Ми-грация

КЫРЛАР БАРБЫ, КЫРГЫЗ БУТУ БАСПАГАН…
же тентимиш тагдырлар
(Башы 1-бетте)
ПЕРМДЕН БАКЫТ ИЗДЕП…
10-декабрь - Адам укугу күнү. 2010-жылдын дал ушул күнү №18 "Москва-Бишкек" багытында каттаган поездден таңкы саат 5те кыргызстандык 39 эмгек мигрант Бишкекке келип түштү. Алардын айрымдарынын колунда өткөн жылдын 22-ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык жумушка орноштуруу борборунун келишим кагаздары бар эле. Кыргызстандын ар кайсы областынан чогулган бул жарандарыбызды ошол келишимдин негизинде Бишкек шаарындагы калкты жумушка орноштуруу борбору Пермь шаарына автобус менен жөнөткөн.
- Бул келишим баарыбыздын колубузда жок. Жуп жолго чыгаарда он чакты киши менен эле келишим түзүшүп: "Ушунча адам менен келишим түзүп олтурсак силер кеч каласыңар. Андан көрө силер эч нерседен кам санабай жолго чыга бергиле, биз ал жактагыларга телефон чалып коёбуз. Баары бир ал жакка баргандан кийин жумуш берүүчүнүн өзү менен да келишим түзөсүздөр", деп бизди жайгарышкан. Жолдо автобус бузулуп, бир жума дегенде кыйналып жатып араң жеттик. Бизди бир колунда пиво, чала кызуу болгон бир жигит "келдиңерби, гастарбайтерлер" деп мыскылдап тосуп алды. Ал өзүн бизге жумуш берүүчү ООО УК "Альянс-Р" фирмасынын деректиримин деп тааныштырганда биз ишенген эмеспиз, - дейт Уланбек Исираилов.
Алардын айтымында азап чегүү ошол эле күндөн башталган. Кыштын суугунда эч кандай шарты жок, кароосуз калган имаратка жаткызып, жарытылуу тамак бербей, ишке чыгууну талап кылышкан. Паспортторун каттоодон өткөрөбүз деген шылтоо менен алып коюшуп, аны кайтарып берүүнү сурагандарга "жумушка уруксат кагазын алуу үчүн бердик" деген шылтоо айтышкан. Алардын начар мамилеси жана айлык акынын өтө төмөндүгүнө, жашоо шартынын жоктугуна нааразылык билдиришкенде кыргызстандык жарандарды жумуш берүүчүлөр тараптан коркутуулар күчөгөн.
Конфликт чегинен чыгып баратканда биздин жарандар мечитке кирип кетишип, укук коргоо органдары жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, алар автобус менен Кыргызстанга жеткизип коюу милдетин алышат. Бирок, негедир Петухово чегара өтмөгү жакка салбай, Башкыртстан аркылуу Оренбург тарапка алып жөнөшөт.
Оренбург шаарына келгенде автобус бузулуп, курсагы ачкан мекендештерибиз кайрадан мечитке кайрылышат. Мечиттин кызматкерлери кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен аларды байланыштырып, анан бул ишке милиция кийлигише баштаганда узатып келе жаткандар паспортторун кайтарып беришип, өздөрү көздөн кайым болушкан.
43 адамдын тамак-ашы жана Кыргызстанга чейинки жол киреси үчүн чоң каражат талап кылынат. Бул маселенин биринчисин Оренбургдагы кыргыз диаспорасы өз алдынча чече алды. Ал эми жол кире маселесине келгенде КР Эмгек, жумушка орноштуруу жан миграция министрлигинин өкүлдөрү "төлөп беребиз" деп кепилдик кат жазып беришип, аталган диаспорадан акча сурашат. Диаспоранын өзүндө каражат болбогондуктан алар "Замандаш" ассоцациясына кайрылышып, натыйжада 39 жараныбыз эсен-соо Бишкекке келип түшүштү. Алардын арасындагы төрт жигит болсо куру кол келгенден намыстанышып, ошол жактагы тааныштарынын колдоосу менен иш кылмакчы болуп Оренбургда калышкан.
