Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кылымдардын кыйырынан

Арсланхантегин Нурак (Абдрахманов)
Ким экениңди бил, кыргыз!
(Башы өткөн сандарда)
Темирландын Улукбектен кийинки урпагы Султан Бабур үжөрөсүн (дачасын) Сулайман тоонун башына орнотуп, тарапкерлерин Аксылык кыргыздардан күттү эле. Ал жөнүндө кеңири маалымат Өзбекстандын жазуучусу Пиримкул Кадыровдун "Жылдыздуу түндөр" деген тарыхый романында камтылган. Андан сырткары Бабуршахтын уулу Хумаюншах Индияда өкүмдар болуп турганда тартылган миниатюраларда кыргыздын оюу салынган калпагын кийип олтурган сүрөтүн Америкадан таптым. Орто кылымда тартылган ал миниатюралар чогултулган альбом-китепти Вашингтон музейинде мага өнөрүмө сый катары белек кылышты. Андагы сүрөттөрдө Темирлан дагы кыргыздын саймалуу калпагын кийип олтурат. Ал сүрөттөрдү көрүп туруп Темирландын теги кыргыз экендигин танууга эч мүмкүн эмес.
Ошондой көптөгөн белгилерден улам дүйнө элдери бүт сый-урмат менен караган Шумер элинин анык маданиятын, тилин, кийимин, салт-санаасын уланткан урпактарынын таза сакталган калдыгы бүгүнкү кыргыздар экендигин билүүгө мезгил жетти. Ал жөнүндө тарых даректери топтолгон "Улуу баян" аттуу китеп жазып, 2003-жылдан бери теле-радио берүүлөрдөн айтып келе жатам. Ал китепке кыргыз санжыра - тарыхынын тогуз томдугун топтогон Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 2003-жылы жана тарых илимдеринин докторлору Турду Жыргалбеков жана Олжобай Каратаев экөө 2004-жылы тастыктоочу пикир жазып беришкен. Азыркы келтирип жаткан тарых даректери ошол китептен алынды.
Жергебизде б.э.ч. 560-жылдардагы Ирандын падышасы Кирди жеңип, башын кестирип, канын чаначка толтуруп, Кирдин башын өз канына матырган Алаш кыргыздарынын (Иран тарых даректериндеги сактардын) падышасы Томирис (бизче-Тумар) энебиздин заманынан бери сакталган андроновдук маанайдагы падышалык көрүстөндөр турат. Кир жөнүндө Геродоттон калган тарых даректери тастыктайт.
Азчылыгыбыздын азабынан кыргыздын эл катары сакталбай, жоголуп кетүү коркунучун жараткан ХI кылымдагы калмактар менен кытайлар баскан кара күчтөн Манас атабыз сактап калды эле. Анын далили катары Сагынбай манасчынын айтуусунда:
Кабылан Манас чыгыптыр
Кара кыргыз тобунан.
Жүз сексен жыл чамасы
Чыңгызхан чыкты соңунан - деген ыр саптары жазылган.
Ага кошумча далил катары Сагынбай манасчынын айтуусу боюнча Манастын күмбөзү Кулжа тарапта "Акчий" деген жерде экен. Ал күмбөздү көргөндөрдүн бардыгы Таластагы күмбөздөн төрт эсе чоң жана көркөм экендигин айтышат. "Күмбөз" деген араптардын маданияты. Демек, Манас атабыз ислам дини турмушубузга кирген заманда же Сагынбай манасчы айткандай, XI к. жашагандыгы чын.
Уламыш боюнча Манас ата заманынан бир кылым мурда Орто Азиянын падышасы Арслан Карахан заманында кытайдан Ан Чжан деген дыйкан адамды аталарыбыз атайын алып келип, азыркы Анжиян шаарынын чөлкөмүнө дыйканчылык уюштурууну буюруптур. Ошол адам багбанчылык өнөрү өтө күчтүү болгондуктан, ал аймакты гүлзарга айландырып, ошондуктан ал аймакка Ан Чжандын урматына Түрк тилине коошпогон "Анжиян" - деген аталыш коюлган имиш.
Аңгыча 926-ж. Улуу кургакчылык башталып, Улуу Кыргыз Кагандыгы Түркияга кеткенде бул жерде калган "алакандай аз" кыргызды калмак жана кытайлар чаап, Манастын аталарын Алтайга айдайт. "Манас" дастанында Манас атабыз эр жеткенде Алтайдан келип, Ат Башы жергесиндеги Катаган кыргыздарынын ханы Кошой атанын жардамы менен Анжиян жергесинен кытайлардын ханы Алоокени кууп чыгып, Ала Тоо, анын ичинде Анжиян жергесиндеги кыргыздарды душмандын баскынынан куткарганы айтылат.
Андан оор "кара күч" 1916-жылдагы орус кыргынында болду. Тарыхтын ал учурун унутуп, бүгүн Россияга кошулабыз дегендер чыгууда. Жергебиздин бейишке тете экендигине кызыккандардын шыкагынан улам Россиянын ал учурдагы падышасы Николай: "Кыргыздын кырылгандан калганы Балкаш көлүнүн айланасындагы чөлдөргө айдалып, жери бошотулсун" - деген буйругун чыгарган. Бүгүн Россияга кошулабыз деген адамдар 1916-жылдагы ошол кыргынды кайра чакырууга жол салганы жатышат. Бирок, ал кыргында кыргызды Кудайым сүйүп жараткан эл болгондуктан, орустар Кудайдын каарына калып, коммунисттер тарабынан 1917-жылы падышалыгы кыйрап, Николай падыша үй-бүлөсү, 12 адамы менен өлтүрүлүп, орус калкынын элитасы кыргынга калды эле.
Эмки "кара күч" Кыргызстанда жашаган өзбек "ортаглардын" колунда туруп жатат. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" демекчи, чындыкты жашыра берип бүгүнкү коога чыкты. Анын далили катары 1990-жылдагы Ош коогалаңынын изи сууй электе бүгүнкү окуялар улантылууда. Эми дагы каргашалуу күндөр кайталанбас үчүн чындыкты жашырбай, ачык айталы.
Ош коогалаңынын чыгыш себеби "жаманыңды билип алдым, кырманыңа кирип алдым" деген макалга ылайык келет. Кыргыздар бардык адамдарды өзүбүздөй ойлоп, ичибизде эч кандай кирибиз жок, актай дилибиз менен мамиле кыла берип, киринди этносторду башыбызга чыгарып алганбыз. Ага кошумча ашыкча байлык жыюу деген сапатыбыз бөлөк элдердикинен көп эсе төмөн. Байлыгы көп адам байлыгы жок адамга теңсинбей мамиле кылуусу адамзат коомунда оболтон бери орун алган адат. Албетте, кыргыздарга караганда Оштогу өзбек инсандары алдаганча бай турушат. Чайхана, кафе-ресторандардын бардыгы ошолордуку.
(Уландысы кийинки санда)









кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??