Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Элдик жеңиштин элеси!
Алтынбек СЕЙИТКАЗИЕВ:
"Жанымдагы баланын чачыраган мээси бутума жабышып калган…"
- Алтынбек мырза, сиз 7-апрель күнү көзгө атарлардан коркпой, Ак үйдүн маңдайына барганыңызды элдин баары маалымат булактарынан көрүп, билишет. Ошо күнкү окуядан кеп салсаңыз?
- Каргашалуу 7-апрель күнү жумуштан жаңы эле чыгып, үйгө кетип бараттым эле. Так ошол маалда мен үчүн күтүүсүз окуя болуп кетти. Митингге чыккан эл Алматы көчөсү менен ылдый Чүй көчөсүн көздөй агылып баратышыптыр. К.Бакиевдин кордугуна чыдабай калган элдин катарына мен дагы кошулуп алдым. Өзүңөр билгендей К.Бакиев колуна курал кармап, президенттик тактыны коргоп калууну көздөдү. Бир топ бейкүнөө жаш балдар "көзгө атарлардын" огунан ажал таап, биринин артынан бири сулай баштады. Атылып аткан октон жалтанбай, ажалга тике карап, Ак үйдү көздөй агылып бараткан элди көрүп, кыргыздын жашоосу чындап эле кыйындап кеткендигин билдим. Кыргыздын кырчындай жаш балдары бөөдө кырылып жатканда, кандайдыр бир жалындуу намыс көкүрөгүмдө ойгонду да, өз башыман элибизди биринчи орунга коюп, Ак-үйдүн ачылып калган тосмо торунан ары өтүп бараттым. Ак үйдүн үстүндө жашынып жатышкан "көзгө атар" мергендердин бир чыгып, бир кирип аткан баштарын көрсөм да, менде коркуу сезим болгон жок. Үстүмдөгү кийимдерди чечип, эки колумду жайдым да, төшүмдү көзгө атарлардын дүрбүсүнө такап бердим. Көзгө атарлардын бири мени көздөй атканын сездим. Бирок, негедир алардан атылган ок мага тийбей, жанымдагы баланын башын жарып өттү. Анын чачыраган мээси менин бир бутума жабышып калды. Адамдын өлүмүн, адамдын канын көргөн сайын коркуу сезимиң да өзүнөн өзү жоголот экен. Жанымдагынын мээсин көргөндөн кийин да, көзгө атар мергенчилерди карап, "канкорлор, мени аткыла!" деп кыйкырып, алдыны көздөй кадам таштай баштадым. Так ошол маалда бир аксакал жаныма келип, чечип салган кийимдеримди чогултту да, мени ал жерден алып кетти. Ошондо гана үй-бүлөмдү, бир-туугандарымды эсиме алып, өз акылыма келе түштүм окшойт. Кийимдеримди кийип, Киев көчөсүнөн бир таксиге отуруп, үйдү көздөй кетип калдым. Мен Ак үйдүн алдында жүргөнүмдө сыналгыдан көрүп отурушкан туугандарым мага телефон чалып, "сен эмне жинди болдуңбу, ал жерден кет!" деп айтып жатышкан. Көрсө дырдайып чечинип алып Ак үйдүн ачылып калган тосмо темиринен ары өтүп барганымды, ал тургай жанымдагы адамга ок тийип кулаганына чейин көрүшүптүр.
- Өкмөт тараптан 7-апрель баатырларына материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү эле. Сиз да өкмөттүн жардамдарын алдыңызбы?
- Мен өзүм кээ бир адамдарга окшоп, жанталашып барган жокмун. Алар дагы мага эч кандай жардам кылышкан жок. Бирок, мен жөнүндө ар кандай маалымат булактарынан окуп, көрүп таанышып жүрүшкөндөрү белгилүү. Бир жолу Президент Р.Отунбаевага кирдим. Ал киши "беш партиянын бирөөсүнө мүчө болуп кир" деди. Бишкек шаарыбыздын мэри И.Өмүркулов болсо "СДПК" партиясына мүчө болуп кир, мен жардам берем" деди. Ошол бойдон "мүчөлүккө алдык" -деп келишкен да жок, мен да аларга кайрылган жокмун. Апрель айынын баш жактарында телефон чалсам, мэриядагы кызматкерлер "Сен кечигип калдың, биз болгон жардамыбызды кылдык"-деп коюшту. 6-апрелде эртең менен өздөрү телефон чалышып "келип кет" дешкенинен барсам, "документтериң толук эмес, мунуң жок, тигиниң жок" -деп коюшту. "Анда мейли, мен бүгүн гезиттерге, сыналгыга интервью берем"-деп чыгып кетсем, артыман кайра телефон чалышты, "бүгүн бүтүрүп беребиз" -деп.
- Элдин арты менен бийликке келген азыркы чиновниктердин сизге окшогон баатырларга көңүл бурушпагандары эмнеден кабар берет?
- Чын-чынында бүгүнкү бийлик өз деңгээлинде жакшы иштей албай жатат. Мен көпчүлүк курман болгон балдардын ата-энелериндей болуп, аянтта күнүгө митинг-пикет кылган жокмун. "Муну бер, тигини бер" - деп талап кылган жокмун. Жөн гана беймарал, эч нерсе билбеген кишидей болуп көңүл бурбай койгондору жан кейитип атпайбы. Же сөзсүз эле "өлүш" керек беле? Калыстык деген болуш керек да. Ал революцияга таптакыр тиешеси жок, башка бир жерден эле жаракат алгандар 7-апрелдеги окуядан запкы жеди деп, өкмөттөн жардам алып жүрүшөт. Ош окуясы боюнча деле үйү өрттөнбөгөн өзбектер "үйүм өрттөнүп кетти" -деп мамлекеттен үй алып жатышат.
- Сиз жөнүндө эл арасында түркүн-түрлүү ушактар тарап кеткен. Сизди ошол түнү үйүнөн атып кетишиптир деп да укканбыз.
- Мен жөнүндө эл ичинде кызуу талкуулар болду. Айтор, бири кечинде үйүнө барганда үй-бүлөсү менен кырып кетиптир десе, экинчиси көзгө атарлардын огунан жалтанбай төшүн тосуп бергендиги үчүн, ага миллиондорду карматып, Бишкектин чок ортосунан батир беришиптир деп ушак кылып жиберишиптир. Баарынан да кызыгы, мени баткендик, ноокаттык, таластык кылып жиберишиптир. Бир жолу маршрутканын ичинде баратсам, бир эки киши сүйлөшүп баратат: "Ой жанагыл кийимин чечип салып, Ак үйдүн алдына жалгыз барган адам нашаа чегип алыптыр" деп. "Кээси мени мээсинен айныган жинди, соо киши кантип ошентсин" - деп да айтып жүрүшкөндөрүн туугандарым угуп алып, айтып келген учурлары көп болду. Же чын эле мен нашаа чегип барсамчы. Нашаа чеккенди кой арак ичкен эмесмин. Жогоруда айткандай адамдын канын көргөндө өзүңдү жоготуп, эч нерсени ойлонбой калат экенсиң.
Элдияр ЭЛЧИБЕК




