АПРЕЛДИН ЖЕТИСИ - АРМАН! АРМАН!
БҮРКҮТ ЖҮРӨК
Билгениндей каккылап добулбасын,
Бийлик үчүн аткылап кары-жашын…
Кыргызым баатыр билек, бүркүт жүрөк,
Алдындагы бербеди бышкан ашын.

Арам ойлор топтолуп хан башына,
Куралчандар чыгышып там башына.
Өз элин өгөй көрүп кордоп жатты,
Жаткызышып тепкилеп жамбашына.

Байкуш элим тепсетип азаттыгын,
Билгендерге бул кылмыш азап бүгүн.
Атылышты азамат жигиттер ээ,
Көтөрүүнү ойлогон элдин жүгүн.

Чукушуп элдин мүлкүн келемишче,
Тоюшту арам пулга керегинче.
Бүркүт жүрөк жигиттер окко учту,
Бийлик менен чабышкан эр эңиште.

Сагындык ДӨӨЛӨТАЛИЕВ,
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылынан


Апрелдин жетиси, апрелдин,
Алы куруп ансыз да жакыр элдин.
(Америка качкынын эсептебейм),
Ар-намысы ойгонду баатыр элдин.
ХХХ
Ханы дагы, беги да сыйдан кол жууп,
О бул жашоо чын эле жалган, жалган!
Ак үй кадим душмандын дзотко окшоп,
Апрелдин жетиси - канга канган!
Кыргыз туруп кыргызга ок чыгарып,
Эне боздоп, атасы - алсыз, карган.
86 өмүрдү "ап" эттирген,
Апрелдин жетиси - арман…арман!
Бар бактысы аянтта талкаланып,
Байкуш өлүп, бу дүйнө байга калган.
Кара жоолук салынып келиптирсиң,
Апрелдин жетиси - арман…арман!
Кыналышкан эки элди кайраштырып,
Кыргын түшүп түштүгүм, күйүп-жанган!
Аптаптуу бир азапты ала келген,
Апрелдин жетиси - арман…арман!
Өмүр менен өлчөнгөн жеңиштери,
Качкын, саткын, калпычы жанга калган.
Каректерде Ала-Тоо жазы чөгүп…
Апрелдин жетиси - арман… арман!
Нурбүбү БӨДӨШОВА


КЫРГЫЗСТАН - КЫРГЫЗ ҮЧҮН
Эй, кыргызым, асыл агам, тууганым,
Мезгил турат алдыбызда өтө чак.
Бөлүнүүдөн кутулбасак эгерде,
Калаарыбыз анык биздин чачырап.

Кыргыз болсок, бололучу, бир кыргыз!
Кылчылдашып, кыл чайнашып өчөшпөй.
Кара басып калбайлычы бир күнү,
Кумдай болуп талкаланган чөйчөктөй.

Кыргыз берди кең дүйнөгө Манасты,
Кыргыз берди Чыңгыз деген аганы.
Сан жагынан эли саман миллиард,
Кайсыл улут мунун бирин бералды.

Оо, кыргызым, колго колду алалы,
Болбойлучу улуттун кор, жаманы.
Биз баарыбыз көтөрбөсөк бирдей баш,
Кепил барбы тийбейт деген залалы.

Гүлдөтөлү, өстүрөлү, өнөлү,
Бөлүшпөйлү, бөлүнбөсүн көркөмү.
Кечирилгис оор күнөөгө батарбыз,
Чөгөлөтсөк келгиндерге өлкөнү.

Оо, кыргызым, шедеврим, берекем,
Сенде жатат эл көтөрөр улуу дем!
Оо, Ата-Журт, Кыргызстан - кеменгер!
Сени менен сыймыктанат кыргыз эл!

Куп жарашат көөдөн керип мактансак,
Манас менен, Чыңгыз менен жар салсак.
Улут туруп Мекени жок жүргөн бар,
Гүлгүн өңүн санаа басып саргайып.

Кел, кандашым, көтөрөлү ураанды,
Кыргызстан таандык деген кыргызга!
Кыл өмүрлөр кыйылгыча кыргыз деп,
Кыргыз каны тамырда агып турганда!
Жантөрө СУРАНОВ.




ТЫНЧТЫК БЕРСИН, КУДАЙЫМ
Жип үзүлсө, улап койсоң жалгашаар
Бүгүнкү күн эртеңкиге алмашаар.
Тирүүлүктүн машакаты көп экен,
Бирин бүтсөң, башкасына алмашаар.

Эрте туруп эмгегимди кылайын,
Эл-жеримде тынчтык болсун ылайым!
Жетинчи апрелдей кайгы салган,
Алааматтан алыс кылсын Кудайым.

Кыйын күнгө, катаалдыкка чыдаймын,
Кан жутканга жеткирбесин сураймын.
Жаш балага жаназа окуп көрүстөнгө,
Алпаргандан сактай көргүн, Кудайым.

Ачка болсом, ага деле чыдаймын,
Эл-журтума токчулукту сураймын.
Андан көрө ыйман берип пендеге,
Калың журтка тынчтык берсин Кудайым!
Жумагүл КЕНЖЕТАЕВА




КЕЧИРГИЛЕ, БООРДОШТОРУМ
Жетисинде көз жумган боордошторум,
Жалган сүйлөп арбагың козголтпоюн.
Кыргын салган Курманбек Бакиевди
Кармап келип жазалап соттотподум.

Кечиргиле, кан төккөн боордошторум,
Адилеттик Ак үйгө орнотподум.
Бейитте берген антын унутушуп,
Бийликтин ок атканын коргошконун.

Кечиргиле, сексен алты боордошторум,
Шайлоодо шайтан оюн ойношконун.
Кайтып келип Ак үйдөн орун алды,
Кылмышкерлер жуубастан кандуу колун.

Кечиргиле, курман болгон боордошторум,
Бийликтин бирин-бири колдошконун.
Чыркырап көлдөй төгүп көз жаштарын,
Чындык таппай апалар боздошконун.

Кечиргиле, бейкүнөө боордошторум,
Келечекке ишенич жоготкомун.
Байлык чачып мандатка ээ болушуп,
Бакиевдин бандасы тойлошконун!
Асек КАЗИЕВ.





МЕКЕНДЕШТЕРГЕ КАЙРЫЛУУ
"Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот."
И.Раззаков.

Абай салып айлананы карачы,
Азыр кандай адамдардын арасы.
Оңдош үчүн өксүп турган жашоону,
Оң жактабы, ою менен максаты.
ХХХ
Не себептен ойлор болуп чаржайыт,
Сарсанаага батып турат калайык.
Бир келаткан максат, тилек бириндеп,
Кимдер бузду, ким күнөөлүү, кимде айып?
ХХХ
Жашоо азыр эки башка өзгөрдү,
Урмат, сыйың байлык менен өлчөндү.
Кудайын да тааныбаса, а бирөө,
Таштандыны чукуганын көз көрдү.
ХХХ
Ыйман, абийир орун таппай үйүңдөн,
Кошоматтар, коррупция гүлдөгөн.
Өз орунун табалышпай арманда,
Канчалаган азаматтар эл деген.
ХХХ
Себеби эмне, ой жүгүртчү буларга,
Калыстык жок абалыңды сурарга.
Бар болгонун шумпайларга алдатып,
Байкуштардын үнү жетпейт Кудайга.
ХХХ
Аңдап-билбей ой жүгүртүп толгонбой,
Башкаларга күнөө коюш опоңой.
Алдым-жуттум талап, уурдап жатканда,
Сен да жүрдүң арасында ойлонбой.
ХХХ
Алар менен сен дагы кошумчасың,
Алып жатса кайдыгер тим турасың.
Мага каршы, сага каршы, элге каршы,
Адамдык нарк-насилин ким бузбасын.

ХХХ
Бел оорутпай бекер алган байлыкпы,
Ала келген кусур менен каргышты.
Тазаланып тамырыңдан, дилиңден,
Мээнетиңден таба билсең бакытты.
ХХХ
Башкага эмес, күнөөнү кой өзүңө,
Балакеттин тике кара көзүнө.
Тайманбастан жеп-жутканын бетке айтып,
Ок тийгендей селт эттиргин сөзүңө.
ХХХ
Тазалыкты дал өзүңдөн баштагын,
Бекер берсе кубанбагын, албагын.
Бир адамга үлгү болсоң ал дагы,
Өз артынан ээрчитмекчи канчасын.
ХХХ
Абалтадан келаткан ата салтын,
Аз убакта кантип эле унутасың.
Кайрылам, ошолордон ажырабай,
Дилиңден, жан дүйнөңдөн тазалангын.
ХХХ
Көзүңдү ач, өзүң менен күрөшкүн,
Кайдыгерсиз эң чечкиндүү күн өтсүн.
Жан дүйнөнү тазалоого жеттик биз,
Эл алдында милдетиң деп билээрсиң.
ХХХ
Чагым салчу бузукудан алыс тур,
Чатагы жок сөзүң менен калыс тур.
Бир кыргызсың, өйдө-төмөн бөлүнбөй,
Башкаларга боор тартып жакын тур.
ХХХ
Албай, бербей башкаларга жол баштап,
Алгандарды аябастан колго чап.
Мен албасам, сен бербесең бизди ээрчип,
Раззаковдун таза коому башталат.
ХХХ
Ар бириңе кайрылаарым, таза бол,
Мен да, сен да тазалансак болот жол.
Таштандыдай ачкөздүктү шыпырсак,
Элдин азыр тилеги да дал ошол.


Жума МАМБЕТОВ,
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар,
Журналисттер Союздарынын мүчөсү.