Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Асан кызы Анара:
"Милиция кызматкерлери "мойнуңа албасаң, таманыңа ийне саябыз" дешкен
Жолдошум Сүйүндүк уулу Теңизбек уста катары курулуш иштеринде бир топ жыл иштеп келген. 2010 -жылдын жай мезгилинде бир топ балдар менен азыркы Монополияга каршы агенттигинин директору Бабырбек Жээнбековдун үйүн еврорпалык-заманбап үлгүсүндөй кылып оңдоп - түзөө иштерин кылып атышкан. Анын үйү "Баят" базарына жакын жерге жайгашкандыгын мен кийин көрдүм.
Ал жердеги бир топ курулушчулар эмгек акыларын убагында алып турду окшойт. А менин жолдошум Теңизбек ошол курулушка прораб болуп иштеген Мирбек Түкеев менен болгон өзүнчө келишимдери бар болчу. "Күзгө чейин иштеп берсең, өзүм айдап жүргөн "АУДИ 100" маркасындагы унаамды берем" деген эле. Бирок, акыркы күндөрү жолдошум ортодогу келишимдерден баш тартып, акчасын эле алайын деп ойлоп жүргөн. Бир күнү ошол Мирбек Түкеев, жолдошум Теңизбекти 100 миң сом уурдап алды кылып милиция кызматкерлерине арыз жазып салыптыр.
Жолдошумдун эмгек акысы сексен миңге жакындап калгандыктан, так ошол маалда эмгек акысын сураганы барып, жалган жалаага кабылды да, милициялар Калык Акиева , Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги шаардык милиция башкармалыгына кармап кетишти. Ошол жерден аны жылыткыч "батарейкага" байлап алып, аябай сабашып, эки бөйрөгүн талкалап салышыптыр. Эч кандай бетке кармай турчу далилдери жок, "ушул эле уурдаган болуш керек" деген шылтоо менен гана кармап, эки күн тымбай сабашыптыр. Эки күндөн кийин бошотушуп, үйгө келген. А бирок, бир күндөн кийин кайра эле кармап кеттишти, ошондон бери жети айга кетип баратат. Жолдошум мойнуна албай койгондон кийин, кичинекей кызым экөөбүздү да кармап алышып Теңизбектин жанына алып барышты. Ымыркай наристем ошондо тогуз айга барып калган. Жолдошумду аркы бөлмөгө сүйрөп киришип, аябай сабап, токмоктогон соң ал аябай өң-алаттан кетип, эси ооп калды.
Кокусунан аркы бөлмөнүн эшиги ачылып калды эле, күйөөмдүн башына целлофан баштык кийилип турганын көрүп калдым. Тепкилеген сайын үнү ачуу чыгып, бизге чейин жаңырып турду. "Азыр таманыңа ийне саябыз, бол мойнуңа ал" деген үндөрү да угулуп, жанымды кейитти. Ошол жерден мени коркутушуп, "жолдошум 20 миң сом алып келип берген" деп жазып берип кой, анткени Б.Жээнбеков силерге 80 миң карыз турбайбы. Ошондо буларга 20 миң сом бересиң да, ошо менен иш бүтөт" деп мага жаздырышты.
Мен антип коркутуу менен жазбайт элем, саат сегизден, түнкү саат экиге чейин кармап кетиришпей, кызым болсо, чаңырып ыйлап, аны менен кошо мен да кыйналып кеттим. Жазып берип койсок, ушу менен чыгарат деп ойлодум. А бирок, андай болгон жок. Үйүн оңдоткон Б.Жээнбеков болсо сотко да келип койгон жок. Сотко бараар күнү же ооруп калат, же Таласка кетип калат. Деле шылтоосу түгөнбөй койду.
Ал эми Ленин райондук соттун төрагасы Сариев, "бул жерде айрым бир депутаттын да тиешеси бар экен, мен муну карай албайм, Бишкек шаардык сотко жазгыла" деп айтып, бул ишти карагандан баш тартып койду. Бабырбек мырзанын айтымында, ал прораб Мирбек Түкеевге жүз миң сом бербептир. Болгону каражат-материалдарга деп 20 миң, 30 миңден берип коюп турчу экен. Ал эми прораб Мирбек Түкеев болсо, "Б.Жээнбеков мага 100 миң сом берген, аны болсо Сүйүндүк уулу Теңизбек уурдап алды" деп жалаа жаап атат. "Кайсыл жерден жана кантип уурдаттың?" - деп сураганыбызда, "Ош базарындагы "Кыял" соода борборунун жанына унаамды токтотуп коюп, базарга кирип кеткем. Эшиктери бекилбей, иштебей калган эле. Ошентип унаам ачык калган" деп жооп берди.
Эч кандай күбөлөрсүз, эч кандай таянаар далили жок, "ушул Теңизбек эле алды" деп күнөөлөп коюшту. Бул эмне деген кордук. Же эмне, эмгек акысын төлөп бергилери келбей ушундай ишке алып барып атышабы? Түшүнүп болбой калды. Азыр жолдошумдун ден соолугу өтө начар. Ал камалып, тепки жей баштагандан он беш күн өтпөй, мээсине кан куюлуп атасы да кайтыш болуп калды. Куруган жолдошум атасына топурак да салганга үлгүргөн жок. Бир сөз менен айтканда токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет болуудабыз…




