Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Россиялыктардан "Мегакомду" конфискациялашууда
Россиялык Eventis Telecom Holdings тарабынан уюштурулган Megacom уюлдук оператору мамлекет тарабынан компенсация жана төлөмдөр берилбей эле конфискацияланмай болду. Андан да, жаңы компания үчүн бийлик инвесторлорду караштырууда. Ал россиялыктар да, же жакында эле Мегакомго өз укуктарын доолай баштаган Serpius да болушу мүмкүн.
Жогорку Кеңештин атайы комиссиясы республикадагы Megacom бренди алдында иштеп жаткан ири уюлдук оператордун айланасындагы чатак боюнча өз жыйынтыктарын чыгарды. Анын негизинде компаниянын 100 акциялары конфискациалануусу керек деп табылган. Учурда мамлекетке "Альфа Телеком" ЖАКтын 49% акциялары тийиштүү, башкы пакет болсо арест алдында, ага болсо россиялыктар негиздеген Eventis Telecom Holdins (ETH) кипрдик оффшор өз укуктарын далилдөө аракетинде.
Февраль айында болсо, бул чырды иликтеген башка парламенттик комиссия "Альфа телекомду" толук улутташтырып туруп, 51% акцияларын "ак ниеттүү инвесторго" өткөрүп берүү боюнча чечим чыгарган. Бюджет жана каржы боюнча комитеттин төрагасы түшүнүргөндөй, улутташтыруу учурунда мамлекет компаниянын ээлерине анын акысын жана колдон чыгарылган кирешесин төлөп берип калмак. Ал эми конфискация учурунда мамлекет өз капчыгынан эч кимге эч нерсе төлөп бербейт.
Мамлекет "Альфа Телекомдун" жалгыз ээси болуп калууну көздөбөйт. Комиссиянын ою боюнча, сот аркылуу "чыныгы ак ниеттүү мүлк ээсин же сатып алуучуну" аныкташ керек. Ал да өз кезегинде өз мүлкү үчүн бюджетке акча төлөшү керек болот. Ошентип, комиссиянын чечими боюнча, ал инвестор менен "бюджетке кошумча жана мыйзам аркылуу каралган төлөмдөрдү жасоо" жөнүндө инвестициялык макулдашуу түзүлмөкчү.
Ушу маалга чейин Мегакомдун акцияларынын башкы пакетине ЕТН компаниясы гана укуктарын доолап келген. Ал 2005-жылдан бери Мегакомду уюштурган "БиМоКом" компаниясынан 51% акцияларына ээ болуп келген. Бирок, Кыргызстандын Башпрокуратурасы аныктап чыккандай, 2008-2009- жылдары мурунку президент Курманбектин уулу Максим Бакиев россиялыктарды "БиМоКомдогу" акцияларынан ажыраткан. Компанияны жасалма банкротко учуратып туруп, бардык активдерин "Альфа Телекомго" чыгарып кеткен. Анын ээси болсо,Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп келген казакстандык ишкер Виталий Кучура.
Ошондой эле, праламенттик комиссия кичүү Бакиевдин "Альфа Телеком" боюнча өнөктөшү казакстандык Visor Holding тобу болгонун презентациясында көрсөттү. Буга чейин бул структура россиялык Altimo холингине "Бител" уюлдук операторун башкарып алууда жардам берген. Visor Holding президенти Майкл Сауэр CNews берген интервьюсунда анын компаниясы Мегаком менен эч кандай байланышы жок деп билдирген.
Кандай болбосун, Жапаровдун сөзү боюнча Мегакомго талабын коюп жаткан россиялыктар жалгыз эмес. Март айында укуктарбызы бар деп чыккан украиналык Serpius оффшору 2008-жылы "БиМоКомдун" 100% акцияларын сатып алганбыз (ал кезде ETH өз акцияларынан ажырап калган, бирок мүлкү Альфа Телекомго которула элек болчу) деп чыгышкан.
Жогорку Кеңештин иликтөө комиссиясынын колунда Serpius 195 миллион долларга компаниянын жүз пайыз акциясын сатып алып, Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 800 млн. сом киреше алып келгени тууралуу документтер бар.
Между тем, по мнению Акылбека Жапарова, вопрос о правах собственности на спорный актив, должен быть решен исключительно в судебном порядке.
Канткени менен, Акылбек Жапаров, талаш болуп жаткан активдин "ак ниеттүү" ээси ким экенин сот аркылуу гана тактап, чечиш керек деген ойду карманууда.

