Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тагдыр

Нурбүбү БӨДӨШОВА
КУУРЧАК
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
Жанаргүл ал күнү кечке жол карап күттү. Күткөндө эмне, Темирди сагынып күттү дейсиңби?! Андан кетпес кегин, өчпөс өчүн кантип алаар экемин деп күттү. Улам жүрөгү мыкчылып, ушу бүгүн бир нерсенин үстүнөн чыкчудай алаңдап туруп алды. Түн кирип, уктоого баш койгону менен, көзү илинсечи! Улам эле алиги Шах аттуу жигиттин коркунучтуу элеси көз алдына келет да, жан айласын таппаган кишиче ары-бери оодарылып түйшөлө берди…
Ошентип жатып тээ таң агарганда гана катуу уйкунун кучагына кирди.
Эртең менен тура албай көпкө-өө ооналактап жатты. Деги эле тургусу жок. Кечээ түнү менен пландап жаткандарына кантип жетем?-деп кайрадан тыбырчылай баштады.

ХХХ
- Ой, бийкеч! Сени көл жээгинен көрө албай койдум да…Эмне, сүйгөнүң кетсе эле көлгө түшпөй каласыңбы?! Хи-хи-хи…
Шаңкылдай күлүп, Жанаргүлдүн бөлмөсүнө баш баккан аялдын атын деле билбейт экен. Болгону, кошуна бөлмөгө жайгашкан. Жалгыз эле эс алып жүрөт. Кошуна болгондуктан, эртели-кеч кезигишкенде баш ийкешип салам айтып калышчу.
- Ии, эже, уйкум эле келип жатат…-деп Жанаргүл тургусу келбей ооналактады.
- Жүр, сиңдим, чогуу баралы көл жээкке. Шеригиң кеткенине эки күн болду го. Ошондон бери кабагың салыңкы…Аныңдын үй-бүлөсү бар неме беле?!
Тиги аял тим эле төлгө ачкан немедей бет алдында алакан жайып турганына таң кала көздөрүн бакырайтты кыз.
- А сиз аны каяктан билесиз?
- Билемин. Мен билбеген нерсе барбы десең, бул жашоодо. Өзгөчө эркектердин көзүнөн бир караганда эле окуп коем алардын өмүр-баянын. Хи-хи-хи…
- Анан…
- Анан ошол. Аныңдын үй-бүлөсү бар экенин, болгондо да ал үйүнө өтө карамдуу, биротоло байланган неме экенин бир көргөндө билгем. А бирок, сага жетпей калганына ал өмүр бою армандап келет.
- Коюңузчу! Мага жетпей калбай эле…ал биринчи үйлөнүп алган, биз сүйлөшүп жүргөнүбүздө.
- Биринчи үйлөнүп алса - үйлөнгөндүр, а бирок ал аргасыздыктан гана үйлөнгөн.
- А сиз алар тууралуу бир нерсени билесизби, эже?
- Кимдер тууралуу?
- Менин сүйгөнүм тууралуу. Балким аларды тааныйт чыгарсыз, айтымыңызга караганда.
- Жок, мен эч кимди тааныбайм деле. Болгону, ал жигит сени ушунчалык таза сезим менен сүйөөрүн билдим. Анан, мойнунан байланган иттей болгон жашоосун элестетип, убагында сага жетпей калган экен дегем. Эгер, ал биринчи үйлөнсө, анда аргасыздан гана ошого барган деп бүтүм чыгара койдум… Болду, көп нерсени көл жээгинде сүйлөшөбүз. Менин атым Мавлюда, эжең болом.
Ошентип, Жанаргүл жаңы таанышкан Мавлюда эжеси менен көлгө түшүп, түштөнүп, алаксып калгандай болду. Канчалык алаксыбасын, "Эгер мени сүйө турган болсо, эмнеге мени таштап үйлөнүп кетти эле?" деген суроо мээсинде иймейип туруп алды.
- Болду, көп ойлонбо. Андан көрө келгенде өзүнөн сура. Чыныңды айт де. Ошондо менин айтканым туура чыкпаса, мага кел! А сен эмнеге менин жалгыз келип эс алып жатканымды сурабайсың?! Эмне, жашы улгайып бараткан киши эле жалгыз жүрө берет деп ойлойсуңбу?
- И-ии, чын эле! Эже, сиз өзүңүз тууралуу айтып бериңиз. А биз жөнүндө ансыз деле билет турбайсызбы.
- Ошо, көп нерсени билгеним кайра өз башыма муш болбодубу! Ү-үүфф! -деп катуу үшкүрүп жиберди тиги аял. Анан, жаткан ордунан козголуп, бет алдыда көөлгүп жаткан касиеттүү көлгө тигиле, оңдонуп отурду да сөзүн баштады…
(уландысы бар)




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??