Тил мыйзамы сакталышы керек!
Коомдук телеканалыбыздын маалымат борборунда "Кыргыздын чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев менен "Жаш саясатчылар мектеби" уюмунун өкүлү Элдар Аттокуров мырзалар "Тил - маданияттын булагы" аталышындагы пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Президентинен, Жогорку Кеңештин спикеринен, Премьер-министрден, Жогорку соттун төрагасынан Мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышын талап кылышты.
Тил мыйзамынын 8,9,10,11-беренелериндеги мыйзамдык милдеттер аткарылбай келген жана аткарылбай жатат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку соттун төрагасы мамлекеттик тилде жазып, окуп жана жыйындарда мамлекеттик тилде өз оюн ачык билдирүү милдети коюлган.
Мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу жан тарткандардын бардыгы эле, акыры айланып "улутчул" деген атка конушат. Тескерисинче, Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттар кыргыз тилин эң жакшы билсе, ал өлкөдө кыргыздардан да бийик даражада туруп сый-урматка ээ болот жана мамлекеттик чоң даражадагы кызматтарга барууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн баса белгилешти.
Ар бир мамлекеттик чоң кызматкерлер жана республиканын аймактарындагы башкаруу системасында иштеп жаткан кызматкерлер мамлекеттик тилде иш алып бара алышпаса, мамлекеттик тил мыйзамынын 8,9,10,11-беренелерине ылайык иштеген кызматтарынан четтетүү маселесине токтолушту.
Мамлекеттик тил мыйзамын беренелерине ылайык бардык мамлекеттик кызматкерлер Мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшүн Кыргыз Республикасынын Президентинен, Жогорку Кеңештин төрагасынан, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен, Жогорку соттун төрагасынан талап кылышты.

