Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ө.Текбаевдин саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Санасаң санагы жок саясатчылар сапырылган самандай эле көбөйүштү. Курулай кыйкырык, курулай дымак менен күн көрүп, саясатты өздөрүнүн куралына айлантышып андан упай топтоону, элге жагынууну адат кылып алышкан учурлар да жок эмес. Кудай менен курдаш, Теңир менен теңдеш болуп, көөдөнүн көккө көтөргөндөрдү, биз, жердегилер биринин артынан бирин ушинтип "Саясий бейне" рубрикабызда сындай беребиз. Адилет болсунчу, анда, алардын бейнесине кыргызга белгилүү болуп калышкан, саясаттын казанында кайнап жаткан адамдар айтып бермекчи. Бүгүнкү "Саясий бейне" рубрикабыздын каарманы "Ата-Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болмокчу.


Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
- Ө.Текебаев кыргыз тарыхындагы саясатты талкалаган адамдардын эң биринчи катарында турат. Өзүн "абдан куумун, элдин баарын кынтыксыз ишендирип, жакшы эле алдап атам" деп ойлойт. Өзүнүн түзгөн Конституциясы өзүнүн башына муш болуп, өзүнүн саясий программаларына тузак болуп берди. Ал парламенттик шайлоодо "биринчиликти алып, спикерликти колума алам" деп ойлогон. Конституцияны дагы өзүнүн нугуна буруп алган. Баягы бир тамсилде түлкү куйругун тышка чыгарып, куйругунан айрылып калгандай абалга кептелди. Азыр болсо Улуттук каналды басып алып, өзүнүн саясатын жүргүзүп аткан кези. Конституцияны оңдогонго болбойт деп чарылдап жүрөт. Эгерде президенттик шайлоодо жеңишке жетишсе, бир жумадан кийин Конституцияны оңдоп жиберет.

Кусейин Исаев, саясат тануучу:
- Албетте Ө.Текебаев менен чай ичишип, жакындашып көрбөгөндөн кийин, анын кулк-мүнөзүн, адамдык сапатын сындай албайм. Ал эми саясатчы катары аны баарыбыз эле жакшы билебиз. Өзүнүн позициясынан кетпеген 21 - кылымдын мыкты саясатчылардын катарына кирет. "Ата-Мекен" социалдык партиясынын төрагасы болуп бир топ жылдан бери саясатта күрөш жүргүзүп келатат. "Ата-Мекен" партиясы социалдык деп аталганы менен программалык идеялары жана 7-апрелден кийинки түзгөн Конституциясы бир топ жеринен дал келбейт. Ө.Текебаев Батыштын либералдык багытына ыктап баратат. Социалдык, эркиндикте менталитети калыптанып калган кыргыз коомуна батыштын саясаты туура эмес болуп калат. Эгерде кыргыз элинин тарыхына, менталитетине, руханий байлыктарына маани бербестен, Батыштын саясатына ыктай берсе Ө.Текебаевдин беделине терс жактарын тийгизет.

Кубанычбек Исабеков, саясатчы:
- Ө.Текебаев өлкөдөгү салмагы оор саясатчылардын бири. Өмүрүнүн көп убактысын парламентте өткөрдү. Экөөбүз жакындан тааныш болобуз. Ал мени кайнага десе, мен аны күйөө бала деп коем. Негизи Ө.Текебаевдин бешенесинде оппозициялык орун ыйгарылган окшойт. Көп жылдан бери оппозицияда туруктуу болуп келип, 7-апрелде санаалаштары менен бирге жеңишке жетишкен эле, а бирок, ошол эле өзү менен чогуу жүргөн санаалаштарына кайрадан оппозиционер болуп чыга келди.

Кадыр Маликов,
- Акыркы убакта саясий күрөштөр курч өңүттө өнүгүп кетти. Саясатчылардын бири-бирине болгон күрөшүү аракеттери ар түрлүү жана эки жүздүү жолдор менен колдонулуп келатат. Биздин саясий чөйрөдө нак элита, таза интелигенттер жокко эсе. Ал эми Ө.Текебаев жөнүндө айта турган болсом, ал кишини мен жакындан тааныйм. Азыр саясатчынын баары биринин үстүнө бири жугунду куюу менен алек болуп калышты. Кимисиники туура, кимисиники туура эмес экендигин даана айрып билалбайсың. А бирок, Ө.Текебаев башка саясатчылардан айырмаланып позициясына бекем турган реформатор катары саясий салмагы бар.

Качкын Булатов, саясат тануучу:
- Чын - чынына келгенде Ө.Текебаев өлкөбүзгө парламенттик системанын орношуна салымы зор. Бирок, тилекке каршы парламенттик система өз деңгээлиндей иштей албай келатат. Парламенттеги депутаттардын санын 120 кылып, өзү болсо спикерликти көздөп, Ак үйгө барып, отурушун каалаган. Бул жерде өз кызыкчылыгын көздөп Ө.Текебаев өзүнө чоң минус кылып алды. Акаевдин, Бакиевдин убагында кадыр - баркы күн сайын өсүп келаткан Ө.Текебаев, акыркы парламенттик шайлоодо чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Ошол шайлоодо акчасы бар байларды "Ата-Мекен" партиясы өз мүчөлүгүнө кошуп, көптөн бери партияда эмгектенип келгендерди акыркы орундарга чыгарып салгандыгы менен да Ө.Текебаев калдайган кадырынан алсырай түштү. Балык башынан сасып турса, коррупция менен, анан кылмыш дүйнөсү менен кантип күрөшүшөт.

Даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??