"Дүйнөдөгү тазалануу Кыргызстандан башталат"
("Ата-Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот ШЕРдин 4.04.2011-ж. Таласта сүйлөгөн сөзү)
Саламатсыздарбы, урматтуу таластыктар!
Мен жакында 53кө чыгам. Эч кимге карыз болуп көргөн адам эмесмин. Бирок мен силердин алдыңарда ат көтөргүс карызым бар, урматтуу таластыктар. Азыр айтып өттү-ооба, мен кайтыш болгон 91 жигиттин ата-энелеринин, тууган-туушкандарынын алдында карызым бар. Мен 7-апрелде жүздөгөн жарадар болгондордун алдында карызым бар.
Урматтуу таластыктар! Кээ бирөөлөр базардан уй алдым деп мактанса, кээ бирөөлөр машина алдым деп мактанса, кээ бирөөлөр завод салдым деп мактанса, биз -таластыктар- ушул күнгө жеттик деп силер менен чогуу мактанганбыз. Биз 6,7-апрелди апкелдик деп мактана алабыз.Биз элибизге майрам апкелдик деп мактана алабыз.
Ооба, азыр айтып кетти, мен Шерниязов эмес, Шер болуп калгам. Мен биринчи жолу айтып жатам - эмне үчүн атымды, фамилиямды өзгөрттүм? Шерниязов деген өзгөртчү фамилия беле? Өзүңүздөр билесиздер, мен инсульт алып ооруп калганда, сүйлөй албай калдым. Ошондо аксакалдар келип, "кыргызда ырым бар, атыңды, фамилияңды өзгөртпөсөң болбойт" дешти. Ошонун айынан өзгөрткөм. Менин бала-чакам мурдагы эле Шерниязов деген фамилияны алып жүрүшөт. ...Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын Кыялбек Урманбетовдун карындашы Индияда кайтыш болуп, сөөгүн ошол жакка коюшту. Жакында ал жигит Индияга барып, ашын өткөзүп, эстелигин коюп келди. Ошол мага айтат: Индияда Саид пайгамбар деген киши бар экен. Ага күнүнө 20-30 миң адам келип сыйынып турат экен. Ал киши айтыптыр-тазалануу Кыргызстандан башталат деп. Мына, көрүп жатасыздар, тазалануу Кыргызстандан башталып, арты каякка жетти? Ал эми Кыргызстанда тазалануу Манас атанын урпактары, Манас атабыздын арбагы колдоп Таластан башталды. Биз-кыргыздар-кыргыз экенибизге сыймыктанышыбыз керек. Орто Азияда жашап жатып, кандай мамлекеттер менен кошуна экенибизди билесиздер. Бирок өзүнүн эркиндигин жоготпогон, адамдык касиетин жоготпогон эл катары тарыхта калдык. Эгемендик алгандан берки акыркы 20 жылдын ичинде Орто Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанда гана 3 жолу бийлик алмашты. Алгач Масалиевдин, анан Акаевдин, 2010-жылы Бакиевди бийлигин алмаштырдык. Биз ушунубуз менен сыймыктанабыз, дүйнө жүзүнө ушунубуз менен таанылдык. Мына, "кетсин" деген кыргыздардын ойлоп тапканы деп айтып жүрүшөт эле. Акыры "кетсинди" бүткүл дүйнө айта баштады. Тунис, Египет,Ливия, Йемен айта баштады. 21-кылым- бул авторитардык, 21-кылым - бул диктаторлук бийликтин бүтүшү. Диктаторлордун күнү бүтүп баратат. Ошонун көч башында кыргыздар турду - мен ошону менен сыймыктанам. Ошонун көч башында таластыктар турду -мен ошону менен сыймыктанам.
Шейит кеткендердин туугандары, ата-энелери- көз жашыңарды аарчыгыла. Бул 8 жигиттин элеси жыл сайын 6,7-апрелде, кыргыз эли барда түбөлүккө калат! Биз болсо өтүп кетебиз. Ошолордун катарында ар бир таластык да бар дейбиз, ошондуктан ыйлабагыла, сыймыктанышыңар керек...
Мына бүгүн Талас элинин майрамы катары аксакалдар отурасыңар, жаштар отурасыңар-ушул күндү алып келген баарыңарга таазим кылам. Элге майрам апкелиш кыйын. Баарыңар баатырсыңар! Баатыр деген төш белгини ар бир таластыктын төшүнө таксак болот. Ошон үчүн силерге таазим кылып, таластык министрлердин, агентстволордун башчылары баары келишти. Эртең президентибиз да келгени жатат.
Бирок алдыбызда кыйынчылык бар. Тазалануу процесси - бул оор, татаал процесс. Буга чыдамкайлык керек. Кыйынчылыктарды эмне менен жеңебиз? Мына, Фукусима деген Япониядагы атом станциясындагы кырсыкты угуп жатасыздар. Он миңдеген адамдар кайтыш болушту, бирок байкадыңар го- талап-тоноочулук болдубу, ээ-жаа бербегендер болдубу? Мынакей -улут. Биз -таластыктар- ошолордон өрнөк алышыбыз керек. Бизге окшош кандай духу күчтүү эл. Эгер кыргыздар таластыктардан өрнөк алсак, биз -таластыктар япондордон өрнөк алышыбыз керек. Анан кыйынчылыктан чыгуу үчүн эмне керек? Албетте ынтымак керек, биримдик керек, анан бири-бирин кечире билүү керек. Биз бири-бирибизди кечире билгенде гана биздин ишибиз оңолот, ишибиз алдыга кетет. Эгер биз эскини эстей берсек, анда биздин артка кеткенибиз ошол. Ошондуктан кечиримдүү бололу. Ошондуктан мен Өмүрбек Токтогуловичке айттым-министрлердин баарын Таласка чакыр-кайсы коалиция, кайсы фракциядан экенине карабай, анткени алар таластыктар. Элибизге баралы, элибиз менен ачык-айкын сүйлөшөлү дедим. Ошон үчүн эртең президент Роза Исаковна Отунбаева келибатат. Бул мени эмес, силерди урматтаганы үчүн, силердин эрдигиңерге, силердин көк жалдыгыңарга тан бергендиги үчүн келе жатат. Ошондуктан таластыктар биз жөнөкөй эл эмеспиз. Таластык деген атка татыктуу бололу, урматтуу жердештер.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат.