Элдияр ЭЛЧИБЕК




  Учур маек

Баткен облусунун губернатору Авазбек БУРХАНОВ:
"Кысым көрө берген эл тажап, үйлөрүн сатып кетишкен"
- Баткен областындагы эң негизги көйгөйлүү маселелер кайсылар болуп жатат?
- Учурда жазгы талаа жумуштары жүрүп жатат. Буюрса жакында бардыгы толук бүтөт. Андан сырткары, жаздын келиши менен түштүктө чек ара маселеси козголот. Жер боюнча ызы-чуулар башталат. Өзбек, тажик тарап биздин жерлерди мыйзамсыз ээлеп, акырындап жылып кыргыздын жерлерин ээлегенге аракет кылышат. Мына ушул маселенин үстүндө иш жүргүзүп, чек араны бекемдеп жатабыз. Тамак-аш, азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. Контрабанда көбөйдү.
- Чек ара маселеси деп жатасыз. Бул областтык деңгээлде чечилип калчу ишпи?
- Мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Жакында эле Президентибиз Роза Исаковна келип кетти. Чек ара боюнча кандай көйгөйлөр болуп жатканын өз көзү менен көрдү. Коргоо кеңеши тарабынан айтылган тапшырмалар бар. Ошонун негизинде иш жүргүзүп келетабыз. Сөзсүз түрдө мамлекет колдоо көрсөтүшү зарыл. Ал эми биз жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болгондуктан мамлекеттин койгон талаптарын аткарып жатабыз.
- Биз Баткенге келип баткендиктер менен баарлашканыбызда Сиз тууралуу нааразычылыктарын билдиришти. Алардын айтымында, Сиз Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганыңызда Баткендин элине "Бүргөндүдөн газ тартып келем"-деп сөз бериптирсиз. Ошол элге берген убадаңыз аткарылбай калыптыр. Мунун себеби эмнеде? Ошондой эле бул ишти кайрадан колго аласызбы?
- Буюрса бул ишти кайрадан колго алам. Убагында Баткен нефти-газ акционердик коому бар болчу. Ошонун жана Кыргыз-газ акционердик коомунун жардамы менен аракет кылып, газды алып келдирип, областтын борбору болгон Баткен шаарын газдаштырабыз деген планыбыз бар болчу. Проектисин жаздыртканбыз. Тилекке каршы, ошол учурдагы бийлик тараптан Баткен нефти-газ акционердик коому Кытайга тартылып кетти. Ошол себептүү проект ишке ашпай калды. Бирок, бул проектти ишке ашырса болот. Мамлекет үчүн көп деле каражат сарпталбайт. 8 млн доллар кетет. Биз азыр инвесторлорду тартканга аракет кылып жатабыз. Ал эми "Кыргыз-газдын" бүгүнкү күндө алы жетпейт.
- Баткенде Миң-Өрүк айылына тажиктер көп кирип кеткен дешет. Буга эмне түрткү болууда?
- Бир эле Миң-Өрүк айылында эмес. Лейлек районунда да бар. Көк-Таш, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө да бар. Негизгиси Тажикстан менен чектешкен айылдарда мындай фактылар көп. Ошол себептүү биз кыргыз өкмөтүнөн, парламенттен димертацияны батырак бүтүрсө, чек-араны аныктасак деп сурап жатабыз. Эки мамлекеттин ортосунда талаш жерлер бар. Көбүнчө тажиктики деп эле кирип келе беришкен. Муну калыбына келтиргенге аракет кылабыз.
- Таш-Тумшук айылында миграция абдан күч алып кеткен экен. Миграцияны токтотуу боюнча иш-аракеттер болуп жатабы?
- Таш-Тумшук айылы өзү кичинекей эле айыл. Отуздан ашык үй тажик жарандарына сатылып кеткен. Учурда мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилип, ошол мыйзамсыз сатылып кеткен үйлөр кайрадан өзүбүзгө сатылып алынып, кыргыздын жарандарына, мамлекетке кайтарылып жатат. Негизги себеби бул айылдын бир көчөсүнүн бир жак бети Кыргызстан болсо, бир жак бети Тажикстан болуп саналат. Бул жерлерде шарт абдан оор. Элдин жашоо-турмушу да кыйын. Күндө кысым көрө бергенден эл тажап, үйлөрүн сатып кетүүгө мажбур болушкан.
- Лейлек районуна караштуу Максат айыл өкмөтүндө Тажикстан менен Кыргызстан чектешкен Жаңы-Жер айылында көпүрө салуу маселеси боюнча биздин редакциябызга элден кайрылуу келип түшкөн. Эгер бул көпүрө курулса элге бир топ жеңилдик болот экен. Бул максат ишке ашып жатабы?
- Жакында эле мен Максат айылында болуп келдим. Биздин элибиз көпчүлүк учурда бир айылдан экинчи айылга өткөндө Тажик Республикасынын аймактарын басып өтүшөт. Ошол себептүү жанагы көпүрө куруш керек деген элдин талабы болгондуктан биз ашар ыкмасы менен ушул жолду баштадык. Транспорт министрлигинин стат-секретары Кубанычбек Мамаев келип, ошол жерде болуп, "көпүрөнү курабыз" -деп элге сөзүн берди.
- Негизи эле Баткенде жол маселеси абдан кыйын экен. Жолдорду реконструкциялоо жүрүп жатабы?
- Быйылкы жылы жүз чакырымга жакын жолго асфальт төшөлүп, "объезд" жолдор Кудай буюрса октябрь айларында бүтөт деп турабыз. Эл аралык донорлор берген акчалар боюнча тендерлер өтүп, Кытай компаниясы утуп алган жерлер бар. Андан сырткары, Баткендин ичинде эле бир айылдан бир айылга өтүш үчүн тажиктердин айылын аралап өткөн жерлер да бар. Ошол себептүү биз азыр Кыргызстандын ичинде гана жүрүүчү жолдордун проектисин түзүп жатабыз. Өкмөт тарабынан да, парламент тарабынан да колдоо болуп жатат.
- Негизи эле таза суу менен Баткен эли толук камсыз болгонбу?
- Таза суу проектилери көп айылдарда ишке ашкан. Тилекке каршы, көпчүлүк айылдарда таза суу проектисин ишке ашыруу боюнча тендерди утуп алган компаниялар жакшы, так жумушун аткарбагандыктан токтоп калган. Бирок биз таза суу проектиси боюнча бир топ иштерди баштадык. Мурдагы кемчиликтерди бүгүн толуктаганга аракет жасап жатабыз. Андан сырткары биздин областыбыздан бир нече айылдардан элдин салымы деп беш пайыз акчасы жыйналып банкта турат. Май айында Кудай буюрса тендерлер өтсө таза суу проектилери ишке ашып калат.
- Баткен мамлекеттик университетинин жанында Сиздин үч жылдыздуу мейманканаңыз курулуп жатыптыр. Ушул жерди сиз менчиктештирип алыпсыз. Кандайча бул жер сиздин карамагыңызга өтүп кеткен?
- Ал жерде аукцион болгон. Бир тууган иним ошол аукционго катышып утуп алган. Имаратты эки-үч жылдан бери куруп жатат. Басып алган эмес, мыйзамдын негизинде алган.
- Парламенттик шайлоо учурунда "Ата-Журт" партиясына иштепсиз. Негизи Сиз кайсы партиянын мүчөсүсүз?
- Мен бир да партияда жокмун. Бир да партиянын атынан чыгып, элди үгүттөгөн эмесмин. Парламенттик шайлоого мен таптакыр катышкан жокмун.
- Сиз губернатор болуп келээриңиз менен Баткен шаарынын мурдагы мэрин өзүңүз сунуштап, кызмат ордуна келүүсүнө жардам бериптирсиз. Эмне себептен?
- Менин оюмча Эрматовдо бүгүнкү күндө шаар элинде колдоо бар. Баткен шаар деген статусун алган учурда мыйзамдуу түрдө шайланган мэр болчу. Мурдагы губернатордун жеке өзүнүн демилгесинин негизинде "мен Эрматов менен иштеше албайм"-деп туруп жумуштан алдырган. Мен Эрматовдун кайра кызматка келүүсү туура болду деп ойлойм.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Баткен-Бишкек