Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 6-апрель калабасы

Таласта бир адам курман болгон!
Бурмабүбү Таштаналиева-Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын тургуну
- Таласта 6,7-апрелдеги революцияда бир да адам курман болгон жок деп жүрсөк Сиздин күйөөңүз каза болгон тура. Ал качан, кандай шартта курман болду эле?
- Жолдошум Рыспеков Таалайбек Кентонович 6-апрелге чейин эле элди Бакиевдердин режимине каршы уюштуруп жүргөндөрдүн бири эле. 6,7-апрелдеги Таластагы элдик революцияга активдүү катышып, башынан алган жаракаттан 2 айдан кийин кайтыш болуп калды. Апрель окуясына чейин "Кандуу жол" деген даректүү баян басылып чыккан китепчени Үч-Эмчек айылынын жашоочуларына "окугула" деп таратып чыккан. Айылда окубаган киши калган эмес. Ал турмак кошуна Арал, Пионер, тигил жагы райондун борбору Көк-Ойдогу жек-жааттарга чейин окутуп, Бакиевдин бийлиги туура эмес болуп, элди кыйнап жатат деп 6-апрелге чейин эле үгүттөп жүрчү.
6-апрель күнү айылдаштарын уюштуруп Таласка келишкен. Мен да алардын артынан келип, бирге жүргөм, бирок күйөөм Таласка самолеттор, вертолёттор менен спецназдар келгенден кийин "менин жүргөнүм жетишет" деп мени кетирип жиберген.
Өзүнүн айтуусунда алар областтык Ак үйдү үчүнчү жолку аракеттен кийин гана ээлешкен. Анын айтымында, Ак үйдү ээлер алдында ал чогулган элге "чыгыш тарабынан бир группа кирели, бир группа батыш тарабынан кирели" деп уюштуруп жүрүптүр.
- Кайсы күнү жарадар болгон экен?
- 6-апрель күнү Ак үйдү ээлөөдө аны коргоп турган милиция, ОМОНдор менен кагылышууда башына дубинка тийип, жарадар болуптур. Бирок ооруканага барбай эле эл менен ызы-чууда баш-көз болуп жүрүптүр. Бийлик алынгандан кийин Талас районунун төртүнчү координатору болуп шайландым деп жүрдү.
7-апрель күнү эртең менен таңдан баштап айылдагы элди Таласка алып барууга үгүттөп, топтоп, анан баарыбыз кайра Таласка бардык. Ошондо эле сүйлөгөнү башкачараак болуп калганын байкагам. Түштөн кийин УВДнын короосундагы бир машина өрттөлө баштаган мезгилде чыдабай кыйнала баштаганынан болбой аны көндүрүп, чырылдап айылга алып кеттим. Бир-эки күндөн кийин бети-башы шишип, көздөрү ачылбай, сүйлөй албай калды. Кыйналганын көрүп, "доктурга көрүн" десем тил албай койду. Күйөөм эр көкүрөк, мен өзүм билем деген, аялдын тилин албаган адам эле. Мен ызылдап отуруп алгач Арал айылындагы ФАПка алпарып көрсөтсөм, кан басымы көтөрүлгөнүн, жүрөгү да жакшы эмес экенин айтышты. Өзү да башы ооруп турганын айтты. Айылдагы врачтар Талас шаарына барып көрүнгүлө деп жолдомо кагаз жазып беришти.Тезинен ооруканага жатып, дарыланбасаңар болбойт дешти. Күйөөм ага да болбой, "мени координатор кылып коюшса, анын үстүнө эл тынчыбай жатса жатып алганым туура эмес болуп калат го" деп ооруканага жатпай койду. "Судмедэкспертизага да барбай койдуң, абалым нормалдуу эле деп жатасың. Нормалдуу эмессиң. Уйкуң жок болсо" деп аябай эле көндүрүшкө аракет кылып жүрдүм. Бирок тил албай, "буту-колум соо болсо, тигил жакта 87 бала өлүп калса, мен кантип жатып алайын" деп жүрүп, оорусун күчөтүп алды.
- Бул кайсы мезгил эле?
- Анда май айы болуп калган. Биз жер айдатып, талаа жумуштарын баштап калдык. Ал жумуштарга да аралаша алган жок. Түнү-күнү уйкудан калып, 9-июнда каза болуп калды.
-Артында канча баласы калды?
- Эки бала, бир кыз калды. Улуусу 27де, кичүүсү 25те. Эки неберем бар.
- Бийликтен эмнени талап кылып жүрөсүз?
- Курман болгондорго берилген Баатырдыкты менин да жолдошум алыш керек, анткени ал да Ата Мекеним деп, Бакиев бийлигин кулатабыз деп жан талашкан, элди үгүттөгөн. Бакиев али кызматынан кете электе эле жанагинтип "Кандуу жолду" элге коркпой таратып жүргөн.
- Баатырдыкты берүүгө кимдер же эмне тоскоол болуп жатат?
- Күйөөм "мен нормальный элемин" деп судмедэкспертизадан өтпөй койгон. Ошол документи жок тоскоолдук болуп жатат. Революцияга аралашып жүргөндөрдүн баары эле, айылдаштары да "бул кишинин эмгеги зор болгон" деп ырастап жатышат.
- Судмедэксперттен документ алса болот бекен, ал жакка кайрылдыңызбы? Себеби силер алгач айылдагы ооруканага кайрылган турбайсыңарбы. Алар тийиштүү документ беришээр да.
- Судмедэкспертизага барсам андай документ берилбейт дешти. Мен эми поликлиниканын документтерин алып, кайра судмедэксперттерге барышым керек.

