Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Көзүңдү аччы, Камчыке
Камчыбек Ташиев бир гезитке берген маегинде "7-апрель да трагедиябы. Мына, трагедия деп Ошту айтыш керек" -деп балп эттириптир. Муну окуп алып, Ташиевдин шайлоо учурунда элди түндүк-түштүккө бөлгөнү эсибизге түштү. Кечээ эле шайлоодо утуп чыгып, "Мекен шейиттеринин" алдында кечирим сурап, парламентке отурганын унутуп калган депутат мырза айткан сөзүн артка албаса болбойт го. Анткени, ар бир окуяга өзүнчө баа берилиши керек эмеспи. 7-апрелдин да, Ош коогалаңынын да кайгысы тоодой. Эки окуяда тең кан төгүлгөн. Экөөндө тең кыргыздын эр азаматтары шейит кеткен. Демек аларды экиге бөлүп кароого болбойт. Депутат болгон Камчыкенин көзүн май басып калган жокпу?


Коалицияны кулатууну көздөгөндөр эми Ташиевди Келдибековго тукуруп жатабы?
Коалицияны таратабыз деген аракеттердин 3 жолку аракети (1- марттын башында, 2- 22-мартта, 3- Байболовдун 1-апрелдеги сөзүнүнүн учурунда) тең ишке ашпай калгандан кийин, ал аракеттин анабашылары (Кулов,Текебаев, Эшимканов) жаңы тактикага өтүштү. Алгач компроматтар жана ушактарды Аламан.кг сайтына койуп, андан ары аны Текебаев "озвучить" этип иштеп келгендерин билебиз.
Коалициянын бир учугун былк этпей кармап келген Ахматбек Келдибеков экендиги белгилүү. Ташиев аркылуу аракеттер натыйжа бербегенден кийин, куловчулар Келдибековго асыла башташты.
5-апрелде болсо бул сайтта Ташиевди Келдибековго кайраштырган маалымат койулду. Аны баягы эле ата-мекенчилердин кулагы Асия Сасыкбаевага шилтешиптир. Аны уккан албетте Текебаев. Мушташты Келдибеков көкүткөн деген ушак айтып, анан "Эми спикердин мындай тымызын ор казмайына Ташиев не дейт ыя?", деп суроо салып жатышат. Ата-мекенчи ар-намысчылар, аламанчы эшимкановдор элди бузуу аракеттерин, ушактарды таратууну койбойт окшойт. Бирок жаңылышасыңар. Ташиев менен Келдибеков силер ойлогондой жеңил ойлуу эмес го дейм ия?


Студенттер баатырларды унуткан жок!
Ишенаалы Арабаев атындагы университетинин мугалимдери жана студенттери демилге көтөрүп, 7-апрелде курман болгон эр азаматтарга куран түшүрүштү. Баатырлардын сөөгү коюлган Ата-Бейит көрүстөнүнө барышып, маркумдардын жаткан жайларынын айланасын тазалап, чачылган топурактарын чогултуп, арыкчаларды казып бир топ иштерди жасашты. Мындай уюштуруучулук менен ынтымакта иш жүргүзгөн окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери патриоттуулук сезимдеринин күчтүү экендиктерин билдиришти. Мындай демилгелер көбүрөөк өтүп, жаштардын иш-аракеттерин колдоого алуу керек.


Оо дүйнө кеткен адамды жаман айтууга болобу, Байболов мырза?
Достукту да саясатташтырып алгандар бар. Болбосо саясаттагы былык оюндардан улам жакын досунун деле этегин ача бергендер арбын. Бул жагынан журналистика жаатындагы "имиш" кожоюну Мелис Эшимкановго эч ким жетпей тургандыгын баары эле билет. Бул киши эми достукту дааратканадай эле колдонот. Зарыл болгондо келет да "былчыйтып" коюп кайра кете берет. Эшимканов мырзага жетпесе да Кубатбек мырза да достуктун кадырын билбегендерден экен. Адегенде эле убагында КГБ төрагасы генерал Ж.Асанкуловду сатып кеткенин билебиз. Андан кийин эле бизнесте чогуу жүргөн досу Аскар Салымбековдон ызы-чуу менен бөлүндү эле. Бул ызы-чуу Аскар мырзанын кен пейилдигинен улам чон жанжалга айланган эмес. Булардын баары бир тен да, университеттин парталарынан бери чогуу өскөн саясаттагы досу Медет Садыркуловду сатып кетип, эми ал кишинин көзү өткөндөн кийин табалап берген интервьюсун окуп, жаканды кармап тобоо дейсин. Мисалга "Дело №" гезитине берген интервьюсунан бир шингил таштайлы: "Общеизвестно, какие отношения были у Оксаны Малеваной с Медетом Садыркуловым. Моим бывшим другом… Но, как в народе говорят, нет коварнее и опаснее врага, чем бывший друг. Медет и стал чуть ли не главным моим недругом. Точнее, меня он "назначил" в главные свои враги…". Интервьюнун башында ушундайча баштайт да, М. Садыркуловдун Акаевден берки ишмердүүлүгүндөгү чекиликтерин айтат. Айтса айтсын дечи. Болгону эмне үчүн убагында айткан эмес деген суроо туулат. Экөөнүн ортосундагы биргелешкен бизнестин айынан чыр чыгып, достор душманга айланган. Эми болсо, М.Садыркулов оо дүйнөдө жатса да жөн койбой Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да тымызын аларга каршы иштегенин айтып отурат. Садыркулов досунун айынан бала-чакасын алып Америкага качууга аргасыз болуптур. Бакиевдин тушунда Чолпон Баекованы президенттикке даярдаган дейт. Мага чабарманын чаптырып жардам сураган дейт. Дагы эске сала кетели. Сөздү өз убагында айтыш керек. Достуктан кастыкка өткөндөн кийин эле былык чукумай денгээли пас адамдардын иши. Андан да экс-досу Садыркуловдун төшөгүн аңтарып, анын көңүлдөшү О.Малеваная экенин расмий жар салганына не дейсиң? МЧСти канчалык поктобосун, канчалык жамандабасын, бирок, маркумдун көзү жокто төшөгүн аңтарып, абийирин айрандай төккөнү бери дегенде адамдыкка, жигиттикке жатабы?


