Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кыргыз Республикасынын Президенти
Роза Отунбаевага
Жогорку Кеңештин төрагасы
Акматбек Келдибековго
"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси
Өмүрбек Текебаевге
Уулунан ажыраган
Тургунбек Жумагуловдон
Эркин Жумагуловадан
Ачык кат
"Үч неберебиз атасыз жетим калышты"
Урматтуу Роза Отунбаева!
Урматтуу Акматбек Келдибеков!
Биз милиция кызматкерлеринин соккусунан каза тапкан Нурлан Жумагуловдун ата-энеси болобуз. Учурда кан жутуп, какшап турабыз. Уулубузду милиция кызматкерлери негизсиз кармагандары аз келгенсип, өлтүрүп тынышты. Уулунан ажыраган ата-эненин күйүтү кандай болоорун жакшы билесиздер. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугу корголууга тийиш! Бул тууралуу атайын мыйзамдар жазылган. Урматтуу жетекчилер сиздер кылмышкерлерден мурда милициялардын кылмышкерлерин тазалашыңар керек болчу. Милициялар "бөрк ал десе баш алып" өз билген намаздарын окуп жатышат. Акаевдин, Бакиевдин учурундагыдан да азыр адам укугун коргоо алсыз болуп калды. Мындан улам Сиздердин жүргүзүп жаткан саясатыңар эки жүздүү саясат деп билебиз. Бакиевдин учурунда да элдин милицияга болгон ишеними жок болуп калган. Ошол учурда Сиз Роза Исаковна бир митингде адам укугу корголбой, кордолуп жатканын эл алдында айтып, Бакиевди сындаган элеңиз. Учурда милиция кызматкерлерин ээн-эркин кое берип, бей-күнөө балдардын убалына калтырып жатасыз. Сизде да энелик мээрим бар деп ишенебиз! Суранаарыбыз уулумдун өлүмүнө күнөөлүү милицияларды жазага тартып, мыйзамсыз кадамдарына бөгөт коюп бериңиз! Болбосо Сизге деген ишеним барган сайын азаюуда. Уулубуз кармалгандан кийин, бизге телефон чалып "ата Мелис Турганбаев 10 000 АКШ долларын сурап жатат. Мен күнөөлүү эмесмин. Бербейм" деген. Көп өтпөй каза болуп калды. Урматтуу жетекчилер силер милицияларга кошумча акча табуучу булак пайда кылдыңар!
Урматтуу Өмүрбек Текебаев!
Биз Сизге абдан таң калып жатабыз. Бакиевди Сиз дайыма адам укугун коргоодо алсыз деп сындап келгенсиз. Бирок, Сиз депутат болгондо адам укугун коргоону колго алгандын ордуна, өз кызыкчылыгыңызды көздөп жатасыз. Кылмышкерлерге согуш жарыялоо эң биринчи сиздин максатыңыз болгон. Ошондой эле бул идеяңызды биз да кубанып колдогонбуз. Бирок, кубанычыбыз кайгы менен коштолуп отурат. Учурда биз сиздин идеяңызды жеке кызыкчылыгыңыз үчүн чыгарган деп билебиз. Эгер андай болбосо милициялар кайсы кылмышкерлер менен күрөшүп жатканын, кимдерге кол салып, кимдерден акча жасап жатканына кызыгып көрүп, эң биринчи милицияны тартипке чакырат элеңиз. Тилекке каршы андай болгон жок. Демек Сиз да эки жүздүү саясат жүргүзөсүз. Биз буга чейин Сизди баарынан таза жана адилет саясатчы катары баалачубуз! Сизден суранаарыбыз уулубуздун укугун тебелеген милицияларга чара колдонуп бериңиз. Үч неберебиз атасыз жетим калышты.




  Укук

"Беспределдин" арты-өлүм.
Күнөөлүү ким?
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялаган бийликке эл тарабынан көптөгөн нааразычылыктар айтылып келүүдө. Бирок, бийлик негедир мындай нааразычылыктарга сыртын салып, эч кандай жооп кыла элек. Жакында кызыл шапкечендердин кордугунан бөөдө өлүм болуп, бир аял жесир, үч бала атасыз жетим калышты. Кылмышкерлерди колго түшүрүүдөн мурда милиция кызматкерлерин тартипке чакырып, алардын профессионалдык деңгээлин жогорулатып, алкымдарын тыйып, "бөрк ал десе баш алгандарынын" куйруктарын тазалап туруп, анан кылмышкерлерди кармоого буйрук бергенде иштин жыйынтыгы балким башкача болмок беле. Учурда кызыл шапкечендердин жасаган жоруктарына нааразы болгондор күн санап өсүп барат. Көчөдө кетип бараткан адамдын чөнтөгүнө кол салмай, эптеп тыйын табуунун аракетин көздөп түнкү клубдарды кыдырып акча сындырмай адатка айланган. Биз төмөндөгү макалабызда бейкүнөө ажалга кабылган Нурлан Жумагулов тууралуу баяндайбыз.

Бишкек шаарынын жашоочусу Нурлан Жумагуловду 2011-жылдын 18-февралында Чүй облустук кылмышкерлерге каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер-тобу 12-кичи районунда жайгашкан Ормон-Хан билярд ойноочу клубунан кармап кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча милиция кызматкерлери Нурланды эшикке алып чыгышып, чөнтөгүнө 5гр гашиш салышкан. Бул тууралуу Нурлан ата-энесине, жубайына билдирген. Октябрь райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганча эки ай камакка алуу чечими чыгып, Нурлан Жумагулов Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо жаткан. Бирок, күтүлбөгөн окуя болуп, Жумагулов 22-мартта эртең менен саат:9:00дө көз жумган.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча Нурлан оор соккудан улам башына доо кетип, 14-мартта таңкы саат:5:00 чамасында СИЗОдо эс учун билбей жатып калган. Өкүнүчтүүсү Нурланга тез жардам көрүлбөстөн, эс учун билбеген адамды №47 колонияга жөнөтүп жиберишкен. Ал жерде көпкө кармалып, ооруканага жеткирүүгө документ даярдай башташкан. Ошентип ортодо бир топ убакыт текке кеткен соң, Республикалык нейрохирургиялык бөлүмүнө кечки саат:16:30да алып келишип, 18:20да операцияга киргизилген. Ошентип, мамлекеттик кызматкерлердин шалаакылыгынан улам, Нурлан эртең мененки саат:5:00дөн кечки саат:18:30га чейин медициналык жардам албастан жатып калган. Ортодо 13 саат текке кетип, 22-март күнү эртең менен саат:9:00дө эсине келе албай көз жумган. Балким ортодо убакыттар текке кетпегенде, Нурландын өмүрү сакталып, бир аял жесир, үч бала атасыз жетим калбайт эле.
Бул жерде ачыктан ачык мыйзам бузууга жол берилгендиги, Жумагуловду кармоодо конкреттүү фактылары жок болгондугу ачык байкалып турат. Биринчиден, Жумагуловду колго түшүрүүдө конкреттүү фактылары болгон эмес. Эгер болгондо эң биринчи соттон санкция алынып анан камакка алынмак. Экинчиден СОБР менен кармашкан. СОБР мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирилгенде гана ишке киргизилет. Жумагуловду мындан мурда эки жолу үйүнөн негизсиз кармап кетип, кайра кое беришкен. Кандай болгон күндө да бардыгын адилет соттун ыйманына коелу.
Назгүл МАМЫТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??