Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Жогорку Кеңештегилердин жоругу курусун

Эрке кыз атасынын сакалы менен ойнойбу?
Жогорку Кеңештегилердин жоругун көрө баштадыңар. "Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева отурса мен парламентке барбайм" деп Ташиев таарынып барып кайра жазылган. Өткөндө спикер А.Келдибеков "мен ачык айтайын, ушул убакка чейин Гимнибиздин текстин жатка билбейм. Гимн деген жүрөктөн чыгыш керек, ошондо гана ырдаса болот" таризинде тарс эткизип жатпайбы. Кечээ жакында болсо Текебаев менен Пирматов тебишип баштады. Андан көп өтпөй эми Сулайманов менен Ташиев парламент ичинде жөжө короздонуп чокушуп, ал жоруктары сыртка чыкканда бири-бирин тумшукка уруш менен аяктады деп айрым Интернет булактары жазып чыгышты. Айтор эл ишенген 120 депутатыбыздын ар биринде бирден кем эмес кылыктары менен былыктары бар окшобойбу. Аман болсок калган-катканын дагы көрө жатарбыз.

Дамира Ниязалиева деген депутат эжебиз да башка кесиптештериндей эле инсан. "Ничто человеческое мне не чуждо" ("Пайгамбардын жан жерин кармаптырмынбы, мен деле адаммын да" ) деген принциптеги айым дешет. Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин башчысы болуп, ити чөп жеп жаткан убагы. Эжекебиз министр кезинде түнкү саат бир-экилерге чейин Бишкектеги жеке менчик дарыканаларын ("Аманат фарм" фирмасы) кызматтык автомашинасы менен кыдырып (акчаларын чогултуп) кетмей "хоббиси" бар эле. Муну биз кайдан билмек элек, өзү тележылдыз болуп, тынымсыз чыгып жүргөн (азыр деле) учурларынын биринде айтып жатпайбы. Чоң бизнесин бирөөлөргө окшоп Моссоветте презерватив сатып эмес, бадыраң сатуудан баштап, эми болсо бизнестин битин сыгып, канын жалаганын айткан жайы бар. Кийинчерээк төөдөй болгон таңылчактарды көтөрүп, челнок да болуптур. Жан бакмак оңой эмес да. Анан барып дарыканаларды ачыптыр. Бирок Оштогу дары кампаңыз күйүп кеткени бир аз чатак иш болду да. Ошондо сизди жакындан билгендер ичинен "кан өтүп" кетти дешти. Ошол дарыларды белиңиз ооруп, бешенеңиз тердеп тапкандырсыз? Ошон үчүн ичиңизден "кан өтүп" кетти да. Чыгым чыкмайынча, киреше кирбейт деп коёт кыргыздар. Азыр го, эл акыны Шайлообек айтмакчы, таанышы бар танка болуп турасыз. Непадам колдоочуңуз "ыргып" кетсе, таанышы жок маңкага айланарыңыз турган иш.
Баса, министрликтин ичинде министрлердин сүрөттөрү илинген стендде Сиз өзүңүздүн сүрөтүңүздүн алдына министр болгон убактыңызды 8.04.07.-14.07.2010. деп жаздырып коюптурсуз да. Аны окугандар азыркыга чейин ооздорунан "апэ-эй, ботом" деп эриндерин шалпайткан бойдон жүрүшөт. Эмне, Сиз Бакиевдин убагында эле министр болуп иштеп калдыңыз беле? Биз аны билбептирбиз. Анда эмне- аныңызды билбей Атамбаевдин башы айланып калганбы? Же 3 ай эле министр болгонуңуздан уялып, "8.04.2010." деп жаздырыштын ордуна "8.04.07." деп сүрөтчү жаңылдыбы?
"Ак жолдун" күнү тууп турганда кара жолтой "ложкалардын" ("Акжолду" артынан окуса "ложка" болоорун билесиз да! ) тойлорунда Бегалы Наргозуевду баш кылып, бизнесин саясатка садага чапкан Динара Исаева, Роза Абдыраимова, Чолпон Абдуллаеваны жандап жүргөнүңүз да ошондон улам го, сыягы. Сессияда Р. Отунбаева чырылдап сын айтса, спикер зекип, микрофонун өчүргөндө, колдоп койгонго жарабай, унчукпай мулуюп отурчу элеңиз. Аялзаты пенделигине алдырып коёт экен. Түн бир оокумга чейин шопуруңузду кармап, анан чоочугансып "үйдөгү кенже баламды ойнотуп, алаксытып кой" деп буйрук бергениңизден тажаган айдоочуңуз кетип калган дешет. Кызмат абалыңыздан "кичкинтай" болсо да, кыянатчылык кылганга да үлгүрүпсүз. Шприцтер менен чыккан чууда атыңыз бир дүңгүрөп барып токтоду.
Айлакер айымга айла жок демекчи, сиз Саламаттык сактоо министри болуп турган учуруңузда, өзүңүз кызматтан кубалап түшкөн орун басарыңыз Мадамин Каратаевди кабинетиңизге чакырып, жаш баладай алдап-соолап "сизди Медакадемияга ректор, же Улуттук госпиталдын башкы дарыгерлигине жөнөтөм" деп арызын жаздырып алып, кечинде партиялашыңыз Атамбаевге кол койдура салган буйрукту бетке кармап, Мадамин мырзаны көчүккө тээп койдуңуз. Анын ордуна эртеси министрликтин эсебинен эки үйлүү болгон, үйүндө үңкүйүп кызматсыз отуруп калган Касымбек Мамбетовду жетелеп келе салдыңыз. Ортодо олчойгон акча, же Кара-Кеченин "Беш-Сары" фирмасы менен түз же кыйыр байланышкан орток бизнес, болбосо "жер тамырынан эл тамыры көп" деген көңүл кыйбас тааныш-билиштик, тууган-урукчулдук жок беле? Эртеби-кечпи аныңыз деле билинээр. Жогорку Кеңеште буйруса бардык былыктар ачыкка чыга турган шарт түзүлүп келатат го. Атаңыздай аксакал киши, СССР мезгилинен бери далай жетекчилик кызматтардын алчи-таасын көрүп көзү каныккан Оморбай Нарбеков ошондо "Ишке алуунун да, бошотуунун да маданияты болот, Дамира Абаскановна, кызмат абалынан кынтыгы табылып куулган немени жетелеп келгениңиз Сизге министр катары аброй апкелбейт" деген сөзүнө теригип, аксакал кишинин бетке чабар калыс сөзүн ушул убакка чейин унута албай жүрөсүзбү?
Министрлик, депутаттык даражага жеткен айымдын жеке адамдык сапатында андай кекчилдик касиет болгон күндө да ээлеген жогорку кызматына байланыштуу айкөл болуп, кек сактабаган сапатка ээ болгону дурус. Сын айтса теригип, "сениби, шашпа, ооматым ого бетер өйдөлөсө, сазайыңды берип, бура бастырбай, бутуңду тушабасамбы" деген чолок ой менен жашасаңыз өзүңүзгө эле залалы тиер. Кесиптешине кек сактап, өч алган саясаттын арты асти жакшылык менен бүтпөс. Саясат дегениң дароо эле килолоп же дүңүнөн сата коюп пайда таап, пулуң болсо кулуңмун дегидей бадыраң же шприц, дары эмес да. Саясатта стратегия, тактика, сабырдуулук, интеллект, акыл-эс, айкөлдүк көбүрөөк, сезим, эмоцияга ишенүү азыраак болгону оң. "Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен? Сойлоорго буту жок, жылан байкуш кантти экен" деп Асанкайгы кейиген экен. Дамира айым Асанкайгычалык боорукерликке жете албаса да аракет кыла алабы? Же сүт менен бүткөн ургаачы мүнөз, сөөк менен чыгабы? "Татыбаган туз жаман, тастаңдаган кыз жаман" дейт. Ай тийбес, күн тийбес көргө баргычакты, баарыбызды батырган балбан Жердин үстүндө убактылуу мейман экенибизди унутпайлы. Жогорку Кеңешке депутат болуп алдым деп эле "Бейиш" элдик медицина борборун союз мезгилинен бери жайгашкан имаратынан кууп чыксаңыз миңдеген элдик дарыгерлердин, алардан шыпаа алып айыгып жаткан он миңдеген оорулуулардын, борбордо иштеп жаткан 80ден ашуун жогорку кесипкөй кесиптештериңиздин нааразылыгы каргышка айланып кетпейби? Башка депутаттар өз тармактарынын кызыкчылыктары үчүн кызыл чеке болуп жатышса, сиз өз тармагыңыздын талпагын ташка жайгыңыз келгени кандай? Атасынын сакалы менен ойногон кыздын кылыгындай иш жасап жаткан жоксузбу? Оморбай Нарбеков менен жеке мамилеңизди ал СССР кезинде түптөп кеткен "Бейиш" менен байланыштырып, ал жердегилерди имаратынан кууп чыгууга көрүп жаткан аракетиңизди коомчулук андан өч алуу актысы деп баалабас бекен?
Саруул ШАБОТОЕВ




