САЯСАТТЫН САСЫГЫНА ЧЫДАБАЙМ
"Министр, министр, көк эшекке миниптир" деп кыйкырып ырдачу элек кичинекейибизде. Анда эмне, министр ким, башкасы экенин билип-билбей эле ырдай берсек керек. Көрсө, бул министр дегениң, мамлекеттин бир тармагын мыкчыган азамат болот турбайбы. Кечээ жакында эле генпрокурор Байболов мырза креслодон жылбышкандан тартып, негедир эле бала кезде ырдаган ушул саптар көмөкөйүмө келип туруп алды…
Өзгөчө, бизде - кыргызда бүгүн чиновник болуп тургандар эртең эле "көк эшекке минип" калганы анча деле өөн болбой калды. Баса, жарым күн министр, эки саат мэр болгондорду да билебиз. Мунун баары биздеги башкаруу системасынын бекем эместиги менен шартталат. Башта Акаев менен Бакиевди күнөөлөп жүрдүк элек, эми деле там-туң баскан баладай жыгылып-туруп келе жатабыз.
Өзүм жогорку билимдүүмүн, бирок, саясатчы эмесмин. Саясатты жек көрөм, сасыгына чыдабайм. Бирок, бир чындыкты айткым келет, бүгүн "важный" болуп келип, эртең шыпырылып, элге уят болуп калгандан көрө, өз арабамды кылдырата бергеним жакшы эмеспи дейм. Элге пайда келтирбесем да, зыяным тийбесин!
Т. ЖУМАШЕВ,
Бишкек шаары.




АЙКЫНДЫКТАН ТАЙБАңЫЗДАР!
Урматтуу "Айкын саясат" гезитине Алтын казык Аксынын Ак-Суусундагы газета окурмандарынан!
Урматтуу Күнболот Аргынбекович! Сизге жана редакциядагы изденгич мырзалар менен теңдешсиз айымдарга жалпы салам айтып, ар бириңиздерге зор таалай, албан ийгилик, публицистикалык-поэтикалык эргүү, газета окурмандарынан Боз-Бөлтөк менен Бас-Бөлтөктүн кырындагы нөшөрдөй ыраазылык жаап турушун жана мыкты ден соолук каалайбыз. Айкындыктан эч тайбаңыздар!
"Айкын саясаттын" 2011-жылдын 4-мартындагы, 8 -мартындагы, 11-мартындагы чыккан сандарын окуп, кайра окуп, сиздерге пикир билдирүүдөбүз: Газетанын дизайны сонун, материалдар ачык, даана жайгашкан, макетчи абдан рационалдуу кабылдоого шарт түзөт. Гарнитурасы да окууга жеңил, кыскасы, газета - окумдуу.
Сканвордго бой таштагандар бар. "Ойноок кеп" - керек. "Независимая газетага" окшогондорго "отпор" керек. "Ак калпактын табышмактары": бири маңдайы жырык, орустун мурманкасына окшоп кеткени кыжырды келтирет! Ал эми "Күкүнүс - жаңылануу символу" деген дилмаек - шедевр! Турусбек Мадылбай мырза - кыргыздан чыккан уникалдуу инсан!
Урматтоо менен
Казымалы Шадыбеков, Сүйналы Назарбаев, Нурматбек Добулбеков, Аскарбек Чонтаев, Али-Шер Чомонов, Өмүралы Тажибаев, Мамбеталы Суранбаев,
Жалал-Абад дубаны.




КЫРЛАР БАРБЫ, КЫРГЫЗ БУТУ БАСПАГАН…
же тентимиш тагдырлар
(Уландысы.
Башы гезиттин өткөн санында)
Ооба, азыркы күндүн көп көйгөйлөрүнүн бири - Кыргызстан деген кичинекей мамлекетибиздин территориясынан чыгып, тээ ата-бабабыз көрбөгөн алыс жактарда тентип жүргөн мекендештерибиздин тентимиш тагдыры болуп келет. "Тентимиш" дебей не дейбиз, башка жерде бир мусаапыр бечарага айланып, эптеп эле тыйын табуунун аракетинде болуп жүрүшсө… Көздөп барган максаты аткарылбай, тескерисинче, кул-күңгө айланып, алар түшүп кеткен аңдан кол сунуп чыгарып алаар артында мамлекети жок. "Жок" дебей не дейбиз, түптөлгөн мамлекет болуп туруп, өз атуулдарын тентитип жиберсе! Биз билген жана билбеген "тентимиштер" тууралуу фактылар ондоп эмес, жүздөп саналат. Ошолордун айрымдарын гезит бетине жарыялап турмакчыбыз.


