Мен айтпасам, сен айтпасаң - ким айтат?

"ТАК КУЛАТУУ
ТАЛАСТАН БАШТАЛГАН"
же азыркы бийликтин өңүнө сүртүм боёктор
Ушундай аталыштагы китеп Бишкектин басмаканаларынын биринде акча жок басылбай турат. Ал китепте Бакиев бийлигине каршы күрөштү баштап, 6,7-апрель күнү Таластагы Ак үй менен милицияны басып алган Талас элинин өткөн жылдын ушул эки күн ичиндеги эрдиги жөнүндө сөз болот. Китепке Таластагы революцияга жакындан баш-көз болуп жүргөндөрдүн эскерүүлөрү топтолуп, болуп өткөн окуялар мүнөт-саатына чейин ирээттелип, жалаң сүрөттөр менен коштолгон.

Апрель революциясынын жылдыгын белгилөө боюнча президент Жарлык чыгарып, аны менен бирге иш чараларды өткөрүү боюнча атайын комиссия да түзүлгөн. Ошол комиссиянын кезектеги отурумунда 7-апрелди кантип белгилейбиз маселеси талкууланат. Бакиевдин бийлигин Таластан кулатып берүүнүн башында жүргөн Болот Шерниязов "Так кулатуу Таластан башталган" деген фотокитеп басмаканада акча жоктугунан чыкпай турат, бир ылаажы кылайык" таризинде таластыктарча кеп баштаса, комиссия баштыгы Каптагаев баш болгон калган мүчөлөрү, акча бере турган өкмөттүн өкүлдөрү "ага акча жок, башка иштерге жетпей жатса..." деп Шерниязовго сөөмөй менен ортондун ортосунан баш бармакты көрсөтүп коюшуптур. Мына сага, азыркы бийликтин жүзү! 40-50 жылга чейин кулабай тургандай болуп калган Бакиев династиясын эң алгач Таластан ташын-талкан кылып кулатып берген көзү тирүү Шерниязовго ушундай мамиле жасалгандан кийин, көзү өтүп кеткен 87 эр азаматтын үй-бүлөсүнө, ата-энесине, жакындарына жарытып карамак беле бу бийлигиң. "Китеп, даректүү кино чыгарабыз, эстелик тургузабыз, антебиз-минтебиз" деп казынадан бөлдүрүп алган акчаларды Каптагаев бир капталынан, Атамбаев экинчи жагынан, каржы министрлиги дагы бир жагынан жыра тартып, Шерниязовду "тулпар -тушунда, күлүк -күнүндө болчу, "Ата-Мекениң" аттан шыпырылган, эми сенин керегиң жок" деп тээп коюшканы да? Болбосо Каптагаев калыстык кылса, "койгула, Шерниязовду жактырбасаңар да калдайган Талас эли улуу төңкөрүштү баштап берди эле. 6-апрелде Таласта бийлик алынбаганда, Курултай кандай өтөт болду экен деп кооптонуп турган башка аймактардагы элге күч-кубатты ошолор берген. 500 нуска китептин акчасы 50 миң сом экен. Аны Байболовдун "Баккарди" ресторанына эки киши эрмек үчүн деп бир отурганда эле чай ичип жок кылып коёбуз. Андан көрө берели. 500 нуска китеп Талас элине азыркы бийликтен белек болсун" деп айтканга жарабаптыр. Анан кантип бул бийликке ишенесиң. Акаев, Бакиев бийлиги сыяктуу эле, бул бийликтен да баарын күтсө болот...
Дегинкиси, кыргыз баласы бийлик жүргүзүүнүн моралдык-нравалык жоопкерчилигине терең маани бербеген, анын канчалык ыплас же таза жүргүзүлүшү элге ошончолук оң же терс таасир этээрин анча түшүнө элек калк турбайлыбы.Болбосо качып кеткен Акаев ошол жакта жатып алып деле кыргыз элинен кечирим сураган телекайрылуу жиберип койсо болот эле го? Жок! Антүүгө анын уяты, абийири жол бербей жатса керек. (Мындай адептик кадамды канкор Бакиевден үмүт этүүнүн өзү адепсиздик.)
Же болбосо эгемендикте жашап жаткан жылдардын ичинде бир өкмөт башчыбыз, же бир министрибиз "мен ишимден ката кетирдим, кечирип кой, кыргыз элим. Мен бул кызматта иштегенге моралдык укугум жок" деп уятына чыдабай ишинен кеткен бир кыргыз болбоду. (Баса, болду. Азыркы президенттин аппаратынын коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Б. Таабалдиев Текебаевдин чемоданына Жаныш Бакиев героин салдырып, Варшавадан "колго түшүргөн" операциясынын былыгы чыкканда "мага билгизбей жасап коюшуптур, менин бул кызматта калууга укугум жок" деп Баш прокурорлуктан кетип калган!)