7-АПРЕЛЬ БААТЫРЛАРЫНА ТААЗИМ
Дүбүртүнө кыргыздын,
Дүйнө эли көңүл бурду го.
Өз элине ал бийлик,
Мылтыгын октоп сунду го.
Ак үйдү алам десеңер,
Автомат менен коргойм деп,
Ал сөзүнө турду го.

Окко төшүн тосконду,
Бериптир Кудай кыргызга.
Акыры башта бир жолу,
Өлүм бар экен кыргызда.
Эл-жери үчүн өлгөндү,
Эл баатыр дешет кыргызча.

Коогалаң жасап ал бийлик,
Комсортуп кетти жеримди.
Токсонго жакын баланы,
Тоо кийиктей аттырып,
Томсортуп кетти элимди.

Сексен канча баатырдын,
Мекен үчүн жан берип,
Өлгөндүгүн көрдүңөр.
Кыргыздын кымбат балдарын,
Өз колуң менен көмдүңөр.
Ажалдан алып кала албай,
Айла жоктон көндүңөр.

Аттиң дүйнө ушундай,
Арабызда алар жок.
Ал күндү азыр эстесем,
Айыгаар дарттан абал жок.
Айланып жылдар келсе да,
Аткандардан кабар жок.

Азаматтар, ушул ыр,
Арбагыңа арналат.
Ар бириңе даңк дейбиз,
Ак топоңду кармалап.
Аткандар болсо силерди,
Акыры
Бир дүйнөдөн кармалат.

Ал күндөгү максатың,
Аткарылаар деп турам.
Атыңарды унутпай,
Ай-ааламга кеп курам.
Артыңарда биз барбыз,
Ал сөзүмө бек турам.

Кубанычбек
КӨКӨТАЕВ,
Нарын областы.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??