Кыргыз радиосунун эфириндеги Байболовдун калпы
5-апрель саат 10до Кубат Байболов кыргыз радиосунун түз эфиринде отуруп сүйлөдү. Түз суроолорго кайсалактап качып, мен билбей калыпмын, мен билгенде мүлктөрдү "Мегакомго" саттырмак эмесмин деп актанып жатты. Мүлк саткан туура эмес болуп калды деп мойнуна алды. "Бирок мен билген эмесмин деп калп айтты. Мен учредитель болуп жүрөм. Ишканаларымды мен койгон менджерлер башкарат", дейт.
Өткөндө "Асман пресс" газетасына берген маегинде Кубатбек Байболов жакшы эле билгенин, билгенде да бааларына чейин талдап билгенин мойнуна алган. "400 миң доллар боюнча мындай. 793 квадрат аянт мүлкүбүздү сатабыз. Риэлтердин баасы боюнча ошондой мүлк 600-700 доллар экен. 793 квадрат аянтты бөлгөндө 540 доллардан айланды. Биз риэлтерлерден аныктама алып көрсөтүп атабыз. Алар айтып атат туура эле, керек болсо төмөнүүрөк сатыпсыңар деп. Ушуну "Сарамжал-транс сатып алат. Алардын "Мегаком" менен байланышы бар экен.....", деп Калбекович өзү айтып жатат.
Дагы суроо туулат. "Апельсин (Бакарди)" рестораны, Чолпон-Атадагы үй "Мегакомго" эмне үчүн керек? Станция коебу? Кантип эле килейген рестораны сатылып жатса Байболов билбей калат. Ушундай да бет тырмаарлык болобу?


Жалал-Абадагы ызы-чуу убагында Байболов Акманга отуруп алган
Жайында интервью берип, ошол кездеги СНБнын орун басары Кубат Байболов эл аралык коомчулуктун алдында уят болду эле. Тажик боевиктери жүргөнүн айтып, так фактылар бар деп карганган. "Свобода" радиосуна "Их нанимателями являются приближенные семьи Бакиевых, отлученные от власти. У нас есть неопровержимые доказательства и признания задержанных. На них заведены уголовные дела, все дознания ведутся в рамках процессуальных норм. Все показания купируются, и доказательства будут представлены обществу буквально на днях", - деп интервью берген К.Байболов.
Мындай кабарды официалдуу кишилер текшерип берсе деп, тажик тышкы иштер министрлиги билдирүү жасаган.
Милиция, эл чуркап абалды жолго салууга аракет кылып жатса, биринчи күнү Байболов Базар-Коргон районунун Акман (Текебаевдын айылы) айылында отуруп алган.
"Жаңы Ордо" газетасынын 1-апрелдеги санында "Санпа" заводунун алдында каза болгон иниси жөнундө эскерүү интервьюсунда областтын тургуну Асанов Байыш айтып жатат: "Ошол кунү (14-июнда) ал кездеги областтын коменданты К.Байболов менен област губернатору Б.Асановдор Базар-Коргондун Акман айылында бир үйдө кой сойдуруп, чалкалап да, калкаланып да жаткандары тууралуу бизде маалымат бар. Аны биз далилдеп да беребиз", деп конкреттүү факты келтирип жатат.
Ишенген комендантыбыз бул эрдиктери үчүн кийин генерал-лейтенант наамын алган.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??