Маектешкен
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




Алтын кендерин УКМК мүчөлөрү башкарып жатат
Алтындын арты чыр эмеспи. Алтын запасы арбын кыргыз калкым канчалаган кендер иштеп жатканы менен мамлекетибиз гүлдөп, өсүп-өнүп кеткен деле жок. Жалаң колу сууктардын айынан кендерибиздеги кендирди кескен коррупция, алардын анабашыларынын айынан экени айтпаса да белгилүү. Дүркүрөп иштеп жаткан "Кумтөр" кенин айтпаганда да Кыргызстанда тоо-кен тармагы укмуш эле өнүккөн. Бирок, алардын баарынын башына чет элдик компаниялар минип алып, билген намазын бир алар окуса, экинчилерден болуп өзүбүздөн чыккан мите курттар жайлап жатканын аздыр-көптүр сөз кылып эми дагы том-томдоп көп нерсенин башын кылтыйталы деп фактылар менен материалдарды токуп жатабыз. Кен тармагы эмнеге эле ызы-чуу, анан эле акчалардын арты тымызын иштер менен бүтүп жатканынын себебин билесизби, кыргызым. Баардык алтын кендеринде акылы мээсинин сыртында болгон жөөттөр башкарып жатат. Алардан кутулабыз деп азыркы министр адашып муруту мурчуйган кыргызга окшобогон кыргыздарды жумуштан алып таштап, көзү көк, мурду кырдач, чачы сары адамдарды кызматка коюп адашып калдыбы же тарыхта кыргыздар кандай өңдө болгону эсине түшүп кеттиби айтор кызылдай кыргыздарды жумушунан шыпырып баштап барып бир токтоду. Бул жөөттөр боюнча. Ал эми андан кийинки мите курттар УКМКнын убактылуу кызматтарынан алынган азаматтары жөнүндө. Алардын да бир тобу алтын кендерине баштарын матырып алышкан. Кантсе да чекисттер эмеспи. Башкаруунун жолун байкатпай, билдирбей жешет… ой, байкатпай иш кылат дегенибиз. Буга көпчүлүк кен чыккан аймактын эли нааразы болууда. "Качан бизди адистер башкарат, эртен мал доктурун деле келип бизди башкара береби…" деп сөөмөй кесегендер арбын. Жеп-ичип жатат деп аларды айтып жатканыбызга негиздер арбын. Маселен, Таластагы "Жерүй" алтын кенинде Анарбек аттуу УКМКнын мурдагы кызматкери иштеп жең ичинен жеп ичкендери ачыкталып жумушунан айдалып, кийинчирээк кайра баш салып бирок, билинген былыктары баш салдырууга жол бербей калганы да эсибизде. "Жерүй" кенинин айланасындагы УКМКчылардын былыктары тууралуу кийинки сандарыбызда окуйсуздар…


Бектур Асановду журналист сотко берди
Жалал-Абад телерадиосунун мурдагы директору Бактыкан Ажымаматова Бектур Асановду сотко берип, кызмат ордун калыбына келтирүүнү талап кылып жатыптыр. Жалалабаддыктардын айтымында, Бактыкан айым 7-апрелден 24-апрелге чейин элди козуткан көрсөтүүлөрдү эфирден берген экен. Ошондой эле май окуясында ЖТРден 24 кызматкер иш таштаган. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, иш таштоону Ажымаматова уюштуруп, ошол эле ЖТРдин кызматкери М.Маматалиев машинеси менен иш таштагандарды ташып жүргөнү да белгилүү болгон. Ажымаматованы оласттын губернатору Бектур Асанов кызматтан алган. Кандай болгон күндө да жаңы бийлик келген соң, бардыгын жаңылайт эмеспи. Бактыкандын багына ЖТР кайрадан кучагын жаябы же жокпу аны адилет сот чечет. Ал эми телерадионун азыркы эмгек жамааты учурдагы жетекчи менен иш алып барууну эп көрүп жатышыптыр.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??