кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

п»ї
  Ачуу чаңырык!

Биз ишенген Р.Отунбаева менен А.Атамбаев эмне кылып жатышат?
Зомбулугу күч алган коом эч убакта жакшылык алып келбейт. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш жарыялоону баланын оюнундай көргөн биздин бийлик төбөлдөрү, ортодон карапайым калк эле кыйналып турганын сезип да койгон жок. Биздин редакцияга алыскы Маскөөдөн Максат аттуу жигит телефон аркылуу кайрылды. Толук аты жөнүн айтуудан баш тарткан Максат, Кыргызстандан чет өлкөдө качып жүргөн уюшкан кылмыштуулук топтордун мүчөлөрү, биздин Россиядагы кыргыз туугандарыбызды аёосуз эзип атышкандыгын баса белгилеп өттү.
"Аларсыз деле, Россиянын "ворлоруна" айына 2 миң, 3 миң рублден берип турчубуз. Эми азыр Камчы Көлбаевдин "Бека" аттуу жанжоокери ар бирөөбүздөн 150, 200 миң рублден акча алып, ал тургай бир сөзүбүздөн жаңылсак эле, миллиондорду башыбызга карыз кылып кетишет. Москва боюнча кырктай ири базар бар болсо, алардын ар биринде жеке контейнер иштеткен 10дон кыргыз жарандары бар. Алардын көбү, ушундай кордуктардын айынан жашаган жеринен, иштеген ишинен качып, батирлеп жашынып жүрүшөт. Камчы Көлбаевдин кордугу аз келгенсип, Азиз Батукаевдин Казыбек аттуу чечен улутундагы жанжоокери да бизге күн көрсөтпөйт. Ал эми Россиядагы кыргыз элчилиги аман эле болсун. Башка мамлекеттердин элчилиги, өз жарандарына татыктуу жардам берип келишсе, биздикилер ооз-учу менен акыл айтып, үйрөтүп коюшат. Биз алар айтчу акылды эбак билип бүткөнбүз. Акыл айтпай, андан көрө иш жүзүндө жардам кылышпайбы. Кыргызстандын элчилигине барсаң, күнүнө жардам сураган 150 кыргыз катарга тизилип калышат. Алар дарбазасынан ары өтө албай, элчиликке киргенге көздөрү төрт. Кыргызстанда коррупция кандай өнүксө, кыргыз элчилигинде да так ошондой өнүккөн. Ар бир иш барактарын бүтүрүү үчүн, одоно айтканда жылаңач каласың. Каныңдын баарын соруп, куураган сөлөкөтүңдү калтырышат. Бул эмне деген кордук? Биз ишенген Р.Отунбаева, А.Атамбаевдер эмнени карап отурат. Биз ишенген парламент эмне иш кылып отурат?" деп күйгөнүнөн күпүлдөп, арыз-арманы менен кайрылган биздин Москвадагы тууганыбыз эмки сандарыбызга бул боюнча жана кыргыз элчилиги, кыргыз кыздарынын ал жактагы көргөн кордугу боюнча бир топ маалымат бермекчибиз.




  Бейне!

Камчыбек Ташиевдин саясий ишмердигине кандай баа бересиз?
Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
- Кайсы саясий ишмердигине баа беребиз. Эки-экиден мушташып, эки-экиден жакалашты деген эле кептерди угуп калабыз. Илгери бир койчу "Койго карышкыр тийди" - деп элдин баарын улам эле дүрбөтө берчи экен. Бир күнү коюна чындап эле карышкыр тийип, койчу кыйкырып чыкса, тажаган эл ишенбей койгон имиш. Анын сыңары "коалициядан чыгам" деп бир айтып, кайра "чыкпайм" деп эки айтып, айтор баарынын башын айлантып жиберди да...

Аскар Бешимов, саясий ишмер:
- Учурда Камчыбек Ташиев "Ата-Журт" фракциясын жетектеп, парламентте орчундуу маселелерди козгоп атат. Баардыгын ачык эле бетке айтып, ар бир маселени кабыргасынан коюп жатканын көрбөдүкпү...

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
- Камчыбек Ташиевдин саясий деңгээли али бышып жетиле элек. Ал бүгүнкү күндө интрига жасагандын ордуна, эл үчүн иш кылып койсо ашыктык кылмак эмес. "Өзүм дегенде өгүздөй күчү бар" экендиги жашыруун деле болбой калды...

Дастан Бекешов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
- Өткөн жумадагы болгон окуя парламентке эч өзгөрүү алып келбейт. Камчыбек Ташиев коалициядан чыкпайт. Азыр саясий абал курчуп турат. Карапайым эл кыйналып, кысталып турган кезинде, "Ата-Журт" фракциясынын өкүлдөрү коалициядан чыгып кетиши, бир топ кедергисин тийгизет...

(Уландысы 8-бетте)










??.??