Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

КУУРЧАК
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
- Мен чоң энемдин колунда өскөм, - деп баштады сөзүн кошуна. - Негедир кичинекейимде өтө оорукчал болуп өстүм. Апам мен эмчекте кезимде эле оорудан каза болуп калыптыр. Кээде гана элес-булас бир нерсе тартылбаса, өз апамды билбей калдым. Атам деле жаш экен көрсө, ошондо. Отузга чыга элек кези экен. Апамдын ашын өткөргөндөн кийин аны коңшу айылдык бир кызга үйлөнтүштү. Бир эле үйдө жашаганыбыз менен, мен кечке чоң энем менен эле жүрчүмүн. Уктаганда да чоң энемдин эмчегин соруп уктачумун. Мага ушу, чоң энемден башка жакын адам жоктой сезүлчү. Чоң энем да мени ушундай мээрими төгүлүп бакты десем, жаңылышпайм. А бирок, мени кээде катуу кагып жиберчү. Качан дебейсиңби?..
Мавлюда эжеси Жанаргүлгө суроолуу карап калды.
- Эмнеге? -деди белимчидей Жанаргүл.
- Менин бир нерсеге ушунча боорумду төшөп берилгенимди жаман көрчү. Анын да себеби бар,-деди көзүн ойноктото. Кайра олуттуу боло калды. Ошо, апам жантаслим болоор күнү негедир эле анын жанынан чыкпай чебелектеп эле жүрө бериптирмин. Ооруп, төшөккө жата калган апамдын аркасынан катуу кучактап: "Ай кудай ай, ушу апамды аман кыла көрбөйсүңбү" деп чулдурапмын. Менин антип кудайга жалынып жатканымды эшиктен кирип келе жаткан чоң апам угуп, дал болуп туруп калыптыр. Келининин ооруп жатканына ансыз деле жаман болуп турган неме, кипкичинекей болгон менин чебелектеп жатканымды көрүп, жүрөгү болкулдап чыгат. "Каапыр, бул эмне деп жатат!" деп тобо кылып, мени аркы бөлмөгө ээрчитип кетиптир.
Ошо күнү апам а дүйнөгө кете бериптир. Аны мен өзүм билбейм деле да. Кийин, эсейип калганымда айтып жатпайбы мага чоң апам. А мындай нерселер көп болду… Турмушка чыкканымдан кийин деле ушул мастандыгым кармап калып жүрдү. Күйөөм Автандилдин негедир көңүлү бузулуп жүргөнү күндөн күнгө ашкерелене баштады. Канчалык мойнуна коеюн десем да, тапатандан танып туруп алат. Билип жүрдүм, бирөөнү таап алганын. Бирок, анын ким экенин билбедим…
Кайрадан оор үшкүрүнүп алган Мавлюданын үнү каргылданып кетип жатты.
- Ошондо, кызым боюмда эле. Автандил келбегенинен сыртта аны күтүп көпкө басып жүрдүм. Убак кечке маал, көз байланып калган. Жа-ай басып бараткам,бир маалда бет маңдайымдан бир жарык пайда болду да, күүгүмдөн блокноттун барагы ачылгандай болду. Дал ошол баракта /?/ биз менен катташып жүргөн Галиянын сүрөтү көрүнүп турду. Алгач, таң кала түштүм. Мунун сүрөтү мага эмнеге көрүнүп атат?- деп…артынан, Автандилдин элеси жарк дей түшкөндө барып эсиме келдим…
Башым эңги-деңги болуп, теңселип, үйгө араң жеттим. Түн бир оокумда жолдошум кызуу, көңүлү жайдары келди үйгө. Көргүм жок. Унчукпай ары карап уктамыш этип жатып алдым. Ал мени уктап жаткан экен деп ойлоду окшойт, нары карап жатып уйкуга кетти.
Эртең менен турганда дагы актанып кирди:
- Кечээ иштен чыгып келатсам, баланча жолугуп, түкүнчө жолугуп…-дей баштаганда, мен колумду көтөрүп токтоттум.
- Кой, айланайын, сен менин мурдума бок сүртүп койдум деп ойлоп жатасыңбы? Мен баарын билем!
- Эмнени билесиң? - деп менин көзүмө тигилди күйөөм.
- Галияны, сен аны сүйөсүңбү?..
Мурда тим эле эч нерсени жанына жуутпаган күйөөм окуучу балдардай башын шылкыйтып туруп калды.
- А сага ким айтты?
- Эч ким айткан жок. Мен өзүм эле билемин…
Мына ушул сүйлөшүүдөн соң мен үйдөн басып чыгып кеттим. Артыман нечен ирет жалбарып барса да, Автандилди негедир кечире албадым. Ошо күндөн тартып эркек аттууну жек көрөм…Тагдырыма эрегишип, бул дүйнөдөн так өтүүнү дал ошол түнү өзүмө өзүм ант бергем. Ал антымды аткарып келем…хи-хихи…
Бирок, Мавлюданын азыркы күлкүсү күлкүгө деле окшошпой калды. Анын көздөрүнүн кычыгында турган тоголок жашты көргөн Жанаргүлдүн көзүнөн жаш өзүнөн өзү куюлуп кетти.
- А сен эмнеге ыйлап жатасың? Сен алиги кишинин жүрөгүнүн ээси болосуң.
- А анын аялы бар да!
- Аялы бар болсо, эми жок болот! - деп бурк эте сүйлөнүп, Мавлюда ордунан туруп кетти. Түз эле көлгө чумкуду. Аны карап эси ооп отурган Жанаргүл кечээки өзү түзгөн планын эстеди. Ал алиги Шах аттуу жигитке сүйлөшүп, Темирден өч алууну эңсеген…
(уландысы бар)








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??