Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Белгилүү жана белгисиз
адамдардын жоруктарынан

Орозбектен
ойноок
кеп
АДАШКАН УУРУ
Түн. Элдин көбү таттуу уйкуда.
Бир оокумда мышыктай уурдана басып, кедей колхозчунун үйүнө ууру кирет. Ал бөлмөлөрдү кыйла тинтип, бирок жарытылуу буюм табалбай, колуна урунган жылтырагыраак нерсени койнуна ката салса, анысы да эски трусы экен.
Ошондо ачуусу келген ууру үй ээсине төмөндгүчө кат жазып калтырып кетиптир:
"Уятың таптакыр жок турбайбы, кысталак! Сервантыңа 5-10 сом катып койсоң эмне өлүп кетет белең? Бир эсебинен сени да туура түшүнүп турам. Себеби, байкуш колхозчулар жарым жылдан бери маяна алалек. Анан кайдан акча болсун аларда? Андан көрө башкы бухгалтердин үйүнө кирсем болмок. Аныкынан семиз-семиз койлордун майлуу этин, жалган ведомосттун негизинде алган 1500 сомун уурдамакмын. Пай-пай-пай!"

ТОЙ ЖАНА ТАТТУУ ОЙ
Ушул заманда кээ бирөөлөр жаман курсактарын тойгуза албай мукурап жүрөт имиш. А мен курсагым жарылганча ичип-жеп, ал тургай, дүңгүрөгөн тойлорду берип жатам. Өзүм май-талкандуу жердин бухгалтери болуп туруп той жасабасам уят эмеспи. Улак тартып, ат чаптырып, мынабундай тойлорду биринин артынан бирин бердим: кыз той, уул той, үй той, кухня той, сарай той, даараткана той… Эгер чабдар бээм быйыл эркек тууса, кулун той жасайм.
Тойго чакырылуучулар: 1. Чоңдор, 2. Байлар, 3. Туугандар. Ал эми бутуна чалынып, араң жүргөн кембагалдарды тойго чакырмак түгүл короомо жолоткум келбейт. Кечээ ошондой бечаралардын бири:
"Бир сом берип туруңузчу", - деп карыз сурап келиптир. Бирок, менин марттыгым менен боорукерлигим бирдей кармап кетсе болобу. Дипломатымдагы акчаларымды сапырып отуруп, эң тытык акчаны тандадым да тигиге сундум. Бул кара өзгөй босогону аттап эми гана сыртка чыгаар замат, анын артынан аялымды жөнөттүм. "Давай, бир сомду доолап кел" деп.
Тойго чакыруу баракчасын конвертке салып, алыска кат жөнөтөөрдө өз адресимди жазыштан уялам. Себеби, көчөбүздүн аты "Тынчтык", ай ушу да атпы? Андан көрө көчөбүз адамдын атынан аталса кандай сонун болоор эле. Мисалы, менин атым иттей уккулуктуу. Кечөө ушул тууралуу сельсовет экөөбүз сүйлөштүк.
- Биздин көчөнүн атын менин атыман койдуруп бербейсизби, аксакал! Ошентсеңиз, чоң той кылып берет элем.
- Биринчиден сен өлүп, тиги дүйнөгө кетишиң керек. Өтүнүчүңдү анан орундатышыбыз ыктымал. Тирүү адамдын атынан эч нерсе коюлбайт.
Ушундан кийин "өлсөмбү" деп да ойлонуп калдым. Эгер мен өлсөм, "баягы баланча өлүптүр" деп көп адамдар суктанса керек.

"ЖАШ АКЫН"
Адабий ийримдин мүчөлөрүнүн кезектеги кеңешмеси өтүп жаткан. Арабызда олтурган бейтааныш жигит:
- Мен жаш акынмын, -деп өзүн тааныштыра кетти.
- Кийинчерээк залкар акын болом. Менин шыгым, о-уу, давно ойгонгон. Кыштын күнү сыйгылчаак тээп жүргөн учурда да капыстан "жылт" келе калган поэзия саптарын текке кетирбей, бекем кармап калу үчүн дароо өтүгүмдүн кончунан ручкамды, дептеримди ала койчумун.
- "Жаман комузчу өзүн-өзү мактап чертет…"
- Бул сөз даана айтылса да тигиге жеткен жок белем! "Жаш акын" толкундана сүйлөдү:
- Комуз дейсизби! Комуз черталбайм. Бирок, аккордеонду безилдетем. Обондорум бар. Жаш обончумун.
- Балким, сүрөт да тартып жүрбө?
Албетте, азырынча жаш сүрөтчүмүн.
- Ой, оолагыраак турчу. Оозуң иттей сасык экен. Чамасы бир нерсе жутуп алган окшойсуң.
- Кечирип коюңуз! Аракка любитель элем. Азырынча жаш масмын.
Ошол күнү кечке жуук мен айылыма кетүү үчүн "Ак жол" дүкөнүнүн алдындагы аялдамада автоунаа күтүп отурсам, "жаш акын" жаныма келип калды. Кыйла кызуу экен. Мага ырларын окуп берип да жатты, өзүн мактап да жатты:
Аралап баратсам шиберди,
Аркырап жамгыр төгүп жиберди.
Оттоп жүргөн кезинде колоттон,
Бир бээни айгыр келип имерди.
Кандай жазыпмын? Мен ушундай кыйын жазам да. Апам мени тууганда бала эмес эле талант тууптур. Мендей адам өтө сейрек жаралат. Баса, чыныгы таланттын өмүрү кыска болот дешчү эле. Эгер мен да эрте көз жума турган болчу болсом, ырларым эл оозунда калат. Мүрзөмө чо-оң эстелик тургузулат. Керек болсо, өзүмдүн жаркын элесимди өзүм да унутпайм.
Бир күнү "жаш акындын" ырларын талкуулап калдык. А, "жаш акын" сын айткан ар бир адам менен урушуп чыкты. Ал тургай, өзгөндүк жигитти жакалады. Биз ортого түшүп ажыратып койгон соң да туталанганын кыйлага чейин токтото албай, акырында анын айткан сөзү бул болду:
- Шашпа, дос, сен дагы бир күнү мага окшоп жазгандарыңды талкууга коерсуң. Ошондо ырларыңдын сазайын берем.
Орозбек БӨРҮГУЛОВ.








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??