Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

КЫРЛАР БАРБЫ,
КЫРГЫЗ БУТУ БАСПАГАН…
же тентимиш тагдырлар
Ооба, азыркы күндүн көп көйгөйлөрүнүн бири - Кыргызстан деген кичинекей мамлекетибиздин территориясынан чыгып, тээ ата-бабабыз көрбөгөн алыс жактарда тентип жүргөн мекендештерибиздин тентимиш тагдыры болуп келет. "Тентимиш" дебей не дейбиз, башка жерде бир мусаапыр бечарага айланып, эптеп эле тыйын табуунун аракетинде болуп жүрүшсө… Көздөп барган максаты аткарылбай, тескерисинче, кул-күңгө айланып, алар түшүп кеткен аңдан кол сунуп чыгарып алаар артында мамлекети жок. "Жок" дебей не дейбиз, түптөлгөн мамлекет болуп туруп, өз атуулдарын тентитип жиберсе! Биз билген жана билбеген "тентимиштер" тууралуу фактылар ондоп эмес, жүздөп саналат. Ошолордун айрымдарын гезит бетине жарыялап келебиз.

ТАКТОО ИРЕТИНДЕ:
Гезитибиздин өткөн сандарында коңшу мамлекеттерге гана эмес, алыскы Африкага чейин буту жеткен жердештерибиздин абалы Кудайдын боору ооругандай абалда экени далилдүү фактылар менен жазылган. Редакциябызга Бишкек шаардык жумушка орноштуруу башкармалыгынан чалышып, КР Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин алдында кыргыз жарандарын чет өлкөгө жумушка орноштуруучу атайын Борбору алар менен бир имаратта отургандыктан, чаташтыруулар болгонун кабарлашты. Чет жакка кетчүлөр республикалык Борборго кайрылууга тийиш. Ал биринчи кабатта.

Муктар Өмүракунов:
- Эл аралык эксперттердин айтымында адамдарды кулчулукка сатуу - дүйнөдө курал-жарак жана наркотикадан кийинки үчүнчү орунда турат. Демек, эң көп "көмүскө киреше" алып келүүчү тармак. Тилекке каршы, акыркы эки жылда Кыргызстанда кулчулукка сатуу абдан күчөдү. Жарандарыбыз ушу турган Казакстан, Россияда эле эмес, Африка континентинде да кулчулукка кириптер болушууда. Эң өкүнүчтүү, бирок ачуу чындык - саткан дагы, сатылгандар дагы өзүбүздүн кыргыз жарандарыбыз. Муну бизге келип түшкөн арыздар жана ассоциациянын өз алдынча жүргүзгөн мониторинги аныктап турат.
Дагы бир ачуу чындык, мурда жалаң жеке адамдар же менчик фирмалар адамдарды алдоо жолу менен кылтакка илип, алардын үстүнөн пайда көргөн фактылар көп болсо, эми муну көзөмөлдөй турган мамлекеттик мекеме дагы жарандарыбыздын кулчулукка кириптер болушуна өзү себепкер болууда. Алсак, Пермь жана Хабаровск шаарларында кыйын жагдайга кабылган жарандарыбыз түздөн-түз КР Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин компотентсиздигинен жабыр тартышып олтурат. Аталган министрлик муну кылдат териштирип, туура жыйынтык чыгаргандын ордуна өзүн актоо менен алек. Болбосо, Кыргызстан 2005-жылы эле БУУнун кулчулукка каршы конвенциясына кошулган. Ага ылайык, адамдарды кулчулукка сатуу азгырыгы өтө оор кылмышка кошулган. Мындай фактылар Кыргызстанда күн санап күчөп бараткан убакта эң биринчи мамлекеттик мекеме-уюмдар кыйкырып чыгышы керек эле. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай болбой жатат. Ошондуктан "Замандаш" ассоциациясы мындан ары коомчулуктун алдына бул маселелерди ачыкка чыгарып, аны менен катар бул маселелердин алдын алуу жана чечүү механизмдерин иштеп чыгып, бийлик структураларына сунуштоону туура көрөт.
Сырт жакта ишке орноштуруудан жапа чеккен жарандарыбыз күн санап өсүүдө. Анголадагы алданган кыргыздар - булар айсбергдин чекеси гана. Өткөн жылдын декабрь айында Россиянын Пермь шаарынан бир нече мигрантарды тосуп алганбыз. Ыраакы Чыгышка аттанган жумушчуларга эптеп мекенине келгенге көмөк көрсөттүк. "Замандашка" 3 айдын ичинде эле алданып калган 80дей жаран кайрылышты. Биздин өкмөт, ИИМ, Миграция министрлиги, Прокуратура, айтор тиешелүү органдардын баары бул маселеге олуттуу көңүл бурбай атканы өкүнүчтүү. Чет өлкөдө легалдуу эмес ишке орноштуруу менен шугулданып жүргөн бир да кыргызстандык сот жообуна тартылган эмес, болгону 2-3 миң сом айып төлөп кутулуп кетишүүдө. Мамлекеттик структуралардын ишмердигин координациялап, мыйзамды күчтөтүп, өз жарандарыбызды коргоп албасак болбойт.