"Снеговой пайнттын" сызы өтүп...
Жакында алыскы Владивосток шаарынан 9 жараныбыз кайтып келди. Буларды да жакшы жумушка орноштурабыз деп алып кетишип, айлыктарын төлөбөй, аябай оор абалда калтырышкан. Ата-энелери, жакын туугандары тиешелүү бийлик органдарына кайрылышкса, баары бир ооздон "КР эмгек, жумуштуулук жана миграция боюнча министрлигине кайрылгыла" деген кеңешти беришип, өзүлөрүнөн четтетишкен. Аталган министрлик болсо кайра биздин эмгек мигранттарыбызды ошол абалга жеткирген адамдардын өзүнө чыгышып, "ал жактагы шарт жакшы эле экен" деп, ошолордун сөзүн сүйлөшкөн.
Бул маселе боюнча "Замандаш" ассоциациясы Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчилигине кат менен кайрылып, андан кийин Владивосток шаарындагы кыргыз диаспорасы жана Кыргызстандын мамлекеттик уюмдары менен биргеликте жарандарыбыздын кайтып келишин тездеткен.

Анарбек Баялиев, куруучу:
- Мен 51 жаштамын. Талас областынын Аманбаев айылынан болом. Бизди Ильяз деген айылдашыбыз Владивосток шаарына алып барган. Ал Шакиров Нурдин аттуу жигиттин "курулушка иштегенге балдарды топтоп кел, жакшы табышат" деген сөзүнө ишенип, жалаң айылдаштарын топтогон. Ал жакта "Снеговой пайнт" деген аскердик шаарчада курулушта иштедик. Подвалда жашагандыктан, жаткан жерибиз сыз, айланабызда келемиштер толтура чуркап жүрчү. Ошого да кайыл болуп иштей берели десек, паспортторубузду, айлыгыбызды Шакиров Нурдин бербей, коркутуп-үркүтө баштады. Ал жерде иштеген кыргызстандыктар - 57 адам болчубуз. Алардын көбү Нурдиндин жердештери жана арасында туугандары да бар. Ал ошол туугандары аркылуу жердештерин да бир пикирге жеткизбей бөлүп-жарып, коркутуп алган. Эч ким каяша кыла албайт. Бизди да ошол шартка көндүрөйүн деген аракетине каршы чыксак, бардык жагыбыздан кысып кирди. "Замандаш" ассоциациясы менен ошол шаардын диаспорасына ырахмат, бизге жардамга келип, кырсыктан чыгарып кетишти.

Анголадагы "детектив"
Кыргызстандык эмгек мигранттары азыр дүйнөнүн төрт бурчуна тарап кетишти. Тилекке каршы, алардын бардык жердеги абалы бизди кубанта бербейт. Айтайын дегеним, Африка континентиндеги Ангола өлкөсүнө да кыргыздар иштегени барып, жогорудагыдай көрүнүштүн аягы кудум детективдүү окуяга айланып олтурат.

Дүйшөнкул Жанузаков, Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну:
- 2009-жылдын январь айында Ангола өлкөсүнүн Луанда шаарына иштегени бардык. Алымбай Нусупов, Канат Даникеев деген жердештерибиздин кол алдында аял-эркек болуп, баш-аягы 40 кыргыз иштедик. Күндүн ысыгында 12 сааттан иштеп, эч кандай эс алуу күнү жок мейманкана, коттедж, жеке үйлөрдү курдук. Аба ырайына көнгүчө чиркейге таланып, бардыгыбыз безгек, ич келте менен оорудук. Бул жактан алып кетеринде ар бирибизге 2,5 миң АКШ доллары менен айлык берем деген. Алымбай үч айдан кийин 500 доллар төлөйм дегенге өттү. Тыңыраак сүйлөгөн балдарды артка кайтарып, ага көнбөгөндөрдү болсо көчөгө калтырып салып жатты. Ошонун баарына чыдап, 1 жыл 8 ай дегенде Кыргызстанга кайтып келдик. Алымбай экөөбүз Таластын Арал айылынан болобуз. Бишкекте Ала-Тоо жаңы конушунда да кошуна турабыз. Алымбайдагы калган аласамды сурап барсам, "20 миң кирпич турат үйдө, ошону ал" деп калды. Таламандын тал түшүндө машинени айдатып барып жүктөйүн деп атсам бала-чака, аялы, эже-карындаштары мага жабылып калды. Милицияны да күн мурунтан чакырып койгон экен, колу-бутуму кайрып, машинага салып кетишти. Көрсө, Алымбай Нусупов менин үстүмөн "бул рэкет, мени коркутуп оокатымды тартып алып жатат" деп арыз жазып коюптур.

Тилек Токтосунов:
- Бизди, 8 баланы Алымбай Нусупов паспортторубузду бербей, талаага таштап кетти. Айласы жок жалдырап келет деп ойлосо керек. Бирок биз өз алдыбызча иш издеп таап, бир жыл иштедик. Бишкекте окуп кеткен бир анголалык жигит паспортторубузду таап келип, сатып алгыла деди. Ошентип өзүбүздүн беш паспортту миң долларга сатып алдык да Кыргызстанга келе бердик. Бул жерге келгенден кийин Алымбайдан "биздин мээнетибизди кайтар" десек, "булар рэкеттик кылып жатышат" деп милицияга арыз жазып, эми "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат болуп" сурак берип жүрөбүз.
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА