Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Отунбаеванын оозунан чыккан…
7-апрель жакындагандан бери эсибизге көп нерселер келе баштады. Былтыр ушул күндөрдө Бакиев баштаган бийликти кетиребиз деп Кыргызстандын туш тарабында нааразычылыктар күчөп жаткан эле. Элди дем-күчү, күнүмдүк көргөн азап турмушу акыры бакиевчилерди алсыратып анабашы болгон Бакиевди өлкөдөн кууп чыкты. Алардын орундарына шып этип отурган Убактылуу өкмөт аларды кандайча кууп чыгышканын, өлкө талоонго түшүп, эл эзилип кеткенин улам бири эрмектеп айтып жатышты. Азыркы президент Роза Отунбаева Бакиев бийлигинин ирип-чирип кетишинин, элдин ал бийликке түп көтөрүлө чыкканынын бир себеби өлкөдөгү баалардын көтөрүлүп, электрэнергиясынын кескин жогорулашы себеп болгонун байма-бай кайталаган эле. Бүгүн башкасы болбогон күндө да тамак-ашка болгон баанын асман чапчып турганы былтыркы күндөрдү бир эске салат. Отунбаева камырабай эч нерсе болбогондой отурат. Эл эзилип бааларды баштарына чыгарып улам ар жерде сөгүнгөн эле киши. Ал эми Антимонополия агенттиги эптеп креслосунда кантип калып калуунун амалын издеп, баалар менен башы да оорубай турган учуру. Эси барда этегин жаап алышса болоор эле…


Ай, айланайын Алтынбек, Камчы акыры ушуну көрмөк
Жаз келгени жанга жакын жакшы нерселерди күтөсүң. Жүрөк жылуу нерселерге жакындап театрга, клубдарга, циркке барууну өзүнөн өзү каалап калат эмеспи. Ушул кезде алыс барбай эле театр деп телтектебей эле ар бир кыргыз үйүнөн отуруп укмуштуудай театрлаштырылган кызыктуу, тажатпаган комедиялуу боевиктерди көрө баштады. Минтип айтпаганда анан кантет элек… Жакында эле "Республика" партиясынын депутаты Алтынбек Сулайманов менен "Ата-Журт" лидери Камчы Ташиевдин мушташа кетишип Камчынын бети жарылып, ал ортодо арача түшкөн Садыр Жапаровдун да бети айрылганы бүт Кыргызстанга шардана болду. Чатак башын КТР түз көрсөтүп, калган мушташ дааратканада уланыптыр. Эгер ал жакка чейин журналисттерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилгенде куп гана кыргыз анабашыларынын "боевигин" көрмөк экенбиз. Бул окуя тууралуу азыр коомчулукта ар түрдүү арбын кептер айтылып жатат. Бири "Камчы Ташиев акыры ушуну көрмөк" десе, кээси "Алтынбек Сулаймановдун бул жоругу элдин ишенимдүү адамы болуп отурган депутаттын жасай турган жоругу эмес" деп ичтери чыкпай турат. Укканыбызга караганда мындай окуя болуп кетээрдин мурунку күнү Камчы Ташиев өз кесиптеши Бахадыр Сулаймановго кол көтөрүп опузалаган имиш, тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы эртеси эле өзү Алтынбек Сулаймановдон муш жеп жатканын. Кудай бар десе ишенбейсиңер, "чөптү кордосоң көзгө зыян" дейт го кыргыз.


