Кылымдардын кыйырынан

Арсланхантегин Нурак (Абдрахманов)
Ким экениңди бил, кыргыз!
(Башы өткөн сандарда)
Тарыхтын кыйын кезеңи
Кытай тарых даректери боюнча Х кылымда жүз жылга созулган кургакчылык кайрадан дагы Алтайда башталган. 926-жылы Улуу Кыргыз кагандыгын Алп Тегин ата баштап, суусу жана жайыты мол жер издеп көчүп, азыркы Түркия жергесине ооп кетиптир. "Алп Тегин" деген аталышка караганда ал Күлтегиндин урпагы болгон.
Түркиялык кардаштардын айтуусуна караганда, Чыңгызхандан качкан түрк тайпалары барып аралашканга чейин алар азыркы Түркия жергесинде 200 жыл бою "Кыргыз Кагандыгы" боюнча турушуптур. Ал жөнүндө Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал (Ата Түрк) 1927-жылы: "Биз кыргыздардан тараганбыз. Кыргыздар байыркы эл. Биз кыргыздарды сыйлашыбыз керек" деген сөзү сакталып калган үчүн аларда "Түрктүн атасы Кыргыз" деген түшүнүк пайда болгон. А бирок "Бин жыл өнже (мурда) Орто Азияда, Алтайларда сыжак (кургакчылык) болгон заманда биздин аталарыбыз Түркиеге атчан келмиштир" деген сөздү ар бир акыл-эстүү түркиялык кардаш билет жана айтып берет.
Ала-Тоодо болсо Орто Азиядагы Караханлылар династиясынын түптөгөн Алп Эр Тоңгунун заманы, анын уулу Барс Хандын заманы өткөн соң Барсхандын уулдары Арслан Карахан менен Буура Карахан экөөнүн дареги тарых барактарында турат. Буура Карахан атабыз Ягма тайпасын бөлүп алып, Кашкар багытына ооп кетиптир. Арсланхан улуу болгондуктан Каган болуп, Ала Тоодо туруп, 914-жылы кайтыш болуптур. XIX кылымда Бала Айылчы атабыз жазган уламыш даректе акыркы падышабыз Арслан Карахандан -Абалхан, Асанхан, Кыпчак деген үч уул калыптыр.
Албетте, ал үч уулун үч тараптагы элдерге хан дайындаган экен. Адатта боло келгендей, атасы Арсланхандын тагын Абалхан ээлеп Ала Тоодо калыптыр. Анын урпактарынан атактуу Сулайман Арсланхан чыгыптыр. Аны Баласагындык Жусуп "Кут алчу билим" китебине "Өзгөндүн ээлиги" деп жазган. Себеби ал заманда азыркы Ош шаарынын аталышы "Өзгөн" деп аталган.
Арсланхандын экинчи уулу Асанхандын урпактарынан Хорезм шахтар Текеш Арсланхан менен Мансур Арсланхандар, кийин Мухаммед Хорезмшах чыгыптыр. Арсланхандын үчүнчү уулу Кыпчак Фергана, Памир-Алай тарапка хан болгон. Кыпчактын урпактарынан Эр Төштүк атабыз дастанга айланган үчүн аны тана албайбыз.
Арслан Карахандын кичүү аялынан төрөлгөн төртүнчү уулу Сатук Тегин али кичине кезинде атасы Арсланхан өлүп, жетим калган экен. Ал Арсланхандын иниси, Кашгардын ханы Буура Карахандын колунда эр жеткен. Ошол чөлкөмдө ислам динин таркатып жүргөн Наср Ибн Мансур деген адамдын шыкагы менен Сатуктегин өзүн тарбиялап өстүргөн Буура Карахан авасын үй-бүлөсү менен өлтүрүп, бийлигин ээлеп алганы тарыхка жазылып калган.
Ошол заманда Улуу Кыргыз Кагандыгы Түркияга кеткенден кийин Ала-Тоодо калган кыргыздар азчылыгыбыздын азабын тартып, тарыхтын көптөгөн ой-чуңкуруна кабылсак дагы эл катары сакталып келдик эле. Бизди жоголуудан сактап келген Чыңгызхан менен Тамерлан эле. Себеби, Улуу Кыргыз Кагандыгынын заманында (IX кылымда) Ажо Кагандын уулу Карахан Каган өз уулдарынын бири Малик Байудени (менимче Баёо Дөөнү) түрк-моңгол элдеринин ичинен Кыян тайпасына хан дайындаса керек. Анткени Байуденин улуту кыргыз экендигин Рачневский баштаган тарыхчылар жазышкан. Себеби, Байуденин 9 муун кийинки урпагы Чыңгызхандын тарыхтагы сыпатталышы кыян тайпасына окшобой, көздөрү көгүлдүр, чач-сакалы кызгылтым-жээрде, кыргыз кебетесинде болгондугун бардык тарыхчылар тастыкташат.