  Тараза ташында

Катардагы чек арачынын кызматы кимге керек болууда?
Ак жерден күйүп, укук коргоо органдарынын жосунсуз жоруктарынан түңүлгөн Миназар Оморов жана Расул Исаковдун кайрылбаган жери, түртпөгөн эшиги калбады. Акыры чындыкты коомчулукка ачык чыгарууну көздөшүп, биздин редакциябызга кайрылышты.

Ага лейтенанттар М.Оморов жана Р.Исаков КРнын чек ара кызматынын 2011-аскер бөлүгүнө караштуу "Кызыл-Кыя" көзөмөл чек ара бөлүмүндө кезмет зардалы болуп турушуп, 2009-жылдын 18-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында "Кызыл-Кыя" авто жол чек ара бөлүмүнүн жанында жайгашкан Чайканага болжол менен саат:18:00 чамасында прапорщик Н.Самидинов менен бирдикте кечки тамактанууга киришкен. Ошол жерден Самидинов жаран Х.Мирзаев менен чатакташа кетишет. Аларга жарандар М.Исраилов, М.Курбанов, ЮТурсуналиев аралашкан. Натыйжада Х.Мирзаев, М.Исраиловдун ден соолугуна залал келгендиги аныкталып, бул факты боюнча 2009-жылы 11-майда ага лейтенант М.Оморовко карата кылмыш иши козголуп, ошол эле жылдын 6-июнунда ага карата КРнын КЖКнын 234-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпкер катарында жоопко тартылган. Баткен гарнизонунун аскер сотунун 2009-жылдын 1-июлундагы соттук отурумунда жабырлануучу М.Мирзаев айыпталуучу М.Оморовдун урбагандыгын көрсөтүп, саргыч түстөгү футболка кийген бала ургандыгын көрсөткөн. Кошумча тергөөдө саргыч футболка кийген бала Тюреканов Алтайбек Кубатбекович экендиги аныкталып, ага карата кылмыш иши козголуп издөө жарыяланган. Ош гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы юстициянын ага лейтенанты Апит уулу КРнын ЖПКнын 225-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып 2011-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ага лейтенант Оморов Миназар Кайыпбековичти жана Исаков Расул Айтбековичти кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн толук далилдер жетишпегендигине байланыштуу аларга карата кылмыш иши кыскартылсын деген токтомун чыгарган. 2010-жылдын 18-октябрында Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан каралып, Оморов Миназар Каипбековичти кызмат ордун калыбына келтирүү чечимин чыгарган.
Миназар Оморов өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеш үчүн тергөөчүлөрдүн сураган акчаларын да колдоруна карматкан экен. Ал эми прокурорлор улам акча өндүрүүнүн амалын издешип, ишти татаалдантып, созууга аракет жасашкан. Кылмыш ишин туура эмес нукта жүргүзгөн тергөөчүлөргө соттун тиешелүү чаралар колдонулбастан, кызматтарынан көтөрүлүп, ишмердүүлүгүн улантып жаткандары таң калдырбай койбойт. Мына ушундай мыйзам бузуулардын кесепетинен укук коргоо органдарына болгон элдин ишеними жок болуп калган.
Учурда соттун чечими аткарылбастан, Оморов кызмат ордун кайра ала албай убара тартып жүргөн чагы. Аскердик окуу жайын Москва шаарынан бүтүп, өз ишин мыкты өздөштүргөн чек арачынын абалы учурда оор болууда. Мындан улам жөнөкөй катардагы чек арачынын кызматы кимге керек болду экен деген суроо туулат? Чек ара кызматы Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлгөн. Демек, Оморовдун тагдыры УКК тарабынан чечилиши керек.
Назгүл МАМЫТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??