Таласта так талаш, ким келет, ким кетет, же үчүнчү революцияга эл даярданып жатабы?
Сыягы Талстагы саясий абал тынч болбогондой түр берет. Ушул кездерде өлкөнүн Биринчи вице премьер-министри Өмүрбек Бабанов Талас жеринде жүрөт. Кандай максаттар менен барганы ачыктала элек. Ар кандай оюндар Таласта жүрүп атамекенчилер менен республикачылардын ортосундагы саясий күрөштөр күчүндө болуп жатса керек. Баарын байма-бай чечип келсемби дегенби, Өмүрбек Токтогулович барган жерин эле КТР аркылуу көрсөтүп жатты эле, бул саам тымтырс. Ал эми атамекенчи Болот Шер да ал жакта жүргөнүн эшиттик. Бул эки таластыктын ал жакта жүргөнүнүн бир себеби областтын губернаторлугуна ар кимиси өз талапкерин алып чыгууну көздөшүп тирешип турушуптур. Учурда иштеп жаткан атамекенчил Койсун Курманалиева "мени бул кызматтан эч ким кетире албайт" деп көгөрүп жатса республикачылар Нурсултан Дүйшөмбиевдин талапкерлигин көтөрүп жатышыптыр. Маалыматтарга караганда Нурсултан мырзаны Талас элинин көбү колдоп "губернатор болуп иштегенге татыктуу" деген бааларын берип жаткан имиш. Нурсултан Дүйшөмбиев буга чейин бир катар кызматтарда айыл башчылыгында, мектептерде директор, салык кызматында жана бир канча проектилерди жазып Талас элине көп жардамдарды жасап жетекчиликте такшалыптыр. Таластыктар жаш, жаңы күч менен Нурсултан Дүйшөмбиевди губернаторлукка алып келүүнү көпчүлүк колдошуп жатыптыр.
Бабанов менен Болот Шердин Таласты түрө кыдырып жүрүүлөрүнүн бирден-бир себеби да бул эмес дешет. Коалицияны уратып Бабановду жоготууну көздөп жатышкан атамекенчилер менен атажуртчулар жакында калың топ элдин алдында митинг уюштурууну көздөп ошол топ элди Таластан чыгарууну көздөгөн саясий жетекчилер Болот Шерди Талас тарапка аттандырышкан имиш. Аны уккан Бабанов да өз талапкерлеринин алдынан бир өтүп коюуну көздөп 7-апрелге карата шейит кеткен балдарга куран окутууну да боолгоп жатышптыр.


"Ата-Мекен" менен "Ата-Журтка" 16 млн жашыл акча түштү…
Кыргыздын башына кыр-аркадай кыйынчылыкты салып кеткен Курманбек Бакиев жакында эле чет элдик маалымат булактарына узун-сабак кеп айтыптыр. Анда эле кандуу 7-апрелге тиешеси жоктугун далилдемекчи болуп, жакын арада өлкөбүзгө көчүп келээрин балп эттирип, жылаандын башын кылтыйткан экен. "бөрүбасардын" ишенүчтүү сөзүнө караганда, аны тымызын колдоп тургандар ак-үй менен көк үйдө толуп алгандыгы, эчактан бери айтылып келген. К.Бакиевдин так ушундай маалыматынан кийин, "Ата-Журт" партиясына белгисиз жактан 16 миллион доллар белекке келгендигин кулагыбыз чалды. "Ата-Журт" партиясы менен "Ата-Мекен" партиясы акыркы убакта бир атанын балдарындай биригип, Президент жана өкмөт курамына сөөмөй кезеп калышкандыгы бекеринен болбосо керек. Парламенттеги айрым саясатчылар Президентти жана өкмөт башчыларын кескин сынга алаары менен, кол чабышып, кудуңдап, жыргашкандарына жамы журт күбө болуп жүрүшөт. Дагы бир белгисиз булактардын маалыматына караганда 7-апрелдеги аза күтүү салтанатында чак түштөн ооп, саат кечки төрт-бештерге жакын "бөрүнүн" авторлугу менен жазылган сценарийдин концерттери башталышы мүмкүн. Ал кандай концерт дебейсиздерби Кыргызстандагы жаздын гимни болгон "Кетсин, кетсин" деген жалпы хордун алдында алгы ырды ачышып анан бир экиден номер аткарышат экен. "Үчүнчү революцияны кылабыз деп борборго ким чогулса чогулуп барып чокуларга урабыз деп Талас тарап тиш кайрап жатышыптыр" деп уктук эле, кудай эле сактаса экен.


"Шыпыргысы" шыпылдабайт го?
Бизнестин битин сыга билген Нурдин Абдылдаев деген жигит бар. Сүйлөсө эле "лимондорду" сүйлөйт дешет. "Ата-Журт" партиясынын арты менен Ысык-Көлгө губернатор болуп барды эле, аталган облустун эли бир толкуп келип Мирбек Асанакуновдун арты менен токтоп калган. Администрациянын ичине кирип барган элдер жаңы шайланган губернаторду бир топ төпөштөп жиберишкен экен, кайрандар. Ошондон бери элдин чогулуп калганын көрсө эле жүрөгү оозуна кептелип, коркуп кетет дейт колуна суу куюп жүргөндөр. Ошонун кесепетинен жергиликтүү аким, айыл өкмөттөрдү жумушунан кетирип, "Ата-Журттун" командасын алып келалбай айласы куруп жүрөт. Болбосо аким, айыл өкмөттөрдү шыпыргы менен шыпырып коюу жетекчинин эң биринчи максаттарынын бири экендигин ким жокко чыгара алат. Айтор, Абдылдаев амал таба албай, баш катырып турган кези.


"АС-пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??