Тескерисинче, азыркы замандын кыргызы жеңил атак-даңкка жан далбас урган адамга айланды. Муну президенттик жарышка катышкандардан тарта тили жаңы чыккан балага чейин эңсешет. Президенттикке талапкерлердин сүрөтү чыккан плакатты карасаңыз бул эң жогорку кызматка билим деңгээли, эл аралык мамилелерде тажрыйбасы канчалык, эл чарбасынын бардык тармактары боюнча тийиштүү деңгээлде кабары барбы, мамлекеттик башкаруу тармагында тажрыйбасы канчалык-анысына карабай эле президент болчумун деп дарбыгандар көп. "Президент" деген кызматтын кадырын ушунчалык кетиришкендиктен тили жаңы чыккан бала да "чоңойгондо президент болом" деп калды. Президент болчумун деген ошол эрендериң англис тилди билишти мындай кой, орус тилди жөндөп сүйлөй алышпайт. Азыркы бийликтин жогорку тепкичине жан далбас уруп тырмышып жаткандарың деле орусча сүйлөп калса, бул тилдеги "мужской, женский, средний род" эрежелерин туш келди соктуруп, "моя позиция - один..." же орусча соктуруп келатып "арбактарды орусча эмне дечи эле?.." дегендер жүрбөйбү. "Эстрада жылдызыбыз" дегендериңдин интеллектуалдык деңгээлин мындай коюңуз- Алыкул акын менен Алымкул акынды, Жантөшев менен Баялинов деген Касымаалы аттуу жазуучуларды бир киши деп билишет. Кечээ эле кепич-маасы кийип жүрүп, бүгүн бир бөлүмдү жетектеп отуруп калган адамды көрүп, жетээр жерибиз ушул тура дейсиң. Эмне демек элек, эшегине жараша тушагы. "Президенттик бийликти кулатсак, парламенттик жаңы бийлик орнотсок, ишке бардык жерде чыныгы кесипкөйлөр, көзү каныккандар, тажрыйбасы арбындар келсе, жашообуз тез эле бардарчылык заманга айланат" деген үмүт өчүп баратат. Бийликке келген партияларыбыз "жашообуз бир күндүк экен, түштүгүбүзгө жорго минип калалы" деген принцип менен байлык топтоп, президенттик жарышка даярдыкты башташты.
Байкап жатсаңар керек, азыркы бийлик башында отургандар - акчасын тоок чокубаган чириген байлар. Ошолор эми бири-биринин былыгын чукуп жатышат. "МегаКомдун" сапырылган акчаларынын арасынан Бабанов деген балакайыбыздын башы көрүнгөнүн Баш прокуратура териштире баштады эле, Бабанов өз партиясын үгүттөй коюп, Байболовду кызматынан кетиребиз демилгесин алып чыкты. "Жакшылыкты түшүнбөсөң мына" дедиби, Баш прокуратура америкалык самолётторго авиакеросин ташып, пайдага көмүлүп жаткан Бабановдун кара чечекей жээни Шакировго, Токмоктун мэри болуп жүрүп Бабановдун колтугуна кирип алган Исаевге ачылган кылмыш иштерин кайра тергеп баштады. Бабановдун камчысын чаап жүргөн "Лозунг" деген гезитти чыккан ийинине киргизе коюп, жаагын жап кылды. Эмки кезек 5-каналга жакындап келатат.
Экинчи бир уюшкан топ депутат Жылдыз Жолдошеванын колу менен чок шилеп, Ысык-Көлдүн Өрнөк деген айылына Курманжан датканын арбагына жамынып музей курмакчы элек деп 20 гектар жер сурап жатат. Жергиликтүү калк "Курманжандын музейи алгач анын өзүнүн урпактарынын жеринде курулбайбы" деп уруксат бербей жатканын бийлик азырынча укмаксан. "Ошончолук эле зарыл болсо Каптагаев өзүнүн Чок-Тал айылынан 20 гектар бөлдүрүп берсин. Антпейт экен Каптагаевдин өзүнө пикетке барабыз" деген Чоң-Сары-Ойлуктар да арбын. Экинчи тараптан "Ата Мекен" менен "Республика" тирешип турган чагы.
Алдыңкы фронттогу кыл чайнашуу ушинтип жатса, арткы фронттогу абактагылар, аларга кошулуп алардын ата-энелери, жакындары баш көтөрө баштады. Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевге ачылган кылмыш иши токтотулсун деген талап коюп жатышкан имиш абактагылар. Боюна бүтүрүп алган бети жок кыз курсагы томпоюп калганда апасын коркутчу беле? Дал ошондой болуп жатат түрмөдөгүлөрдүн бул кылыгы. "Жаткан жерибиз жайсыз, шартыбыз начар" десе го макул. Анан Анапияевди,Көлбаевди жөн койгула дегени кызык болуп жатат, кыргыздын азыркы турмушунда. Бирок алардыкы да бир чети туура. Себеби бийлик башындагыларда адилеттик, калыстык аз болсо, бардык маселе акчалуулардын айткандарындай чечилип жатса, Шерниязовго окшоп кечээги эле сиңирген мээнетиңди бүгүн унутушуп, сени тээп таштаса, бийлиги да , байлыгы да өз көмөчү тарапка тартыла берсе, алдуулары алсыздарды ак жеринен баса калып айыпка жыкса - мындай тартипти жактырбаган, адилеттикти сактаганга аракет кылган зэктер баш көтөрүп жатышканы жөндүүдөй.
Айтор азыркы кыргыз турмушу журналисттерди эриктирбей турган, баш-аламан, будуң-чаң, чындыгынан калпы көп, чынчылынан кошоматчысы көп, кесипкөйүнөн кепич-маасычан дилетанты көп заман болду го.
Жуман АЛИЕВ