МАШАКБАЙ РАХМАНКУЛОВ
Бай болгуң келеби?
(Интернет булактардан, басылма адабияттардан
топтолгон практикалык кеңештер)


Бай болууга 7-кадам:
ЧЕЧИМ:
Алдыга койгон планың канчалык чоң болсо, адам ошончолук чечкинсиз болуп жүрөксүнө берет. Акчасы аз адамдар башкалардын пикирлерине бериле берет. Пикир, ой эң арзан товар эмеспи.
Өзүңдүн иштериң, пландарың жөнүндө эч кимге айтпа. Жакын достор менен туугандар кээде өз пикирлерин айтып же шылдыңдап, ишиңе тоскоолдук келтирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан башың барбы - чечимди өзүң кабыл алышың керек. Бул үчүн башка адамдардан факты, маалыматтар керек болсо, аларга өзүңдүн ой-максаттарыңды айтпай эле билип алсаң болот. "Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт" деген кеп дал ушул жерде керек.
Чечкинсиздик - иштин ойрон болуусунун негизги себептеринин бири. Чечимди туура, жаңылбай кабыл алуу үчүн башка адамдардын чечим кабыл алгандарын, иштерин талдап, иликтеп үйрөнүш керек.
Эркин болом деп жанып-күйгөн адамдар акыры эркиндикке жетишет эмеспи. Анын сыңарындай, бай болууну аябай кааласаң, акыры бир күнү бай болосуң! (Оозуңа май дебейсиңби?)

Бай болууга 8-кадам:
ТУРУКТУУЛУК
Бай болом деп алдыңа максат койгондон кийин өзүңдөгү бардык кемчиликтериңди аңдап-сезип, моюнга алып, алардан арылууга аракет жасаш керек. Мына ошондо гана сиздин туруктуулугуңуз ишенимге, тажрыйбага жана күчкө айланат.
Туруктуулуктун пайдубалы (фундаменти) деп эрктин күчтүүлүгүн тартынбай эле айта берсе болот. Ошондуктан кимде туруктуулук жок болсо, эрки бош болсо, анын жашоо-турмушундагы ийгиликтин болбой жатышын, ишинин жүрүшпөй, бизнесинин гүлдөбөй жатышын ошондон деп билсе болот. Кандай гана ийгилик, жакшы жашоо, бакубат турмуш болбосун - анын башаты - кыялдан жана эңсөөдөн башталат эмеспи. Ошондуктан сиз "акча" деген гана түшүнүк, категория менен байланыштырып ой жүгүртпөсөңүз, кыялданбасаңыз - анда сиз жакыр турмуш, жокчулук, жетишпегендик жөнүндө гана ойлонуп жашай бериңиз. Кимдин адамдык сапатында туруктуулук, көшөкөрлүк, башкача тил менен айтканда көк беттик жок болсо ал бай болом деп ойлобой койсо деле болот. Эми ошол туруктуулук деген сапат кайсы принциптерге таянат-ошону айталы:
1. Ой-максаттарың ачык-айкын, так болуш керек
2. Каалоо болуш керек
3. Өзүңө өзүң ишенишиң керек
4. Түзгөн пландарың да бүдөмүк, арсар болбосун
5. Кылдат анализ зарыл
6. Бирөөлөр менен кызматташуу
7. Күчтүү эрк
8. Жакшы адаттар

Ийгиликке жетүүдөгү душмандарың:
1. Өзүңдүн эмнени кааларыңды так билбөө
2. Жайбаракаттык
3. Атайын билимдерге ээ болууга кызыгуунун жоктугу
4. Чечкинсиздик жана олку-солку болуу, жоопкерчиликти башкаларга түртө салуу
5. Ар кандай шарт-жагдайларды шылтоолоо
6. Бир аз ийгиликке жетишсе эле өзүнө өзү ыраазы болуу
7. Кайдигерлик, компромисске барууга даяр болуу
8. Өз каталарыңды башкаларга оодара салуу жана ыңгайсыз шарттарды сөзсүз боло турган нерсе катары кабыл алуу
9. Акчага, байлыкка кумарлануунун жоктугу
10. Иште чү дегенде эле болор-болбос түйшүк, проблема келип чыкса алдыдагы максаттарга чекит коюуга шашылуу
11. Так иш пландарынын кагаз жүзүндө түзүлбөгөндүгү
12. Идеялар же алгачкы пландар өзгөрсө, аларды эске албагандык
13. Өзүңө буйрук берип иштөөнүн ордуна ыраазы болуу менен чектелүү
14. Байлыкка умтулууга караганда жакырчылыкка жакын болуу
15. Майда-барат нерселерге алектенүү
16. Бирөөлөрдүн сын пикирлеринен коркуу

ТУРУКТУУЛУКТУ ТАРБИЯЛООГО 4 КАДАМ:
1. Максатың айкын болсун же кичинекей ийгиликке жетем деген жандалбас керек
2. Бул ишти бүтүрсөм эми тигинисин жасайм деген так план болсун
3. Сенин максаттарыңды келекелөөчү, жактырбоочу, ал турмак адаштыруучу туугандарыңдын, досторуңдун, тааныштарыңдын тескери таасирлерине берилбөө
4. Сенин максат-пландарыңды колдогон бир же бир нече адамдар менен жакын болуу, достошуу.
Пайгамбарлардын, философтордун, башка көптөгөн адамдардын көздөгөн максаттарына жетүүдөгү эң башкы, эң негизги эле себеби - алардын туруктуулугу, көшөкөрлүгү, кежирлиги, көк беттиги, беттегенин бербегендиги, ошондой эле күч-аракетин бүт бир ишке бура алгандыгы жана максатынын так, айкындыгы болгон. Мухаммед Пайгамбардын мисалы буга эң жөнөкөй далил.
Кадимки эле таш көмүрдүн оту рудадан жогорку сапаттагы болотту эритип чыгарган сыңары, туруктуулук да адамды дал ушинтип чыйралтып, бекемдеп, ага жаңы сапат бере алат. Туруктуулук сизди акча категориялары менен ой жүгүртүү сапатыңызды өркүндөтөт, ал эми сиздин аң-сезимиңиз болсо акча басып чыгарган фабрика болуп калат.
(Уландысы кийинки санда)