Cnews.ru материалдары боюнча.
Справка: Serpeus Inc. - эл аралык ири инвестициялык фонддун курамындагы компания.




АЗА КҮТҮҮ АЛА ТОО АЯНТЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
7-апрель элдик революциянын бир жылдыгы Ала Тоо аянтында жыйынтыкталды. Ак Үйдүн батыш тарабынан "Ак Шумкар", чыгыш тарабынан алгач "Ата Мекен", анын артынан СДП партияларынын кылкылдаган колдоочулары элдик жүрүш менен кирип келишти. Эски аянтта бул саясий партиялардын биргелешкен митинг-эскерүүсү өттү. Негедир "Ата-Журт", "Республика", "Ар Намыс" партиялары өткөн жылкы бул жеңишке тиешеси жоктой катышпагандыгы элди таң калтырды.
Курман болгондордун арбагына багышталып куран окулган соң мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын катышуусунда аза күтүү тажиясы болуп өттү. Иш чарага болжол менен 50 миңдей жаран катышты.


"Ата-Мекенге" "Бүтүн Кыргызстандын" добуштарын жазып коюшту беле?
Белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов "Параграф" газетасынын 31-марттагы санында жазып жатат. "Эл ишенимине ээ деген "Ата-Мекен" партиясын айталы. Парламенттик шайлоодо араң дегенде беш пайызга ээ болду. Ай каапырлар, ушу "Ата-Мекенди" деле өзүлөрү жөлөп-таяп өткөрүп койду болуш керек деген кептерге кээде макул боло кетесиң. Бакиевдин убагында болсо, Бакиевге каршы добушту "Ата-Мекенге" беришчү эле, ал эми Бакиев жокто эл тараза болгону көрүнүп калды, алдаса да, добушун бербей тазалыкты издеп калышты".
Мына ушундай. Элдин арасында "Ата-Мекен" өтпөй калып, ага "Бүтүн Кыргызстандын" добуштарын кошуп беришкен деген сөз да жүрүп жатат. Ушунун чындыгы да бар окшойт. Болбосо Булатовдой укук коргоочулар бетке айткан жагынан эч кимди алдыга салдырбайт. Билгени үчүн ушундай баа берип жатат. Бүтүнчүлөр ыйлагандай бар окшойт....


Текебаев "Ата-Журтту" коалицияны буздурууга түртүп жатат?
"Айат" газетасынын 24-марттагы санында "Кыргызстандагы Конституциялык реформа: түпкү себеби, маңызы жана тоскоолдуктар" деген наамда Өмүрбек Текебаевдин макаласы жарыяланып, анда мындай деген саптар бар "Уюшкан кылмыш топтору адегенде алар референдумду үзгүлтүккө учуратууга басым жасашты. Анан баары бир анын өтөрү анык болгон сон, парламенттик шайлоодо реваншисттик мүнөздөгү партияны колдоп, сүрүүгө алышты". Бул жерде Ата-Журт жөнүндө сөз болуп жатканы көрүнүп турат.
Анда эмне үчүн Текебаевдин күнү "Ата-Журтка" тушүп турат. Мындай жазып эле, газетага жарыяланып калса эч ким көрбөй калат деп ойлогон да. Алар газета окубайт деп, жазып койгондогусубу. Коалиция бузулса дегенде Феликс тандемдеши менен ак эткенден, так этип, кээ бир ата-журтчулардын этегине намаз окуп жаткандарын эч ким көрбөйт, укпайт деп ойлойбу?....
Андан ары жазып жатат: "Эски түзүм эч кандай каршылыксыз эле жок болуп, жаңыга орун бошотпойт. Анын бир далили - Ош менен Жалал-Абаддагы июнь трагедиясы". Кудайды карап жазбайбы. Ош окуяларынын башаты, Жалал-Абаддагы май окуяларына барып такалат. Май окуялары К.Батыровдун аракеттерине барып такалат. Баардык баленин баары Өмүрбек Текебаев жана анын иниси Асылбек бакиевчилерге каршы күрөштө экстремисттер башчысы Кадыржан Батыровго союздаш катары таянганында болуп жатпайбы. Эреркеген экстремисттер өз максаттарын аткарууга киришип кетишпедиби. Жин бөтөлкөдөн чыккандан кийин, өрт башталбады беле. Эч ким окубайт деп жаза берсе болот экен да.... Жалпы калк билбесе да, түштүк эли Жалал-Абаддагы жана Оштогу трагедияга ким от койгонун жакшы билет жана эч качан унутпайт!





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??