Бабырбек Жээнбеков, КР өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору
"Бул жерде эч кандай депутаттын тиешеси жок"
- Бабырбек мырза, былтыр жай мезгилинде Баят базарындагы үйүңүздү заманбап үлгүсүндөй кылып оңдотуптурсуз. Ошондо сизге иштеген курулушчулардын бири, Сүйүндүк уулу Теңизбекти прораб Мирбек Түкеев "100 миң сом уурдап алды" деп сотко бериптир.
- Мен уста балдарды тааныбайм. Бир гана прораб Мирбек Түкеев менен гана келишим түзгөм. Ал жумушчуларга акчаны кандай жол менен таратат өзүнүн иши. Мен болгону канча акча талап кылынса, ошонун баарын прораб аркылуу берип аттым. Бул жерде уурдалган 100 миң сомдун мага кандай тиешеси болмок эле.
- Теңизбекти сотко берген прораб Мирбек Түкеевдин атасы сиздин курдашыңыз болот турбайбы?
- Анын атасынын көзү өтүп кеткен. Биз бир айылдан болобуз. Демек бир айылдан болгондон кийин, бири-бирибизди тааныйбыз да.
- Ленин райондук соттун төрагасы Сариев шектүү деп кармалган Теңизбектин жакындарына: "Бул жерде айрым депутат, айрым чоң адамдардын тиешеси бар экен. Силер ишти шаардык сотко бергиле. Ал жактан карашсын" деп айтыптыр.
- Кайсыл депутат, кайсыл чоң адам? Силер муну тактап туруп, дааналап анализдеп көргүлө. Соттолуп аткан баланы мен сотко берген эмесмин, аны прораб берген экен. Бул жерде эч кандай депутаттын, чоң адамдын тиешеси жок.

Турсунбек Акун, укук коргоочу: "Бүгүн милиция кызматкерлери "беспредел" болуп кетти"
- Турсунбек мырза, бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери чыныгы кылмышкерлерди кармабай, бейкүнөө адамдарды кармап, уруп-токмоктоп атып, кылбаган ишин моюндарына алдырып атышат. Мындай учурда биздин укук коргоочулар каякта жүрөт?
- Чын -чынына келгенде, милиция кызматкерлери "беспредел" болуп кетти. Жогоруда сен айткандай коркутуп-үркүтүү фактылары бизге келип түшүп атат. Биз колубуздан келишинче жардам кылып атабыз. Бир топ адамдын укугун коргоп бердик. Жакында болгон абактагы адамдардын ачкачылык жарыялашы да бекеринен эмес. Алар ошол милициялардын кордугунан ушуга барып атышат. Бүгүнкү күндө соттор да туура эмес иш алып барып, акчасы барларга жеңилдетилген жаза берип же болбосо боштондукка чыгарып коюшууда. Ал эми акча бербегендерди кыйнап туруп мойнуна алдырып, бир канча жылга эркинен ажыратып коюшууда. Адамдын тагдыры менен ойноо - бул өтө ыплас нерсе.


Даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??