Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

КР Президенти Р. И. Отунбаевага
КР Жогорку Кеңешинин
Төрагасы А. К. Келдибековго
КР Премьер-министри А. Ш. Атамбаевге
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Акматбек Келдибекович!
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!


Биз, "Теңир-Тоо" коому, жалпы теңиртоолуктардын (Нарын аймагынын аксакалдары) атынан белгилүү коомдук ишмер, "Акыйкат" саясий партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловго жасалып жаткан каралоо жана саясий терс аракеттерге карата кескин пикирибизди билдиребиз.
Акыркы күндөрдө коомчулугубузда бийлик башындагылардын дарегине, кылган ишмердигине айтылган сындар арбыганы чындык. Андай ачуу сынды Аликбек Жекшенкуловдун да айтканы бар. Натыйжада Аликбек мырзаны каралоо максатында Рашид Коптлеуов деген жардамчысына байланышкан "Mega Com" компаниясындагы чатакты жалган жалаа менен атайын уюштуруп жатканы элге түшүнүктүү болуп калды.
Эске салсак, К. Бакиевдин тушунда Аликбек Жекшенкулов, Муктарбек Өмүракунов аттуу теңиртоолук азаматтар куугунтукталган, камалган, бирок алар коомдо, саясатта таза экендиги тастыкталганы жалпыга маалым.
Бүгүнкү күндө ошол эле акыйкатсыздык кайталанып жаткандай, кандайдыр бир жеке карама-каршылыктардан жаралган идеялар ишке киргендей таасир этүүдө. Ансыз да жаңы бийлик курамында теңиртоолуктардын уул-кыздары дээрлик жокко эсе. Апрель революциясынын алгачкы учкуну дал Теңир-Тоолуктардан башталганын унутууга болбос. Андагы шейит кеткендердин көпчүлүк бөлүгүн да Теңир-Тоонун эр-жүрөк жигиттери түзөт.
Кыргызстандын экономикалык абалы, ички-тышкы саясаты, мыйзамы калыптанып, толук кандуу күчкө келе албай жатканда мындай майда-барат саясий сасык интригалар коомчулукка кызык эмес. Айтор, кийинки кандуу ыңкылаптын арты менен түптөлгөн бийликтин учурунда ушундай "саясий куугунтук" негизи жок "жалган жалаа" түрүндө улана берсе-таза лидерлер тургай, карапайым эл үчүн, айрыкча, азыркы бийлик башындагылар үчүн, өтө өкүнүчтүү жана опурталдуу...
Демек, өлкөдөгү саясий кырдаалдарга ар убакта калыс, сергек баа берүү - биздин жарандык милдетибиз. Андыктан, Аликбек Жекшенкуловго байланышкан күч органдары тарабынан атайылап уюштурулган терс иш-амалдарды токтотууну талап кылабыз!
"Теңир-Тоо" коомунун Төркеңешинин мүчөлөрү:
А.Аракеев,
Б.Болотбеков,
Д.Берикбаев,
Т.Жыргалбеков
Ш.Медетбеков
А.Кыязов
А.Салымбеков
С.Турдубаев
О.Чондоев
"Теңир-Тоо" коомунун катчысы: И.Осмонов
29-март, 2011-жыл.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??