кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

"Же-же"легенге кезек келген түрү бар
Беделдүү 24.kg ИАсунда түштүктөгү каргашалуу июнь окуясын териштирүү милдетин өз моюнуна алган парламенттик комиссия ишин аяктап, чыгарган тыянагын ЖКтин фракцияларына таратып бергени кабарланды. Депутат Токон Мамытовдун айтымына караганда, 2-апрелде комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өтүп, иликтөө иштери боюнча бир жаңсыл пикирге келген корутундусу чыгарылды. Парламенттик топтун төрагасы Т.Мамытовдун билдиргенине карап баксак: "Азыркы комиссиянын чыгарган баасы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия келген тыянактан катуу деле айырмаланып кете албайт" экен.
Эскере кете турган жагдай, Улуттук комиссия Ош жана Жалалабаддагы этникалык кагылыштын чыгышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, биринчи кезекте күч органдарынын төбөлдөрүнүн күнөөсү бар экени белгиленген эле. Негедир айтылган сынды башкалардай токтоо кабыл албай жукалык кылып чычалап, "калыстыктан четтеп кеткен комиссиянын баасына" катуу тырчыган ошол июнь окуялары учурунда Өткөөл мезгилдин президентинин түштүк региону боюнча атайы өкүлү кызматын аркалап турган, азыркы Соцдемократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевди түз эле сотко берген болчу. Кылчактап койгонго жараган эмес. Дагы бир жагдай, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери, мезгилинде Убактылуу өкмөттүн бакандай мүчөсү Ө.Текебаев жакында түштүктөгү июнь окуясы менен Маевка каргашасынын чыгышына өзүнүн да жоопкерчилиги бар экенин моюнуна алганын эскере кетсек артыкбаш болбос эле.
Эки комиссиянын чыгарган жыйынтыктары бири -бирине бап келип калганы генерал Исмаил Исаковго абдан эле кыйын болчудай. И,Исаковдун алдыда түзүлө турган форс-мажордук кырдаалдан чыгып кете алышы оңойлукка турбай калганы анык. Түзүн айтканда И.Исаков же А.Эркебаевден кечирим сурап соттогу арызын алып ташташы керек, же кийинки парламенттик топтун башчысы Токон Мамытовду да Улуттук комиссиянын төрагасы А.Эркебаев менен бир көгөнгө байлап туруп сотко бериши талап этилет. Башка ылаажысы жок. Арга менен альтернатива да ченелүү. Антпесе, андай кадамга барбаса, принципсиздигин көргөзүп элдин ишеничинен кетип калышы оңой. Кыскасы, генерал И.Исаковдун "же-же"леп кала турган күнү жакындап калганы баамдалбай койбойт. Неси болсо да "кыйын эле болду кыргызга", тоюс, И.Исаковго.
Үсөн Касыбеков




Ө.Текебаевдин саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
- Ө.Текебаев кыргыз тарыхындагы саяс атты талкалаган адамдардын эң биринчи катарында турат. Өзүн "абдан куумун, элдин баарын кынтыксыз ишендирип, жакшы эле алдап атам" деп ойлойт. Өзүнүн түзгөн Конституциясы өзүнүн башына муш болуп, өзүнүн саясий программаларына тузак болуп берди. Ал парламенттик шайлоодо "биринчиликти алып, спикерликти колума алам" деп ойлогон. Конституцияны дагы өзүнүн нугуна буруп алган. Баягы бир тамсилде түлкү куйругун тышка чыгарып, куйругунан айрылып калгандай абалга кептелди. Азыр болсо Улуттук каналды басып алып, өзүнүн саясатын жүргүзүп аткан кези. Конституцияны оңдогонго болбойт деп чарылдап жүрөт. Эгерде президенттик шайлоодо жеңишке жетишсе, бир жумадан кийин Конституцияны оңдоп жиберет.

Кусейин Исаев, саясат таануучу:
- Албетте Ө.Текебаев менен чай ичишип, жакындашып көрбөгөндөн кийин, анын кулк мүнөзүн, адамдык сапатын сындай албайм. Ал эми саясатчы катары аны баарыбыз эле жакшы билебиз. Өзүнүн позициясынан кетпеген 21 - кылымдын мыкты саясатчылардын катарына кирет. "Ата-Мекен" социалдык партиясынын төрагасы болуп бир топ жылдан бери саясатта күрөш жүргүзүп келатат. "Ата-Мекен" партиясы социалдык деп аталганы менен программалык идеялары жана 7-апрелден кийинки түзгөн Конституциясы бир топ жеринен дал келбейт. Ө.Текебаев Батыштын либералдык багытына ыктап баратат. Социалдык, эркиндикте менталитети калыптанып калган кыргыз коомуна батыштын саясаты туура эмес болуп калат. Эгерде кыргыз элинин тарыхына, менталитетине, руханий байлыктарына маани бербестен, батыштын саясатына ыктай берсе Ө.Текебаевдин беделине терс жактарын тийгизет.

(Уландысы 8-бетте)





Урматтуу окурмандар!
Сиздер күтүп окуган
"Айкын саясат" гезити мындан ары ар
бир жуманын Шаршемби күнү (среда) курч
макалалары менен жарыкка чыгат. Сиздер
чындыкты, акыйкаттыкты издесеңиздер,
биз менен бирге болуңуздар!





Яндекс.Метрика