Айкын маек

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы, Алчынбай ТӨРАЛИЕВ:
"Улам бир министр алмаша бергенде иш жүрбөйт"
Кыргызстандын түштүгүндө чек ара маселеси бир топ көйгөйдү жаратып келет. Бирок, кайсы гана бийлик келбесин түштүк аймагындагы чек ара маселесин жөнгө сала албай, тил эмизип гана тим болушат. Мындан улам кыргыз бийлиги алсыз экендиги ачык көрүнүп турат. Өкмөт башчылары маселени чечкиче ортодо карапайым эл кыйналып, жерибиз азайгандан азайып, кемирилип-кертилип жатканы өкүндүрөт. Биз Бүргөндү өрөөнүнө сапар алып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай аксакал менен маектештик.

- Бүгүнкү күндө Ак-Турпак айыл округунда элдин абалы кандай?
- Биздин Ак-Турпак айыл округунда бүгүнкү күндө 2649 кожолукта, 12883 адам жашайт. Беш орто мектеп, эки толук эмес орто мектеп бар. Жалпы мугалимдердин саны 180, 3436 окуучу окуйт. Округдун карамагында 14 айыл бар. Айыл адамдарына башка жактагыдай эле үлүш жерлер берилген. Кудайга шүгүр бардыгы учурда жер айдоо менен эмгектенип жатышат. Негизинен айдоо аянттары суулуу болгондуктан көбүнчө күрүч айдалат. Ар бир үй-бүлө жок дегенде бир гектар күрүч эгишет. Элдин жашоо деңгээли Кудайга шүгүр ортодон жогору. Биз тарапта башка жерлерге салыштырмалуу үлүш жер кенен берилип, суу дагы тартыш эмес. Бүргөндү массивинде газ чыгып турат. Ошондуктан бардык айылдарыбызды газ менен камсыз кылганга аракет кылып жатабыз.
- Бекерби?
- Жайында ай сайын ар бир үй-бүлө 150 сом, кышкысын 250 сомдон төлөп турушат. Ал эми газды каалашынча пайдаланышат. Калган дагы тогуз айылга газ чыгаруу маселесин карап, азыр 19 миллион сомдук проектинин үстүндө иштеп жатабыз. Газдын трубалары тартылган.
- Бүргөндү өрөөнүн Бүргөндү району кылуу демилгеси көтөрүлүп жатыптыр. Бул демилгеңер ишке ашып жатабы?
- Бүргөндү өрөөнү Кадамжай районуна карайт. Райондун борборунан 70 км. областтык борбордон 60 км алыстыкта. Бул туурасында Президентибиз Роза Исаковна келгенде айтканбыз. Жергиликтүү бийлик, райондук, областтык жетекчилик Президентке "биз алыскы аймакта жашагандыктан, Бүргөндү өрөөнүн район кылып берсеңиз" деген сунушту киргизгенбиз. Роза Исаковна дагы биздин сунушубузду тереңирээк түшүнүп, "келечекте район кылса болот. Мен каршы эмесмин" -деп макулдугун берди.
- Эгер район болсо кандай пайдалуу жактары болот?
- Негизинен Бүргөндүнү мурда эле район кылыш керек эле. Бүргөндүнүн биринчи массивин өздөштүргөнбүз. Азыр экинчи массивин өздөштүрүүнү пландап, Бүргөндү дүкүр деп проект жазып, азыр 337 миллион сомдук проектибиздин курулушу башталып, бүгүнкү күндө эки трубада суу чыгарылды. Бул трубаны Өзбекстан менен чектешкен жерге чейин алып баруу керек. Учурда каналдын курулушуна 180млн сом керектелип жатат. Бул жактан 17 км аралыкта Өзбекстандын Риштан айыл өкмөтү менен чектешип турабыз. Биздин максат - ошол жерге чейин сууну жеткирип, анан генплан иштеп чыгуу. Башкача айтканда ошол Өзбекстан менен чектешкен аймакка айыл куруу. Эгер бюджет акча бөлсө, быйылкы жылы Кудай буюрса чек арага суу жетип калат. Сууну жеткирип алсак, анан аймакка адамдарды жайгаштырабыз.
- Ал жерди айыл кылуунун максаты эмне?
- Биринчиден элибиз үй-жай менен камсыз болот. Экинчиден, үч жарым миң гектар суулуу жер кошулат. Үчүнчүдөн, чет жакта жүргөн мигранттар да иш менен камсыз болушат. Ошол үч жарым миң гектар жерди өздөштүрүш үчүн. Төртүнчүдөн ал жерде Өзбекстан союз убактан бери ээлеп турган нефти жана газ бар. Күнүнө өзбектер 20 тоннанын тегерегинде нефти иштетип чыгарып алып кетишүүдө. Газды дагы ушул биздин аймакка бир жарым миң тонна камашат. Ал газ менен бүтүндөй Фергана өрөөнүн камсыз кылышат. Жаздан тарта газды камап, октябрда алып чыгып кетишет. Мына биздин Бүргөндү өзбектердин газ камоочу жайы болуп калган. Союз убакта да өзбектер пайдаланып келген, ушул күнгө чейин пайдаланып жатышат. Биздин максат чек араны тезирээк чечип, өзүбүздүн байлыкты алып, нефти, газды өзүбүз иштетишибиз керек.
