Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Белгилүү жана белгисиз
адамдардын жоруктарынан
Орозбектен ойноок кеп

ХХХ
Эртең менен Жаманбай:
- 113 сомум бар эле. Ошол жок. Кана, кимиңер уурдадыңар? - деп калды.
Биз бири-бирибизди шектене карадык. Чын эле ким уурдады экен? Уят да, эй! Минтип талаада жүргөндө…бир азыкты тең бөлүшүп жегендин ордуна, ушинтип атсак…
- Давай, оодар, -дедик.
Ошол замат ал ишке киришти. Адегенде чөнтөктөрүбүздү тинтти. Анан чемодандарыбызды, анан сумкаларыбызды…бирок, акчасын эч кимибизден тапкан жок.
- Жаманбай, деги акчаңын бар экени чын беле?
- Ооба.
- Балким, акчаңды көчөгө түшүрүп салгандырсың.
- Жок. Жатаарда эле шымымдын чөнтөгүнөн көргөм. Мына бул…оң чөнтөгүмдөн…Ке-кечирип койгула! Акчам ордунда эле экен. Өзүмдүн чөнтөгүмдү караган эмес турбаймынбы. Ойгоноорум менен эле "баары бир уурдап алышса керек" деп силерден күмөнсүй берипмин.

ХХХ
Ведомостто бир бригада болуп жазылганыбыз менен, тамактанаарда ал бригада дагы эки "бригадага" бөлүнөөр эле. Стариктер бригадасы жана молодойлор бригадасы. Стариктердин эң кичүүсү мен болгондуктан, демек, чай куйгучмун.
Молодойлор бригадасынын мүчөсү Эркин иттей кыйтыр жигит. Дайыма биздин тамактанып отурган учурубузда бөлмөбүзгө баш багат, бирде "саатыңар канча болду?" десе, бирде "менин саатым мынча болду" деп. Мен ага чай сунам.
Эркин тоюп, курсагын чоюп, сыртка чыгып кеткенден кийин, мага нааразы болгондор митингге чыга жаздашат:
- Орозбек, эмне үчүн Эркинге чай сунасың?
- Эркин кечээ дагы биздин чайды ичип кеткен болчу, сволочь!
- Эми ал уялбай эртең дагы келет.
- Бүрсүгүнү да келсе керек.
- Ой, энеңди-и!..Чайга шекерди аябай чылап ичти.
- Башкалар нанга майды сүйкөп жесе, ал майга майды деле сүйкөп жей берет экен.
ХХХ
Чак түш. Бир дагестандык киши мас болуп алып, көрүнгөндү коркутуп аткан экен, ашканада. Бычагын туш келди шилтегилеп, өгүздөй өкүрүп-бакырууда. Бирок, бизди көрөөр замат чочуп кетип, качып жөнөсө болобу.
Көрсө, ал бая күнү биздин эки кишинин котлет талашып мушташып кеткенин көрүп, катуу коркуп калган экен.
ХХХ
Бизге "шабашка" табылып калды. Молдо аттуу түркмөн жаңы үй курдурат экен. Баалашуу башталды, ал "100 миң рубль беремин" дейт. Биз "101 миң" дедик. Ал башын чайкап, кетип калды. Биз кайра артынан бардык:
- 90 миң рубль деле берчи. Только арактан кө-өп, көптөн куюп турсаң болду.
- Аракты көп ичсеңер, 80 миң эле рубль берейин.
- Ага деле макулбуз. Ал өз ишиң. Кааласаң 50 миң рубль бер.
ХХХ
Түн. Мени мас Мелис ойготту.
- Эмне?
- Жүр, тигил бөлмөгө. Сени Бакалбай аке чакырып атат. Бардым. Көрсө, арактары түгөнүп калган экен.
- Кел, Орозбек. Эми кеп мындай, -деди Бакалбай, бир орунга түз олтура албай чайпалып. - Сен таланттуу жигитсиң, өсө турган жигитсиң! Сенин ушундай асыл сапатыңды биз эске алып, сага бир жакшынакай бата берип коюуну чечтик. Бирок, "куру аякка бата жүрбөйт" эмеспи. Ошон үчүн азыр жүгүрүп барып, бир бөтөлкө арак апкел. Аракты вахтерша сатат.
Анан өтүнүчүн аткардым. Ар бир тост сайын мага жакшы каалоолор айтылды. Мага, менин калемиме гана эмес, "бир жериме" да ийгилик кааланды. Арак түгөнгөндөн кийин Алим менен Бакалбай мушташа кетсе болобу. Аларды эч ким арачалаган жок. Өздөрү арачалашты бири-бирин. Анан экөө тең бир мезгилде мага кайрылышты:
- Сенин арагың бизди мас кылып мушташтырып жиберди, эми сен бизди жараштыр.
Мен дагы бир бөтөлкө арак апкелип, тигилерди жараштырып койдум.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??