Ким экениңди бил, кыргыз!

Арсланхантегин Нурак (Абдрахманов)
Кылымдардын
кыйырынан кабар
(Башы өткөн сандарда)
Авропа (Европа) Гун Императорлугу
Коён тайпасынын өкүмдары Баламир хандын төрт уулун: Мундзук, Ругил, Октар, Айбарс - деп жазышыптыр. Тарыхта Баламир атабыздын өмүрү бүт согуш менен өтүптүр. Албетте, согуш кайгы-муңсуз, жоготуусуз болбойт. Ал себептүү улуу баласынын ысымын "Муңдуу Угуз" койсо керек. Ал ысым тилге ыңгайлашкан үчүн бүгүнкү "Мундуз" деген калыбына келгендир. Ансыз "Мундуз", "Мундзук" деген сөздөр эч бир элдин тилине коошпойт.
Баламир атанын көзү өткөндөн кийин Мундуз (Мундзук) хандын заманында айланадагы калктарды багындырып бүтүп, 375-ж. Батыш тарыхында өтө даңазаланган Гун императорлугун түзүп, Мундуз "император" болуп жарыяланган экен. 453-ж. Мундуздун улуу баласы Адилхан (Аттила) өлгөнгө чейин гундар Европаны бүт бийлеп, ал тараптагы элдердин маданиятын түптөгөнү жазылат. Көптөгөн тарых жазмаларынан сырткары Аттила жөнүндө немис элинин байыркы дастаны "Эцел" деген аталыш менен бүгүнкү күнгө чейин сакталыптыр. Анда Аттиланы өтө даңктаган маалыматтар камтылган. Анын айныксыз далили андроновдук маанайдагы дөбө мисал курулган кыргыз көрүстөндөрү Европада бүгүн да турат. Ага кошумча Батыштын тарыхчылары Аттиланын улуту кыргыз экендигин айтышат.
Тарых кабарларында Аттиланын 300дөн ашык аялдары, 184 уулу болгон деп жазышат. Кыздарын санаган эмес экен. Ал Аракс дарыясынын боюна (азыркы Волга) өзүнө байтакты (борбор шаар) куруп, "Сузак" деп атагандыгын жылнаамачы Фиофлакт Симокатта жазган. Ошол Сузактын урматына биздеги Жалал Абад жергесиндеги Аттиланын Х к. урпагы Арслан Карахан атабыздын кыштоосу "Сузак" деп аталып, Сузак боюнча турат. Себеби, аталарыбыздан калган санжыра боюнча Х кылымдагы Караханлылар династиясынын падышасы Арсланхан атабыз Аттиланын түз урпагы болуп айтылат. Антпесе биздеги Сузактын аталышын ким таап коймок эле.
Аттиланын иниси Белек (Бледа) "Токмок" деген шаар курган үчүн "Б. Токмок. М. Токмок" деген шаарлар Аз деңизинин түндүк жагында бүгүн да турганын географиялык карталардан көрсө болот. Ошол шаарлардын урматына аталган биздеги Токмок шаарыбыз турат. Ошол доордон таасын кабар берген дастандын үзүндүсү XIX кылымдын инсаны Балык ырчынын айтуусунда Кыргыз Илимдер Академиясынын кол жазмалар корунда бүгүн да сакталуу.
"Адилхандын көзү өткөдөн кийин кыргыз эли 12 урууга бөлүнгөн деген сөз атамдан калган" деп Балык ырчынын чөбөрөсү Эшенкул ата жана тарых изилдеген агайым Абитай Өмүралиев айтты эле. (Бул кабарлар жөнүндө толук маалымат "Улуу баян" деген китебимде камтылган).
Тарых кабарларына караганда Аттиланын көзү өткөндөн кийин анын Эрнак деген уулу падыша болгон. Ошол заманда эл бузулуп, Башкорт, Катаган, Коңурат, Каракалпак, Жедигер (Жетик эр) Маңгут, Найман, Калча, Бадахшаң, ж.б.ысымдуу Аттиланын уулдары Гүн элин (Коён тайпасын) бырчалап бөлүп алып, ар кимиси өзүнчө хандык болуптур. Алар бири-бири менен каршылашып турушканын көргөн Батыш тарыхчылары "Аттиланын ыркы жок уулдары..." деп жазат. Балык ырчынын айтуусу боюнча жазылган мураста Аттиланын чөбөрөсү Орозду хандын заманында кыргыздардын жогорудагы тайпалык аталыштары камтылган. Демек, бул уруулук аталыштар Аттиланын уулдарынын ысымы болгон. Анын далили Аттила заманына чейин түрк элдеринде жогорудагы тайпалык аталыштар жок экендиги менен тастыкталат. Ага кошумча далил, жогорудагы тайпалардын көбү өзүнүн түпкү теги кыргыздан башталарын так билишет.
"Бөлүнгөндү бөрү жейт" демекчи, гундардын биримдиги бузулганын көргөн Рим бийлиги немец Гепиттердин жардамы менен айланадагы душман элдерди жашыруун бириктирип, 468-ж. чапкын салган үчүн гундар Азияга кайткан. Азияда дагы биримдикке келе албаганыбызды көргөн ирандык жылнаамачылар бизди "евталиттер" деп атаган. Ошол биримдикке келе албагандыктан 704-жылы ислам динин жайылтуу үчүн келген арабдардын чапкынынан сүрүлүп, кайрадан Алтайга чогулган. Оомал-төкмөл замандар өткөн соң учуру келгенде 840-жылы Күлтегиндин урпагы Ажо каган Алтайда тарыхтагы Улуу Кыргыз Кагандыгын түптөп, түрк элдеринин башын бириктирген. Тарыхчы Бартольд айтмакчы, Кыргыздын өркүндөө доорунун ургаалдуу учуру ошол заманда болгон.
Али өткөн тарыхыбыз унутула элек болгон үчүн аталарыбыз Сибирь жергесинде таш бетине "Кырлар барбы кыргыз буту баспаган, Кайың барбы кыргыз балта чаппаган" деген ыр саптарын жазышкан. Себеби, Аттила заманында аталарыбыз тарыхын Манас дастаны сыяктуу ыр менен айткан үчүн -"гундардын түгөнгүс ырлары бар" -деген маалыматтар сакталган. Ага кошумча римдик тарыхчы Приск Панийский дагы ырчылардын айтышын көргөндүгүн жазган.
Демек, ал заманда Балык ырчы сыяктуу эл тарыхын түбүнөн бери дастанга айландырган санжыра-дастанчыларыбыз көп болгон үчүн улуу дастандын жогорудагы эки сап ырын таш бетине чегишкен. Ошол заманда Сибирь жергесинде мүрзөлөргө коюлган таш бетине жазылган кабарларда Карахан Кагандын ысмы эки жерде камтылган экен. Демек, түрк элдери хандардын үстүнөн бийлик кылган адамды "Каган" (падыша же император) деп атаганына караганда Улуу Кыргыз Кагандыгынын IX кылымдын экинчи жарымында таш бетине жазылган тарыхтагы падышасы Карахан Каган болгон. Мүмкүн Карахан каган Ажо кагандын өз уулу болгон. Анын дагы бир далили Манас дастанында:
- Мунун аркы атасы Карахан,
Карахандан тараган., - деп, Манастын түп атасы дагы Карахан экендиги айтылат. Ага кошумча, биз бардыгыбыз мектепте тарых сабагынан окуп үйрөнгөн Караханлылар династиясын түптөгөн Алп Эр Тоңгу дагы IХ кылымдагы Улуу Кыргыз кагандыгынын заманында (870-жылдарда) Сибирден "Чек эл" (чигил) жана Ягма аталган кыргыз тайпаларын баштап алып, Таң Шаңга (Тянь Шаньга) келген экен.
Ага чейин 711-жылы Сибирден Күлтегин сүрүп чыккан Карлуктар Ысык Көл, Чүй, Таласка келип, "Карлук Кагандыгы" болуп турушкан. Алп Эр Тоңгу Чүйдөгү түргөштөр жана Таластагы Юебан кыргыздары менен биргелешип Карлуктарды (Кашгарлык Махмуддун аныктоосу боюнча - түркмөндөрдү) батыш тарапка айдап чыгып, Ала Тоону кыргыз калкына кайра кайтарышкан. Ошондой согушчандык талантын көргөн ирандыктар аны "Афросиаб" (согушчан) деп атаган. Демек, өз заманында Чыңгыз хандын балдары ар жерге хан болгондой, Улуу Кыргыз Кагандыгынын заманында Карахан Кагандын уулдары дагы ар тайпага хандык кылган.
(Уландысы кийинки санда)