- Демек, максатыңар союз маалында өзбектер пайдаланып жүргөн жерибизди кайтарып алып, чек араны бекемдөө экен да?
- Ооба. Суу каналын алып барып, элди отурукташтырып койсок эле жерибиз колго тийип калат деп үмүт кылып жатабыз.
- Президент бул боюнча чечкиндүү кадамдарды жасадыбы?
- Роза Исаковна бул жерди көрүп кетип, дароо эле өзүнүн буйругун чыгарды. Өзбекстан пайдаланып жаткан нефти, газды өткөрүп алуу боюнча министрликтерге тапшырмаларды берди.
- Бирок, аткарыла элек да?
- Жок. Аткарыла элек. Отунбаева Баткенге келгенде бул маселе дагы көтөрүлүп, ал "ушунун үстүндө иштеп жатабыз, алабыз. Бул маселе тезинен чечилип кетпейт экен. Мен министрлерге тапшырма бергем" деди.
- Мурдагы бийликке кайрылдыңыздар беле?
- Ооба. Жогорку Кеңештен депутаттар келип көрүшүп, сессияда карашкан. Кулов премьер-министр болуп турганда келген. Андан кийин Чудинов да келген. Кайсы чиновник келсе баарына көргөзөбүз, айтабыз бирок, жыйынтык болбойт.
- Бул маселени балким сиздердин колуңуздарга өткөрүп берсе, Өзбекстандан жерди ала алат белеңер?
- Эгерде айыл өкмөттүн өзүнө коюп койсо, өзбектердин чек арадан өтүп келип иштеген жумушчуларын эле чек арадан өткөрбөй коюп эле алып койсо болот. Бирок, бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе экен. Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министри чечип, тынчтык жолу менен алганыбыз жакшы болот го.
- Өзбекстан тынчтык жолу менен берет деп ойлойсузбу?
- Бериши кыйын. Бирок, биздин жетекчилерибиз жеткирип, чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Өзбекстандын мындай проблемалары бизде да бар. Биздики аларда бар. Бирок биздин байлыгыбыз болгон нефти менен газды ушул күнгө чейин чечип койсо болот эле. Союз тараганда 1992-жылы Минскидеги келишимде ишкана-мекемелер өз жеринде калсын деген чечим чыгарышкан. Казакстанда деле Байкоңур калып кетти го. Мына ошондо Кыргызстан чечкиндүү кадам жасабай койгон. Ошондо алып койгонубузда эч ким эч нерсе кыла албайт болчу. Мына эми азыр бул талаш маселе болуп жатат.
- Ак-Турпак айыл округунда айыл чарба иштери кандай жүргүзүлүп жатат?
- Арык, каналдарды тазалоо иштери болду. Бизде 338 гектар жүзүм аянттары бар. Учурда алар кыркылып жатат. 70 пайыз жазгы талаа жумуштары жүргүзүлүп бүттү.
- Кымбатчылык элге таасирин бир топ эле тийгизип жатса керек?
- Албетте кымбатчылык, элди бир топ эле алсыратып койду. Анын кесепетинен жер семирткичтердин баасы да өсүп кетти. Мындай шартта иш алып баруу кыйын. Айрыкча бизде Бүргөндү өрөөнүндө жерибиз таштуу болгондуктан, жер семирткичтерди көбүрөөк пайдаланабыз. Ошондой эле солярка дагы кымбаттап кетти.
- Инвесторлорду тартуу иштери кандай болууда?
- Биздин айыл өкмөттүн аймагына өткөн 2010-жылы 73 миллион сомдук инвестиция тарттык. Бүргөндү дүкүрдү өздөштүрүү боюнча 37 миллион сомдук иш аткарылды. Калгандары айылдарга газ тартканга, суу чыгарганга жумшалды. Мектептерди куруу, кошумча класстарды салуу иштери жүргүзүлдү. Жаңы конуштар өздөштүрүлүп газ, суу түтүктөрү тартылды. Жолдор оңдолуп, жаңы асфальт төшөлүүдө.
- Түштүк коогалаңы сиздерге кедергисин тийгизген жокпу?
- Албетте таасирин тийгизди. Өткөн жылы биз проекттерди эми өткөрүп келгенде министрлер алмашып кетти. Улам бир проектибиз башталганда улам бир министрдин алмашуусу бир топ таасирин тийгизди. Өкөн жылдагы түштүк коогалаңынан кийин бюджет тартыш болду. Заманыбыз тынч болбосо жумуш болбойт да. Улам бир министр алмаша бергенде да иш жүрбөйт.
- Коогалаңда чек арадагы өзбектер менен кыргыздардын мамилеси кандай болуп турду?
- Коогалаң башталганда бири-бирибизден чочуп турдук. Риштандан кирип келип калаар бекен деп. Өзбектер бизден коркуп турушту. Бирок, биз карап турбастан кароолдорду уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турдук. Өзбектер Сохко биз аркылуу өтүп турду. Чек аралар ачык эле болду.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Кадамжай-Бишкек