Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Жатып өлгөнчө, атып өл

Коррупциянын бир аты - "жубарымбек"
(Башы 1-бетте)
"Ата-журтчулардын" ошону менен бирге алардын талабына макул болуп, талабын аткарууну көздөп жаткан Ө. Бабановдун омуроосуна премьер-министр А.Атамбаев туруштук бере албай калганы билинди. Өлкөдөгү стабилдүүлүк баарынан артык, үчтүктүн союзунун ыдырашы саясый, социалдык-экономикалык жагдайды дестабилдештирүүчү фактор деген риториканы бетке кармаган А.Атамбаев "ата-журтчулардын" жана Ө.Бабановдун кысымына моюн сунуп бергени байкалбай койбойт. Өкмөттүн акыркы жыйынында генпрокурордун ишин "биз көрүп көзүбүз жетпедиби, прокуратура кантип текшерүү жүргүзөөрүн. Алардын (прократурадагылардын -Ү.К.) "Мегакомдогу" ууруларды "крышевать" эткени ачык болду. Ал тараптан 30 млн. доллар сыртка алынып чыгып кеткен" -деген билдирүү жасап генпрокуратураны каралап, негизги каршылашы Ө.Бабанов бир жаңсыл колдоорун ачыкка чыгарды.
Генпрокуратура менен ЖСту дайындоо Президенттин прерогативасына жатат. Арийне, өлкөнүн Баш мыйзамынын талабына ылайык бул эки кызматты дайындоодон илгери парламенттин ыраазычылыгы алынышы шарт. Генрпрокурор менен ЖСко талапкерлер азырынча ЖКке сунуштала элек. Ошондуктан эбак чыгарыла турган чечим кадыресе кечигип жатканы байкалбай койбойт. Бул жагдайды айрым бир кыргыз прессасы Президент бир чечимге келе албай эки анжы абалда турганы менен түшүндүрүүдө. Ырасында эле, бир жагынан көз каранды эмес саясый фигурага айланган генпрокурордун милдетин аткаруучу К.Байболовду кызматынан шыпырып түшүп "Ата-Журт" фракциясына даярдалган орунду бошотуу талабын койгон көпчүлүк коалициянын өктөм талабынын, экинчи жагынан К.Байболовдун профессинализми менен акыйкат ал тарапта экендигинин ортосунда мамлекет башчысынын чайналып жатканы байкалбай койбойт.
К. Байболов "кызмат - колдун кири" экенин жакшы түшүнгөн саясатчылардын катарына кирери белгилүү. Бирок анын тегерегиндеги бабановчулар менен атамбаевчилердин адилетсиз, атүгүл макрөө саясый оюн менен интригаларды уюштурушу, жок жерден жалаа жаап жатышы менен келише албастыгын ачыкка чыгарды. Аяна турган ал калган жок, жатып өлгөнчө атып өлгөн артык деп чечкен түрү бар. Интригалар башталгандан соң көп узаган жок, генпрократура тараптан бир катар "жубарымбектердин" үстүнөн (К.Байболов негедир коррупцияны тергеп "жубарымбек" деп атаган адаты бар) кылмыш ишин козголуп кетти. Атап айтканда, аларга коррупциялык иштер боюнча "5-канал" менен "Кыргызтелекомдун" айрым кызматкерлерине карата, ошондой эле финполициянын ишти токтотуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгарып "Манас Интернейшнл Сервистин" жетекчилигинин үстүнөн кылмыш иштеринин козголушун киргизсе болот. Мындан сырткары, "Республика" фракциясынын лидери, мыкчыгер депутаттарынын бирине Токмок шаарында мэрлик кызматта жүргөндө козголгон кылмыш ишинин кайрадан жаңыртылып көтөрүлүп чыгышын көрсөтүү керек. (Мындай чечкиндүү кадамды генпрократурадан күтпөгөн шекилдүү, "Республика" фракциясы кадимкидей кайсактап шашып калганы байкалууда. Ырааты жок билдирүүлөр менен чыга башташы фракциянын алапайын таппай калганына күбө). Ошентип, генпрокуратура коррупцияга ачык согуш жарыялап чыкканы анык болуп калды. Эки тараптын тирешүүсү эмне менен бүтөт, кандайча аяктайт -азырынча белгисиз, бир жаңсыл айтуу кыйын. Ушу учурга оро-пара К.Байболов менен анын жубайынын үстүнөн каршылаштары каралоо кампаниясын уюштуруп жибергени көрүндү. Өкмөт бакма прессасы менен бакма журналисттерди, ошондой эле сатылма гезиттерди айдактай баштаганы жашыруун болбой калды. Асыресе, "бакмалардын" Байболовдорду каралоо боюнча алдыга тарткан жүйөөлөрү бошоң, көбүнчө ажылдактардан турганы байкалат. Кезекте К.Байболов адилетсиз каралоого туруштук берүүгө саясый эрки жетээр бекен деген маселе кырынан туруп калды десек болот. Мындай сыноону Байболовдор камчы салдырбай өтүп кете алабы аны - мезгил көргөзөөр. Өкүнүчтүүсү, парламенттик оппозиция генпрокуратурага колдоо көрсөтөт деген үмүт акталган жок. Оппозиция Байболовдордун иши боюнча ымтыраган бошоң позицияны тутунуп жатканын баамдоого болот.
Генпрокуратурага чабуул башташкандар маанилүү бир саясый жагдайды эске албай жатышканы байкалат. Өлкөдө түптөлүп, бекем орун алган туташ коррупциядан, кадам сайын кезиккен алдым-жутумдан көкөйдөгү көк таштай болуп тажаган коомдук пикир генпрокуратура менен К.Байболовдун аракеттерин колдоп чыгаарына, ал эми бир ыргакка түшүп калган коомдук маанай чоң күч экендигине анчейин чоң маани бербей жатышкандары көрүнөт. Бийлик мыкчыгерлеринде К.Байболовду каралап отуруп чүнчүтүп бүтүрсө болот, ошону менен мөрөй алабыз деген түшүнүк үстөмдүк кылууда. Мезгилинде, А.Акаевдин да, андан кийин К.Бакиевдин үй-бүлөсүн да тайраңдатып жиберип коррупцияга биротоло малынып калганы жөнүндөгү түптөлгөн коомдук пикирди эске албай, "кербен жүрө берет, ит үрө берет" деген философия менен иш кылышканы алардын башын жеп тынганын азыркы бийлик капарына албай турганы байкалбай койбойт. Кыргыз саясатчыларына тарых эзели сабак болуп бере албайт окшобойбу деген ойго кетпей койбойсуң.
Үсөн Касыбеков

P.S. Гезит басууга даяр болгондо К.Байболов Баш прокурор кызматынан алынып, бул кызматка А.Салянова отурду.




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??