткандыгы түшүнүктүү эле болбодубу. Байболов Ак үйдөгү көп баштуу ажыдаардын куйругун басыптыр да.
Дагы бир ирет тактыкты киргизип коеюн: өзүмө тиешелүү мүлкүмдү "Сарамжалтранс" аттуу фирмага менеджерлер сатышыптыр. Азыркы заманда мүлк сатуу оңой эмес. Бир топ айдан бери сатыкка коюлган мүлк болучу. "Сарамжалтранс" бул акчаны карыз алышып, үч күндөн кийин ал акчаны кайтарып беришкен экен. "Мегакомдон" менин фирмама бир да доллар акча түшкөн эмес. Ал эми 400 миң доллар деген мүлктүн баасы тууралуу айтсам, көз карандысыз риэлтордук эки компания, анын баасын 600 миң доллар деп баалаган. Баалар түшүп кеткендиктен, менеджерлер анын баштапкы баасынан түшүрүүгө туура келип жатат дешкенинен, ошол баага токтолгонбуз. Мен ал убакта Америкада болчумун.
Адвокаттар азыр доо арызды сотко даярдап жатышат. Азамат Мурзалиевге ошол 400 миң долларлык доо коюп атам. Эгер жеңип ала турган болсом, ал акчанын баарын кем-карчы бар адамдарга таратып берем.
- Премьер- министр Атамбаев да, президентибиз Отунбаева да бул ишке Кубат Калбековичтин жеке кызыкчылыгы бар экендигин белгилеп жатышат..
- Бул маселеде кимдин канчалык кызыкчылыгы бар экенин жакында угаарсыңар.
- Сиздерди мурда бизнесин коргоп, чет өлкөгө чыга качышты деп да айтып келишпеди беле? Эми дагы бизнесиңиздерди жыйыштырып, кетип калбайсыздарбы деген суроо туулууда?
- Бизнесибизди коргомок тургай, үй-жайыбызды да талаага таштап, эмне болсо, ошо болсун деп чыгып кетпедик беле? Бизнести коргосок, Бабановго окшоп Максимдин жанына барып, бизнес кылып, Бакиевдин кызматын кылбайт белек. Үй-бүлөбүз менен эл-жерди таштап, куугунтукталып жүрбөгөндө, биз эмне, жыргап текей терип жүрдүк беле? Жаңы турмушту алып келүүгө биздин да билегибиз тийбеди беле же андай эмеспи? Бакиев режими бир эле күндө кулап калган жок да, Бакиев менен биз төрт жыл күрөшкөнбүз. Мен болсо, катардагы депутат эле эмес, шаардык Кеңештин төрайымы болуп, Конституцияга каршы келген митинг жоболорун жокко чыгарганыбызды, ноябрь митингинде турганыбызды унуткандардын эсине дагы бир ирет сала кетейин. Маски-шоу кылып, бизди аңтарып- теңтерип, оңду-солду солоп жатышканда ким көмөккө келип койду эле? Бизде деле таарынычтар бар. Ушул эле Атамбаев аянтка чыгып алып, оппозициянын дарегине "козелдер, барандар" деп эмнелерди гана айтпады эле?
Активдеримди мен эки жылдан бери эле сатып-сата албай келатам. Кыргызстанда мындан ары бизнес жасайын деген оюм болбой калды. Бизнес жасайм десең, саясатты такыр эле жыйыштырып коюш керек экен. Ким бийликке келсе эле, кызарган нерсени баса калышууда. Азыр Бакиевдин куйруктары бизге чабуул башташты. Баягыдай эле чалмакей чалып жүрө беребиз деген ойдо болуп жатышат. 2009-жылы беш балабызды коргоп, эч ким менен билек түрүп кармашпай, жөн гана чет өлкөгө кетип калган элек. Эми андай болбойт. Азыр балдарыбызды алыс алып кеттик. Эми ким ууру, кимдин куйругу ким экенин далилдеп берүү керек. Көп кишилер ар кайсы жактан келип маалымат берип жатышат.
- Азыр кимдерге ишенесиз?
- Кудайга, Кубат Калбековичке, балдарыма, тууган- уруктарыма, элге. Карапайым, бирок зээндүү калкыбыз бар. Албетте, арасында адашкандары да бар деңизчи. Акыры адилеттүүлүк жеңерине ишенем.
Тацит аттуу грек тарыхчысы *Жалаага жалакайланып чакаба, акыры жалаа кылган киши өзү какайт" деп айткан экен. Апам "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деп көп айтчу эле. Элдин колдоосун сезип- туюп атам. Бабанов жана анын командасы терең жаңылууда.
Кечээ жакында Кубат Калбекович эки жолу улуттук радиодон түз эфирге чыкты. Анда телефон чалгандардын дээрлик 100 пайызы колдоп жатканын билдиришиптир.
- Талаш маселе боюнча президентибиз Роза Отунбаевага кайрыласызбы?
- Эмнеге кайрылам? Эч убакта президенттерге кайрылып көргөн эмесмин. Кайрылбайм дагы. Бакиев кеткени менен аны иш стили ошол боюнча эле калды.
2007-жылы да жумуштан алып, кандай күнөөлөшсө, ошол система дагы эле алмашпагандай болуп атат. Адамдар, жетекчилер эле алмашып калгандай. Азыр болсо, мени өз оокатымды сатканым үчүн күнөөлөшүүдө. "Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат".
Бакиев учурунда ошол учур эң ылдыйкы точка экен деп жүргөм, көрсө андан да ылдыйкы точка бар экен. Сөз жүзүндө баары эле кооз сүйлөйт, иш жүзүнө келгенде башкача болуп чыга келүүдө.
Өткөндө "Жаңы Кыргызстан маданияты" гезитинин Салижан Жигитовго арналган номерин окуп калдым, Ошондо "Бактысыз экенин билбеген элден бактылуу эл жок" деген Салижан аганын сөзү бөтөнчө таасын экен.
-Азыр парламенттик системага өтүп жатканыбыз үчүн да кыйынчылык туулуп жаткан жокпу? Мисалы, Роза Отунбаева Байболовду жумуштан алуу менин компетенциямда, Бабановду жумуштан алуу менин компетенциямда эмес деп айтпадыбы...
- А Дүйшөбаев кимдин компетенциясында? Кеп- калыстыктын жоктугунда болуп жатпайбы. Партиялык системадан шек санабашыбыз керек. Айрымдар "бизге парламенттик система жарабайт экен, балээнин баары ошондон чыгууда" деп жатышпайбы. Сопсонун жарайт. Ал эми коалиция маселеси бул "болезнь роста" дегендей, өзгөчө этап болуп жатат. Тарыхый этап. Биз муну кыйгап өтө албайбыз.

Маектешкен
Айгүл Бакеева







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??