Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  МАШАКБАЙ РАХМАНКУЛОВ

БАЙ БОЛГУҢ
КЕЛЕБИ?
(Интернет булактардан, басылма адабияттардан
топтолгон практикалык кеңештер)
Бай болууга 6-кадам:
ПЛАНДАШТЫРУУ
Эң башкысы-так, ишке аша турган план түзүш керек.
1. План түзүп, аны ишке ашыруу үчүн канча адам керек деп эсептесең, ошончо санаалаш, пикирлеш адам топтошуң керек. Орусча айтканда "мозговой центр", кыргызча айтканда, башы иштегендерди тартышың керек.
2. Башы иштегендердин ушундай ынтымагын түзөөрдөн мурда, алар бул ынтымакка кошулуп иштесе ар бири кандай пайда көрөөрүн да болжолдоп, колдон келсе эсептеп, аларга айтыш керек. Себеби азыркы заманда эч ким сага бекер иштебейт да.
3. Эми башы иштеген дос, санаалаштарың менен жакшы план түзгөнгө чейин жок дегенде жумасына 2 жолудан жолугуп туралы деп макулдашыш керек. Түзгөн планыңар баарыңарга жаккандай болсун.
4. Бир идеяга баш кошкон "башы иштегендер" бири-бириңерди алдабай, ачык айтып, түз сүйлөп, бирдиктүү команда болушуңар керек. Эгерде бул сунушту так аткара албасаңар анда баштаган ишиңер "любой" учурда самындын көбүгүндөй болуп жарылып калат деп күтө бергиле. "Мозговой центр" түзүлгөндө анын мүчөлөрүнүн кылык-жоруктары, мүнөзү, ишке, жашоого болгон мамилелери бири-бири менен жуурулушкан, шайкеш келген абалда болуш керек.
Эгерде түзгөн планыңар, ой-максатыңар ишке ашпай жатса, эч кыжаалат болбой эле, жаңы план түзүш керек. Убактылуу кыйынчылык болуп, ишиң кетенчиктеп туруп алса - демек сиздин түзгөн иш пландарыңыздын бир же эки-үч жеринде кемчиликтери бар. Миллиондогон адамдардын жакырчылыктан чыгалбай жаткандыгынын бир себеби-жакшылап ойлонуштурулбаган пландын жоктугунан болот. Демек сиздин ийгилик планды канчалык туура жана так, майда-барат нерселерин эске алып түзгөнүңүзгө жараша болот.
Эми башкаруунун 11 сыры кайсылар, билип алгыла:
1. Тайманбастык жана чечкиндүүлүк
2. Өзүңө өзүң такай көзөмөл жасап жүр
3. Адилет бол
4. Так чечимдерди кабыл ал
5. Пландарың ачык, так түзүлсүн
6. Иште көбүрөөк бол
7. Адамдык аброюң элди өзүнө тартып турсун
8. Башкаларга боор оору жана түшүн
9. Иштин аки-чүкүсүн жана жагдайды эң жакшы бил
10. Бардык жоопкерчиликти өзүңө ал
11. Кызматташа бил
БАШКАРУУНУН 2 ТҮРҮ БОЛОТ:
1. Карамагыңдагы кишилер менен тил табышып иштөө, алардын колдоосу
2. Мажбурлап, күч менен башкаруу

ЖЕТЕКЧИНИН КАТАЛАРЫ:
1. Бардык майда-бараттарды эске албагандыгы
2. Өз ара алмашып иштей билүүгө даяр эместик
3. Билгендерин иш үчүн пайдалануунун ордуна ага сыйлык, акча, башка бир нерсе күтүү
4. Кол астындагылар тараптан атаандашуу болот деп коркуу
5. Кыялдануу сапатынын жоктугу
6. Эгоизм
7. Токтоо эместиги
8. Өктөмдүк, басмырлоочулук
9. Башкаруудагы бой көтөрүүчүлүк, кекирейүүчүлүк
10. Наамдары, сыйлыктары, ийгиликтери менен мактануу

ӨЗҮНӨ БАА БЕРҮҮНҮН 3 ЫКМАСЫ:
Сиз өз кызматыңызды же товарыңызды ийгиликтүү сатам десеңиз САПАТ, САН жана КҮЧТҮҮ ДУХ деген эрежени карманышыңыз керек.

1. ТЕЙЛӨӨНҮН САПАТЫ - бул эң кичинекей жана майда нерселерге чейин эске алынган, өркүндөтүлгөн, жакшыртылган, адам "карачы муну" деп суктанарлык нерсе. Аны канткенде ушундай деңгээлге жеткирем деп бүт ой-санааңды ушуга бурганда гана сен күткөн ийгилик жаралат.
2. ТЕЙЛӨӨНҮН САНЫ - бул анын түрлөрүн көбөйтүү далалаты, аракети. Колдон келсе тейлөөнүн бардык түрүн камтыганга аракет кылыш керек. Бирок санына эле эмес, тейлөөнүн сапатын да унутпаш зарыл. Экөөн тең айкалыштыра алып жүрүү адатка айланып калса ал эң жакшы.
3. КҮЧТҮҮ ДУХ - бул орун басарларың, коллегаларың менен толук тил табышуу, аларды өзүңдүн жан дүйнөңдөгү пландарың менен идеяларыңа жетелөө.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТПЕЙ КАЛУУНУН НЕГИЗГИ 33 СЕБЕБИ:
1. Ата- тегиңдин, тукумуңдун чабалдыгы
2. Жашоого болгон ачык максаттарыңдын жоктугу
3. Атак-даңкты каалабагандык
4. Билим алуудагы өксүктүк
5. Эрктин боштугу (Адам өзүндөгү бардык терс сапаттарын башкара билиши керек)
6. Олуттуу оорулар, убактылуу тумоо-бучкак, кеселдер
7. Чөйрөнүн таасири ( айрыкча балалык курактагы)
8. Ишти улам кийинкиге калтыра берүү адаты
9. Максатка жетүүдө көшөкөрлүктүн, көк беттиктин жоктугу
10. Мүнөзүңдөгү тескери жактарың
11. Жыныстык кумарланууңду көзөмөлдөй албагандыгың
12. Ар кандай кумар нерселерге ышкыңды тыя албагандыгың
13. Чечим кабыл алаардагы чечкинсиздигиң
14. Коркоктуктун 6 белгисинин айрымдарынын бар болуусу
15. Туура эмес турмуш куруп алуу
16. Өтө эле саксына берүүчүлүк
17. Бизнес жасоо боюнча шерикти туура эмес тандап алуу
18. Туура эмес көз караштын, ишенимдин орноп алышы
19. Кесипти туура эмес тандап алуу
20. Күч-аракетти ишке толук жумшабоо
21. Убакытты пайдасыз нерсеге коротуу
22. Шык, эргүүнүн жоктугу
23. Келише албоочулук
24. Тил табышып иштөөгө жөндөмсүздүк
25. Мен өзүм иштеп табалган жокмун деген тартынчыктоо
26. Билип туруп алдамчылыкка баруу
27. Өзүн өйдө коюу жана кекирейүүчүлүк
28. Фактылардын негизинде ой жорубай, төлгөчүлүккө ишенүү
29. Акчанын жоктугу
30-33. (Буларды ар ким өзү толтурсун)
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??