Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  ШакШак

Пиар-мушташуу
"Республикачыл" депутат Алтынбек Сулайманов (кээ бир ММКнын жазганына караганда кличкасы "челюсть" имиш) менен "Ата-Журт" фракциясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев экөө түптүз эле жерден, туруп-туруп эле эриккендей болуп мушташа кетип жатышпайбы. Чатак К.Ташиевдин Өкмөттүн мыкчыгерлеринин кыңыр иши аныкталып калса, "ата-журтчулар" коалицияны таштап чыгып кетээри жөнүндө айтыла жүргөн сөзүн кайрадан кайталоосунан, ал эми А.Сулайманов ага жооп катары "Неге коркутасыңар? Канча жолу кайталайсыңар бир сөзүңөрдү, чыксаңар чыгып кете бербейсиңерби!" деп чарт жарылгандан кийин капыл-тапылынан дүрт этип от алып кетти.

Баам салып карап көргөнгө, демейде парламентте боло жүргөн кайым айтышуулардын эле бири, кандуу-булоон мушташ чыгышына олуттуу себеп боло тургандай окуя эместей. Дүйнөлүк парламенттик практикада көп кездешчү сүрмө топ мушташтар, жакалашуулар, челишүүлөр демейде каршылаш тараптардын идеологиялык келишпестиктери жедеп апогейине жеткенде, эки тараптын тирешүүсү жүйөөлөр аркалуу чечиле албай калып, акыркы "аргумент"- чоң муштум көмөккө чакырылганда башталаары белгилүү. Бул жолку кыргыз парламентиндеги мушташ - эсеби боюнча ушунусу менен үчүнчүсү экен - эксперттер тарабынан принципиалдуу келишпестиктен улам пайда болбой, эки адамдын эмоциясын ооздуктай албай калгандыгына, сабыр тута билбестигине байланышкан психологиялык кырдаалдын түзүлгөнүнөн улам келип чыкты деп бааланды.
Отставкага жиберилген экс-генпрокурар К.Байболовдун парламентте чыгып сүйлөгөнүнө оро-пара А. Сулайманов менен К.Ташиевдин мушташы чыкканы көңүл бурдурбай койбойт. К.Байболовдун парламенттеги сөзүнүн пафосу менен маңызы саясатка орчундуу таасир бере тургандай кескиндиги менен, олуттуулугу менен айырмаланганын атайы белгилөөгө татыктуу. Кызматынан шыпырылып калган генпрокурор парламенттин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бийликтин жогорку эшелонундагы бир катар адамдардын, анын ичинде Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаеванын туугандарынын коррупцияга малынгандыгы менен айыптап чыккан эле. Башкы бутага "Республика" фракциясынын лидери, биринчи вице-премьер Ө.Бабановдун илингени жашыруун деле эмес болчу. Бир сөз менен К.Байболовдун чыгып сүйлөгөн сөзү адаттан тыш коомчулуктун көңулүн тумтак өзүнө бура тургандай билдирүүнүн катарына киргизсе болор эле. Мындан сырткары, К.Байболов отставкага кетээр алдында ошол эле Ө.Бабановдун "бизнесине" жана саясый ишмердигине байланышкан катары төрт ишке кылмыш ачылып кеткени менен парламентке чыгып сүйлөшүү жөнүндөгү маселе чыпчаңдык менен дароо чечилип кете албай, кыйла талаш-тартыштан кийин гана колго салынып жатып араңдан зорго башы ачылганы коомчулуктун кошумча кызыгуусун жаратып, бүйрүн кызытып таштаганын эскерүү керек.
Мындай кырдаалда, К.Байболов тараптан дабырата кое берилген сын жебесинин көбү жабырап барып Ө.Бабановдун дарегине жаап жатканда "Республика" фракциясы коргонуу үчүн да болсо кандайдыр бир чечкиндүү жана чукул чараларды көрүү зарылдыгын шарттап бергени анык. Ал контрчабуул А. Сулайманов тарабынан козутулуп чыкканын, т.а. "республикачылардын" алдыга койгон түпөйүл максаты болгон чабуулга каршы иштелип чыккан "антивирустук программасы" А.Сулайманов аркылуу ишке салынганын байкоого болот. К.Ташиевге кол салуу саясый таймашууларда эбак сынактан өткөн, талаш-тартыштарда көп кездешчү демейдеги эле баналдуу пиар-жүрүштөрдүн бири десек жаңылбайт элек. А.Сулаймановдун мушташ чыгарышы коомчулуктун назарын Байболовдун бийлик мыкчыгерлериндеги быкый иштердин бетин ачкан билдирүүсүнөн алаксытып башка нукка буруунун амалы болчу. Канткен менен "Республика" фракциясы А.Сулаймановдун "иштиктүү аракет акциясы" менен белгилүү деңгээлде өз максатына жетише алды десе болот. Кай бир массалык маалымат каражаттарынын версиясына караганда, мушташтын демилгечиси А.Сулайманов болду, А.Сулайманов биринчи болуп, болгондо да күтүүсүздөн К.Ташиевге кол салды делинет. Айткандай эле, депутаттардын бири-биринин тумшуктарын кан жалаткан кагылышуусунан кийин коомчулуктун көңүлү К.Байболовду, Байболовдун парламенттеги бийлик мыкчыгерлеринин чүмбөтүн сыйрып айыбын ачкан жалындуу сөзүн "унутуп коюп", Сулайманов менен Ташиевдин мушташына ооп кеткени байкалды. Буга кыргыз прессасы да татыктуу салымын кошконун белгилөө керек. Адаттагы бирди экиге, экини бирге кошуп көбүртүп-жабыртканга шыктуу кыргыз масс-медиасы мушташтын жүрүшүн деталдаштырып, эзмелеп баяндап киргенине күбө болдук. Атап айтсак, Ташиев менен Сулаймановдун ортосуна арачалап түшө калган депутат С. Жапаровдун бети-башынан кан жая бергени, мушташ туалеттен башталганы, анан коридорго өтүп, алар сүрүшүп баратып депутаттар Карганбек Самаков жана Болот Шер отурган кабинеттеринин эшигин кыйрайта жөөлөп кетишкенине чейин кыбаасы канганча майдалап сүрөттөшүп жиберишти. Эки-үч күн ичи тунжураган парламент ызы-чууга тунуп эле жатып калды. Мушташ прессанын башкы темасына, Сулайманов менен Ташиев башкы каармандарына айланышты да калышты.
Асыресе, көп узабай А.Сулайманов аткаруучу катары баштаган пиар-жүрүшү, т.а, пиар-мушташы утурумдук гана эффект бере алары, түпкүлүгүндө майнапсыз экендиги ачыкка чыкты. Атайылап уюштурулган мушташтын чыныгы сыры менен механизмин түшүнгөн коомчулуктун назары акырындап отуруп кайрадан эле унутулуп бараткан К.Байболовго кайта баштаганы байкалды.
Прессада аксакал депутаттар ортого түшүп, А.Сулайманов кечирим сурагандан кийин К.Ташиев кенендик кылып кечирим бергени, ошентип экөө жарашып алганы боюнча маалымат тарады. А.Сулайманов менен К. Ташиевдин мушташканынан табышканы тез болгону, алардын ортосундагы чатактын өзүндө эле пландуу мандем бар экенин кабарлап турганы ырас эмеспи. Мушташ - ошентип, кезектеги саясый пиар-акциялардын бири экендигинен кабар берет.
Үсөн Касыбеков





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??