Парламентаризмге жол
Жибек Жолунун Таластан салынган жаңы чыйыры
Кыргызстан кайрадан жаңыча коом куруу жолуна түшкөнүнө бир жыл болду. "Кайрадан" дегенимдин да жөнү бар, анткени азыркыдай жаңы, ачык коом куруу СССР убагында-1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келгенде башталганы эсте. Анын аягы ошол улуу дөөлөт кан төгүүсүз тарап, ага кирген республикалар эгемен мамлекет болуу менен бүткөн. Ал мезгил өткөн кылымдын 90-жылдарынын башталышы болучу. Саясий жаңылануунун эпкини менен кыргыздар КПССтин чынжырынан, Апсамат Масалиевдин бийлигинен чыгып, сыртта жүргөн Аскар Акаевди чакырып келип президент кылып шайлап алганыбызды унута элекпиз. Ошондо шапкебизди көккө ыргытпаган бир-эки эле кыргыз болсо керек. Акаевдин башына ак тилек, жакшы үмүт менен ак калпак кийгизгенбиз. Бирок Акаев элдин үмүтүн актай албады. Жаңы коом куруу жолуна түшкөн кыргыз эли мында бир мүдүрүлүп алдык.
Бийликке Бакиевди отургузуп, ага да ак калпак кийгиздик. Акылы болсо Акаевдин кемчилигин кайталабастыр деп үмүт кылдык. Ал үмүтүбүз да таш капты. "Кыргыз" деген улут болуп башыбыз кошулгандан эркиндикти туу туткан эл Бакиев бийлигин да омкоруп таштады. Бирок ал Масалиев менен Акаевге караганда алда канча пас адам экен. Бийлигин сактап калам деп 87 адамды атып өлтүртүп, аягында өзү чет өлкөгө качып аман калды. Ал жакта жатып алып да бийликке кайра келүүнүн ар кандай аракеттерин көрүүнү ушул убакка чейин токтото элек. Бийликке өзү келип отурбаса да, бөлтүрүктөрүн отургузууга ушул убакка чейин эки көзү төрт. Белорусь токоюнун четине келип, Кыргызстан тарапты аңдып турган карышкыр сыяктуу.
Мына эми, жаңыча коом куруу жолуна түшкөнүбүзгө бир жыл болду. Ошол бир жылдык эсептин башы Таластан башталып калганы символикалуу. Курама жыйып журт кылган (журт дегенди улут деп эле түшүнө бериңиз!) Манас бабабыздын ордосу эсептелген Талас эли кайрадан жаңыча коом куруу жолуна чыйыр салып берди. Ал жаңы жолду кыргыз эли парламенттик башкаруу жолу деп тандашты.
Апрель революциясын эскерүү Таласта 4-апрель күнү башталды. Таластын бийликте аралашып жүргөн уул-кыздары бийликтин символу эсептелген Ак үй алдында өткөн жылы "Ак шумкар" партиясы курган апрель курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбарлар коюшту. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов бул эстеликтен башка дагы бир эстелик куруп берүүгө убада берди. 7-апрелдеги Бишкектеги революцияда Таластын 7 эр азаматы окко учкан эле. Ошолордун жакындарынын атынан чыгып сүйлөгөн бир адам азыркы сот бийлиги апрелде элге ок аттыргандарды, ок аткандарды адилеттүү жазага тартаарына ишеними күн өткөн сайын өчүп баратканын жаны кашайып айтты. Эскерүү азасынан кийин Ак үйдүн артындагы бак ичине шейит кеткендердин урматына деп карагайлардын көчөттөрү отургузулду. Ал күнкү иш чара Атай Огомбаев атындагы маданий борбордо уланды. Сөз сүйлөшкөн саясатчылар менен атка минерлер тилдеринен чаң чыгарышты, ал эми карапайым элдин өкүлдөрү күнүмдүк жашоонун көйгөйлөрүн, мурдагы бийликтин күнөөлүүлөрү адилет жазаланбай жатканын айтышты.
Иш чара эртеси "Манас ордо" комплексинде улантылды. Театрлаштырылган эскерүү аземинде өлкө президенти Роза Отунбаева, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөшүп, апрель революциясын, жаңы коом куруу ишин баштап беришкендиктери үчүн Талас элине ыраазылыктарын айтышып, таазим этишти.
Учу Таластан башталып, Кыргызстандан салынган чыйыр жолдун экинчи учу бүгүн Жибек Жолунун маршрутунан да кеңейип, Африка, Араб өлкөлөрүнө чейин жетти. Жол учу узаргандан узарып баратат, каерден бүтүп, каерден токтоору белгисиз...

Бетти даярдаган
Машакбай РАХМАНКУЛОВ
Бишкек-Талас-Бишкек