АЙЛАНЫ КЕТИРГЕН АНГОЛА САПАРЫ
Жогоруда айтылган сөздү далилдүү фактылар менен ырастайбыз.

Гүлмира Ибраимова, Талас шаарынын тургуну:
- 2009-жылы "Алымбай Анголага жумушчуларды топтоп атыптыр, айлыктары 2,5 миң доллардан экен" деген кабарды угуп, ага бардым. Ашпозчу кылып алып кетмей болду. "Өзүм дин жолундамын" деп менден башкасынын баарын намаз окутту. Ошентип, 40 чакты адам Анголага учуп кеттик. Баш-аягы 24 там салыш керек экен. Чындыгында, климаты оор экен, аптап мээни кайнатат, суу жок, инфекциянын очогу арбын, эли караңгы. Бараар замат ич келте, безгек болуп оорудум. Температурам 40 ка жетип, баспай калдым. Ошондо да 3 баламды эстеп, тиштенип иштедим. Убада кылынган акчанын ордуна 4 айга жарыбаган акча берди. Андан көп өтпөй бизди таштап Кыргызстанга кетип калды. Чынын айтсак, мусапырдын мусапыры болдук. Кайыр садака сурап күн өткөрдүк. Авинтон деген негр директор бала бар эле, ошол экөө кошулуп алышып биздин акчаларыбызды жешкен окшойт. Алымбай кетип калгандан кийин, негр директордон дооласак, "кимдин өлкөсүндө жүрөсүңөр, билесиңерби" деп коркутканынан, "аман-эсен балдарыбызды көрсөк экен" деп акча сурагандан да коркуп калдык. Кийин курулуштун эң чоң жетекчиси келгенде даттансак, ал биздин акчаларды эбак бергенин айтты. Ошентип, коркконубуздан бекер иштеп жүрө бердик. Акыры Москвага чейин жол киребизди төлөп бергенине сүйүнүп, эптеп келдик. Келип эле баягы Алымбайдын эшигин жыртсак, билген жагыңарга даттангыла деди.

Элиза Уракеева, Арча-Бешик жаңы конушунан:
- Жолдошум Анголага акча таап келейин, оокатыбызды тыңдайлы деп кетти. Ыйлай-сыктай узаттык. Бир айдан соң 500 доллар салды. Ошо менен үзүл-кесил анча-мынча акча салып коёт, баягы 2,5 миң долларың эмне болду десем, "баары жакшы" деп коёт. Чынында 1,5 жыл стресс болдум. Аял болгондон кийин ар кайсыны ойлойт экенсиң, "башка үй-бүлө таап алдыбы, 3 балам эмне болот" деп да сарсанаа болуп жүрдүм. Көрсө, мени санаа тартпасын деп ит көрбөгөн кордугун айтпай жүрүптүр. Эми минтип Алымбайдан акчабызды ала албай жүрөбүз.

КАРААНЫңДАН КАГЫЛАЙЫН, АЛА-ТОО...
Ооба, кыргыз буту баспаган аймак калбай баратат окшобойбу, жер шарында. Бири жумуш издеп барышса, кай бирлери качып-бозуп кетип атышат...Эмнеси болсо да, мусапырдын кейпин кийип, Ала-Тообузга кантип жетээр экенбиз деп Аллага жалынып жүргөндөр канча дейсиз.
2010-жылдын 10-декабрында №18 "Москва-Бишкек" каттамы менен кыргызстандык 39 эмгек мигрант Россиянын Пермь шаарынан кайтып келишкен. Натыйжада, бул жактын айткан шарттары дал келбей, кыштын ызгаарында эч кандай шарты жок, кароосуз имаратка жаткырылып, тамак бербей, ал аз келгенсип жарытылуу айлык да төлөшкөн эмес. Алар Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын жардамы менен кайтышкан.
2010-жылдын январында да Ош шаардык калкты жумушка орноштуруу борборунун жолдомосу менен Хабаровск шаарына барган 84 жараныбыз да дал ушундай жагдайга туш болушкан. Жакында Владивостоктон дагы 9 жараныбыз кайтып келди. Кыргыз жарандары мекенине "Замандаштын" жардамы аркасында кайтып келип жатканын баса белгилеп кетүүнү эп көрдүк.

КЫРГЫЗДЫ КЫРГЫЗ КУЛЧУЛУККА САТЫП…
Албетте, бүгүнкү чалды-куйду заманда көп көйгөйлөр көз жаздымда калып, анын мамлекеттик деңгээлде чечилбей келатканына көнүп да бүттүк. Бирок, жеке өздөрүнүн демилгеси менен четте жүргөн мигранттарыбыздын абалына көз салып, колунан келген жардамдарын берип келген мекеме, уюмдар бар экенине шүгүр.
Учурдан пайдаланып, Россия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын "Замандаш" ассоциациясынын төрагасы Муктар Өмүракуновдон чет жерде жүргөн жердештерибиздин ал-абалы тууралуу айтып берүүнү өтүндүк.

Нурбүбү БӨДӨШОВА.




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??