Ошон үчүн Улуу Кургакчылыкта суусу кенен болгон үчүн Энесайда бөлүнүп калган Бурут же Энесай кыргыздарынын өкүмдары Ырыс ынал Чынгызханга согушсуз, баш ийип берген. Ошон үчүн Чыңгызхан Чүйгө келгенде Баласагын шаарын "Го балых" (Жакшы шаар) деп атап, кебетеси өзүнө окшогон Алаш кыргыздарынына астейдил мамиле кылган. Кыргыздар анын уулу Жоочунун улусуна кирбегендигин, аскер ишине тартылбаганын Аристов тастыктайт.
Ал эми Арслан Карахан атабыздын үчүнчү уулу Кыпчак атадан тараган "Кыргыз кыпчагы" деген уруу бүгүн Ферганада турат. Ал уруунун Барлас бутагынан кадимки Темирлан чыкты. "Темирлан" деген ысым таза кыргызча коюлганына байыркы Кыргыз атабыздын энеси, Аруу (Арий) энебиздин тил өзгөчөлүгү себеп болгон. Сибирдеги байыркы афанасьев маданият белгилеринин ээси болгон арийлердин падышасынын кызы Аруу энебиздин тили менен сүйлөп калган үчүн улуттук тилибизди "Эне тил" дейбиз. Бул пикирди герман тили боюнча илимдин доктору Амангелди Бекбалаев дагы тастыктап чыкты. Арий тилинде "лан" деген эликти билдирет. Ага далил, бүгүн "Эрлан", "Нурлан" ж.б. көптөгөн ландарыбыз бар. Демек Темирлан деген -"Темир элик" дегенди билдирет.
"Темирландын теги кыпчак" деген сөздү Нурсултан Назарбаев агадан уктум эле. Эртиш дарыясынын боюндагы кыпчактар (половецтер) Чыңгызхандан качып Россия, Венгрияга кирип кетти эле. Кача албай калган мажүрөө кыпчактардын арасынан Темирландай өкүмдар чыкпайт эле. Демек, Темирландын теги Х кылымдагы Орто Азиянын падышасы Арслан Карахандын Фергана-Памирге хан болгон үчүнчү уулу Кыпчак атадан башталары талашсыз. Ал жөнүндө "Эр Төштүк" аталган дастаныбыз турат. Ал атабыз "Манас" дастанында "Хан Төштүк" деп аталат. Азыркы Кыргызстандын аймагында Фергана өрөөнүндө турган кыпчак урууларынын арасында "Хан кыпчак" деген бутагы бар. Аталышына ылайык ал уруунун түпкү теги хандардан башталганын туябыз. Албетте, Х кылымда Орто Азиядагы "хан" титулуна ээ болгондор жалаң гана Арслан Карахандын урпактары экендигин тануу маңкуртчулук болор.
Ошон үчүн Темирлан кыргыз жергесине үч сапар келсе дагы кыргыздарга туруктуу бийлигин орноткон эмес. Демек, ал дагы өзүнүн түп теги кыргыз экендигин даана билген үчүн астейдил мамиле кылган. Анын небереси Улукбектин "Кыргыз падыша" деген атагы өчпөй, обсерваториясын дагы "Кыргыз дөбө" аталган дөбөгө курган. Ал тирүү кезинде миниатюрага тартылган сүрөтүндө кыргыздын ак кийизден жасалган калпагын кийип олтурат. Фараондор кийип олтурган кайрыксыз ак калпактарга гана кайрык коштуруп алган сыяктуу көрүнөт. Эртиш боюндагы Чыңгызхандан качкан кыпчактардын (половецтердин) фараондорго эч тиешеси жок. Эгерде Улукбектин теги кыргыз болбосо ага фараондордуку сыяктуу кыргыз калпагын кийгизип сүрөткө тарткан адамдын башы алынмак жана ал сүрөт бүгүнкүгө чейин сакталмак эмес.
(Уландысы кийинки санда)