Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Саясий бейне

Санасаң санагы жок саясатчылар сапырылган самандай эле көбөйүштү. Курулай кыйкырык, курулай дымак менен күн көрүп, саясатты өздөрүнүн куралына айлантышып андан упай топтоону, элге жагынууну адат кылып алышкан учурлар да жок эмес. Кудай менен курдаш, Теңир менен теңдеш болуп, көөдөнүн көккө көтөргөндөрдү, биз, жердегилер биринин артынан бирин ушинтип "Саясий бейне" рубрикабызда сындай беребиз. Адилет болсунчу, анда, алардын бейнесине кыргызга белгилүү болуп калышкан, саясаттын казанында кайнап жаткан адамдар айтып бермекчи. Бүгүнкү "Саясий бейне" рубрикабыздын каарманы "Ата-Журт" фракциясынын төр- агасы Камчыбек Ташиев болмокчу.

Камчыбек Ташиевдин саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Орозбек Молдалиев, саясат тануучу:
- Кайсы саясий ишмердигине баа беребиз. Эки-экиден мушташып, эки-экиден жакалашты деген эле кептерди угуп калабыз. Илгери бир койчу "Койго карышкыр тийди" - деп элдин баарын улам эле дүрбөтө берчи экен. Бир күнү коюна чындап эле карышкыр тийип, койчу кыйкырып чыкса, тажаган эл ишенбей койгон имиш. Анын сыңары "коалициядан чыгам" деп бир айтып, кайра "чыкпайм" деп эки айтып, айтор баарынын башын айлантып жиберди да. Же чыгып кетпейт, же айтпай койбойт. Жогоруда сөз болгон койчудай болуп бир күнү баары ишенбей калат анан эле Камчыкебиздин кадыры кетет. Азыр абал кыйын болуп турганда коалициянын тарашы карапайым калкты эле азапка салып, айрым чиновниктердин бийлик бөлүшүп, кресло талашы менен гана коштолот.

Токтогул Какчыкеев, саясат тануучу:
- Камчыбек Ташиевдин саясий деңгээли али бышып жетиле элек. Ал бүгүнкү күндө интрига жасагандын ордуна, эл үчүн иш кылып койсо ашыктык кылмак эмес. "Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар" экендиги жашыруун деле болбой калды. Бүгүнкү коалициялык парламенттеги көпчүлүк депутаттардын саясий маданияттуулук жок. Алардын катарында Камчыбек Ташиев да бар.

Аскар Бешимов,
- Учурда Камчыбек Ташиев "Ата-Журт" фракциясын жетектеп, парламентте орчундуу маселелерди козгоп атат. Баардыгын ачык эле бетке айтып, ар бир маселени кабыргасынан коюп жатканын көрбөдүкпү... Маселен, кечээ эле, айрым депутаттар, "Байболов, Бабановдордун ишин жөн эле коёлу, сылык-сыпаа сүйлөшөлү" деп айтышса, Камчыбек мырза, аларга так кесе жооп кайтарды. Аны баарыңар эле көрсөңөр керек.

Мирослав Ниязов, саясатчы:
- Мен эч качан бирөөгө сын айтып, жамандап же мактап көрө элекмин. Бул менин позицияма туура келбейт. Айрымдар өзүнүн башындагы төөнү көрбөй туруп, бирөөнүн башындагы чөпкө асыла берет. Ансыз деле азыр бирин-бири каралап, биринин артынан бири сын-пикир айткандар көбөйүп кетти.

Өмүрбек Текебаев,
"Ата-Мекен" фракциясынын төрагасы:
- Бул суроону башка саясатчыларга берсең жакшы болот эле. Мен орчундуу суроолорго гана жооп берейин.

Жоомарт Сапарбаев,
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты:
- Камчыбек Ташиевдин түштүктө аброю чоң. "Ата-Журт" фракциясынын төрагасы катары жана эл шайлаган депутат катары өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп келатат.

Дастан Бекешов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
- Өткөн жумадагы болгон окуя парламентке эч өзгөрүү алып келбейт. Камчыбек Ташиев коалициядан чыкпайт. Азыр саясий абал курчуп турат. Карапайым эл кыйналып, кысталып турган кезинде, "Ата-Журт" фракциясынын өкүлдөрү коалициядан чыгып кетиши, бир топ кедергисин тийгизет. Кайрадан өкмөт куралып, кайрадан кадрлар жаңырып, кайрадан иш башталат. Ортодо - убакыт өлөт. Анын баарын Камчыбек мырза өзү деле сезип турат.

Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??