2010-жылдын январында жогоруда аталган министрликтин Ош шаарындагы калкты жумушка орноштуруу борборунун жолдомосу менен 84 жараныбыз Ыраакы Чыгышка аттанышат. Алардын акыркылары Бишкек шаарындагы калкты жумушка орноштуруу борборунан чыгып жатышканда "Хабаровск шаарындагы атташебиз Алтынбек Кожоев силерди коргойт, эч нерседен кам санабагыла", - деп узатышат. Бирок, эмгек мигранттарыбыз ал шаарга жеткенден кийин ал жактагы шарт башкача болуп чыгат.
Абдибали Жороев, куруучулардын бригадири: "Курулушка жумушчулар керек" деген жарыяны телевизордон мамлекеттик мекеме берип жатса кантип ишенбейсиң?! Ош жана Жалал-Абад областынан чогулган 84 киши баарыбыз ушундай пикирде элек жана ал жерде иштеген мамлекеттик кызматкерлерибиздин компетенттүүлүгүнөн шектенген эмеспиз. Ар бирибизге 20 миң рублден айлык, бекер жатакана жана тамак-ашыңарга бир аз компенсация болот деп ишендиришкен. Хабаровскиге келгенибизде баары тескерисинче болуп чыкты. Жатаканасындагы шарт начар, бир жума свети жок жашадык. Ысык суу деген деги эле жок, туалети айылдагыдай сыртта. Бизден кабар алган эч ким жок бир жума жалаң деңиз капустасы менен тамактандык. Паспортторубузду колубузга бербей, биздин үстүбүздөн карап турганга атайын кишилерди коюшту. Нааразылык билдирип документтерибизди талап кылсак, ар бириң 10 миң рубль төлөп, жатаканадан чыгып кеткиле деген шарт коюшту.
Акималы Ташбаев, куруучу: - Ар бирибиз Хабаровск шаарына жеткиче 15-16 миң рубль короттук. Айрымдарыбыз бул акчаны жакындарыбыздан карызга алсак, кээ бирлери акыркы малын сатышты. Дагы бирөөлөрү банктан кредит алышып, биринчи айлыктан төлөй турган шартка макул болуп жолго чыкканбыз. Бул жерге биринчи партияда келген 37 адамыбызга үч айлык мөөнөткө жумуш иштегенге уруксат кагазын алып беришти. Алардын ичинен 8 киши 8 күн тынбай иштеп, болгону 1,5миң рублдан табышты. Анын да бир тыйынын колдоруна алышкан жок. Калганыбыз бир ай иши жок жатып, атташебиз Алтынбек Кожоев менен "Аргустан" түңүлгөндөн кийин тааныш-билиш издөөгө аргасыз болдук.
Ошентип аксылык эмгек мигранттары Хабаровскиде союз мезгилинен бери жашаган жердеши Зарипа Нуркулова аттуу айымды табышып, ал аркылуу башка курулуш ишканасына жумушка кирип кетишет. Бул айым аларга бир жылга жумуш иштөөгө документ жасатып берген. Ал эми "Аргус" фирмасы болсо үч айга гана жасатчу жана ошонусу менен эмгек мигранттарын "кыңк" дедирбей кармоого аракет кылчу. Баарынан кызыгы, буга чейин кыйналып жатышкан кыргызстандыктардан кабар алып коюуга жарабаган атташе Кожоев Алтынбек кийин аксылыктар иштеп жаткан жерине кайра-кайра каттап, "жатакана жана жеген тамак ашыңар үчүн "Аргуска" карызыңарды төлөгүлө" деп 80 миң рубль алып кеткен. Мамлекеттик бул кызматкер деги кимдин кызыкчылыгын коргошу керек, же ал "Аргустун" адвокатыбы деген суроо туулат.
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА