Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  SOS!

Өзбекстан биздин 1500 гектар жерди пайдаланып жатат
Биздин өкмөт алсызбы?
"Балык башынан сасыйт" дейт кыргызда. Мына ошол башчыларыбыздын сасыганынан улам, токочубузду баш өлкөгө тарттырып ийип жатканыбыз жалган эмес. Ошондой эле мамлекет башчыларыбыздын коркоктугунан чечкиндүү кадамдар жасалбай, көптөгөн жерлерибиз, байлыктарыбыз Тажикстан менен Өзбекстандын карамагына өтүп кетип жатат. Түндүктө Каркыра, Үзөңгү-Кууш өңдүү жерлерибизди Кытайга, казактарга сатып жиберсек, түштүктө гектарлаган жерлер өзбектерге, тажиктерге ит бекер өтүп кетип жатканы коркунуч жаратпай койбойт. Биз Баткенге барган сапарыбызда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда талаш болуп жаткан Бүргөндү өрөөнүндө болуп кайттык.

Өз жерибизде сагалап келебиз
Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округу Өзбекстандын Фергана областы менен чектешет. Бул аймакты жалпысынан Бүргөндү өрөөнү деп аташат. Ошондой эле бул аймакта өзбектер менен талаш жер бар экендиги кыйладан бери айтылып келет. Бүргөндү өрөөнү Өзбекстандын Фергана областынын Риштан, Сох райондору менен чектешет. Учурда Өзбекстан Кыргызстандын 1500 гектар жерин басып жатат. Аны кайтарып алууга биздин бийликтин күчү жетпей, өзбектерди акалап, өз жерибизде сагалап келебиз. Эң негизги катачылык Акаевден кеткен десек болот. Анткени Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин, Акаев коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин толук чечип, бекемдөөсү керек эле. Акаев анткендин ордуна Үзөңгү-Куушту сатып, мамлекетти туңгуюкка кептелтип коюп, өзү куйругун түйүп качып кетти. Анын кесепетинен миңдеген кыргыз эли жабыркап, ата-бабабыздан калган гектарлаган жерлерибизден айрылып отурабыз. Мындан улам өз элине кастык кылган Акаев учурда бирөөнүн элинде сагалап отурганына намыстанабы жокпу деген суроо пайда болот.

Колдо бар алтындын баркы жокпу же бийлик коркокпу?
Ушул кезге чейин нефти, газ маселеси боюнча азап чегип, алсырап келебиз. Көрсө өзүбүздүн жерибизден нефти, газ чыгат экен. Көргөн көзүбүзгө ишенбей, өзбектер иштетип жаткан нефти качалкаларынын жанына жакын басып келип, иштелип чыгып жаткан нефтини көрүп биздин бийликтин кайдыгерлигине, мамлекет үчүн күйбөгөндүгүнө өкүнүп, башыбызды чайкадык. Демек, Кыргызстанда кыргыз деп күйгөн патриот лидер азырынча жок деп баса белгилөөгө болот. Болбосо колубузда турган байлыгыбызды башка өлкө кемирбейт эле да. Өзбекстандан бул жерди алыш үчүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай аксакал гана аракет кылып, улам бир бийликке кайрылып, оңгулуктуу жооп ала албай келет. Мындан улам өзбек тарап Алчынбай аксакалды улутчул катары баалап, душман көрүп келишет. Өзбектер менен теңтайлашып, газ өндүрүп жаткан айыл өкмөт башчысына алкыш айткандан башка не дейбиз.

Бизден күнүнө 20 тонна нефти чыгарылып кетет
Бүргөндүдөгү нефти-газды 48-50-жылдардан бери Өзбекстан пайдаланып келет. Элүүгө жакын нефти качалкалары иштеп, жыйырма жыл мурда бир күндө 80 тоннага чейин нефти алынып турган. Барган сайын нефти кудуктары иштен чыгып, бүгүнкү күндө 18 гана нефти качалкалары калган. Анын ичинен тогузу иштеп, тогузу ремонтто турат. Бир күндө 15 тоннага жакын нефти чыгарып кетишет экен. 134 газ түйүндөрү бар. Бул түйүн аркылуу жердин алдынан газ чыгып келет. Өзбекстан газ түйүндөрүнөн эки эселеп пайда көрөт экен. Биринчиси биздин нефтини алып, нефтиден бошогон жерге газды камашат. Кыскасы Кыргызстандын газын, нефтисин гана албастан, газ сактоочу кампа да кылып алышкан. Ошондой эле өзбек туугандар кыргыздардын жерин бошотуп берүүнү ойлонмок тургай, кошумча ишканаларын курууга да белсенип алышкан. Колубузда турган жерибизди ээлеп алгандарга ооз ачып сүйлөй албай, жетимсиреп турган кыргызга күйөр, колтуктап сүйөр адамдын жоктугуна өкүндүк.

Бүргөндүнү район кылса жерибиз колго тиеби?
Учурда 1500 гектар жерди өзбектерден кантип алуу боюнча план иштелип жатат. Негизгиси ортодон жаңжал чыгарбай, акылдуулук менен өз жерибизди өз элибизге кайтарып алуу. Өз жерибизден чыккан нефти-газ менен өз элибизди камсыз кылуу. Мамлекет башчыларыбыз даабай жаткан ишти ишке ашырууга жергиликтүү бийлик өзү аракет кылып, түзүлгөн планды аткарууга белсенип жатышыптыр. Кантип, кандай жол менен алса болоорун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай аксакалдын маегинен окуй аласыздар.

Назгүл
МАМЫТОВА
Бишкек-
Бүргөндү-
Бишкек





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??