Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  ЖК төрагасына жолдонгон кат

"Бейишке" баргысы келген депутаттар
Республикалык "Бейиш" элдик медициналык илимий-өндүрүштүк борборунун тегерегиндеги кабинет талашмай ызы-чуусуна ЖКнын тармактык комитетинин башчысы катары Дамира Ниязалиева эстүүлүк кылып эбак эле чекит коюп койсо болмок. Азыр илимий медицина элдик медицинага куда түшүп жаткан кезде "Бейишти" бейиштей кылган академик аксакал Нарбековго бут тосуу анын сакалына тийишип жаткандай элес берет экен. Бул маселени КТРК да бир нече жолу эскерткендей болгон.
"Бейиш" №№ 1141,1254,1086 - дарылоочу минералдык суу булактары, Караколдогу минералдык баткак менен дарылоочу жайлар, Кызыл-Жар, Ак-Турпак, Төө-Моюн, Жийделидеги таш үңкүрлөрү, Чоң-Туз табигый спелео дарылоочу жайлары менен сыймыктана алат. Өкмөттүн 18.02.2000-ж. №40 "Йод таңсыктыгына байланыштуу ооруларды алдына алуу"; 30.04.2003-ж. №91 "Дары каражаттары"; 17.06.1999-ж. №58 "Калктын радиациялык коопсуздугу"; "2007-2011 жылдагы республикадагы жугуштуу мите-курт оорулары менен күрөшүүдөгү улуттун ден соолугун чыңдоо" жаатындагы токтом, программа, концепцияларын ырааттуу аткарууда "Бейиш" борборунда эмгектенген жогорку квалификациядагы академик, профессорлордун 100дөн ашуун дары-дармектери кардарлардын жогорку суроо-талаптарына жооп берип, кеңири колдонулууда. Аарыдай күжүлдөп, кумурскадай тызылдап иштеп, жан тынымын билбеген мээнеткеч иштермандарга жолтоо болгондун ордуна, шарт түзүп берсе, "Бейишчилер" бюджеттин таңкыстык көйгөйүнө салык түрүндө салмактуу эле салым кошмок.
"Бейиштин" азыркы жаңы жетекчилиги соцфондго, салыкка, маянага карыздарын толугу менен төлөп берген. Ал эми мурунку жетекчиликтин ушул боюнча 3 миллион сомдой карызын да жоюунун аракетин көрүп жатышат. Кыргызстан союздан чыгып, өз алдынча мамлекет болгон соң, 1991-жылдын 1-июнундагы Министрлер Советинин № 322 токтомуна ылайык, Чүй проспектисиндеги №122 ("Бейиш") административдик имарат берилип, бирок ага кирбестен, дарылоочу мекеме катары тизмеге катталып, толугу менен өзүн өзү каржылаган чарбалык эсептеги азыркы имаратка кирген. Имарат бүгүнкү шарт- максатка ылайык колдонулууда. Ал Ак үйдүн жанында жайгашкан. Ошондуктан жаңы парламент ишке киришкенден тартып, "Бейишке" кызыгып көз арткандар көбөйдү. Өкмөттүн 25.09.98-ж. токтому менен республикалык "Бейиш" элдик илимий- өндүрүштүк борбору Өкмөттүн алдындагы ФОМСтун балансына өткөрүлүп, булар 1280,13 чарчы метр аянтын ээлеп алышкан. Бакиевдердин арааны жүрүп турганда Өкмөттүн 08.11.2006-ж. тескемесине ылайык "Бейиштин" азыркы ээлеп турган имараты КРнын президентинин Иш башкармалыгына күч менен өткөрүлүп берилген. Ал эми Чүй проспектиси, № 122 даректеги имаратта азыркы тапта "Чудо-Чадо" ЖЧКсы (28,12кв. м.); "Л-Блок" коомдук бирикмеси(6,9 кв.м.); "Эко-Исламик Банк" ААКсынын филиалы (29,4 кв.м.); Экономикалык тескөө министрлигинин "Бирдиктүү терезе борбору (284,8 кв.м.); Кыргыз-Герман медициналык борбору (385 кв.м.); жеке ишкерлер Э. Абдыкасымов (18 кв.м.); К. Кунасова (380 кв.м.) ээлеп отурушат. Дамира Ниязалиева баш болгон парламенттин билермандары бул имараттагы мамлекеттик уюмдарды чыгара албаса да, жеке менчик ээлеринен бошотуп алууга эмнеге кудурети жетпейт? Өкмөт башчысынын орун басары Ө. Бабанов аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигиндеги кызматкерлердин 15 пайызы кыскартылды деп жар салды. Андай болсо парламенттин техникалык кызматкерлерин Өкмөт үйүнө деле сыйлыгыштырып койсо болмок. Улуттун ден соолугунан ЖКнын техкызматкерлеринин ыңгайлуу иш орундарга ээ болуусу жогору турабы? Ордо калаада 40ка жакын мамлекеттик имараттар бош турат, аларды ошол жакка алып барса болбойбу? Сөзсүз эле "Бейиштин" имаратына кириш керекпи? "Бейиштин" имаратын талашкандарга айтчу сөз - СНиПтин нормасы боюнча саламаттык сактоо мекемелериндеги стационардык-амбулатордук жайларды административдик максатта пайдаланууга мыйзам жол бербейт. Же силер да Бакиевчилерди туурап мыйзамдарды тебелеп-тепсеп кете бересиңерби?
Калмат МОЛДОКУЛОВ





Койдун сынган бутундай аксаган тармак
Капиталисттик өлкөлөрдө биздикиндей революция болуп, президенттер элдин мүлкүн тоноп качпагандыгы менен экономикасы ургаалдуу өнүгүп, аны менен катар ветеринардык тармактары өнүгүп, өркүндөлүп келет. А биздин өлкөдө алдым-жуттум кызыл-кулактардын айынан жыйырма жылдан бери өлкөнүн кунары учуп, кумсарып калган убагы. Коррупция укмуштай гүлдөп кетишинен 10-15 жылдан бери ветеринария тармагы ара жолдо калганын карапайым эл күн санап жон териси менен сезип келет. Ачыгын айтыш керек, эл башындагы эр-азаматтардын деңгээлине жараша өлкөдөгү ветеринария тармагы койдун сынган бутундай болуп аксап турган кези.

Ар бир колхоз, совхоздо 2300 адис иштеген
1991-жылы Кыргызстанда 450 колхоз, 50гө чукул совхоз болгон. Ошондо мамлекеттин эсебинен төрттөн аймак деген бар болчу. Бир аймакка 450 мал доктур бөлүнүп, бир колхоздо 1800 ветврач бар болгон. Андан сырткары совхозго 500 мал доктур бөлүнүп, жалпысынан бир колхоз, совхоздун малын 2300 адис 14 млн. койду жана жылкы, уйларды тейлөөчү. Жергиликтүү адистерден башка да мамлекеттик мал доктурлар келип иштешчү. Райондук, облустук болуп отуруп алардын саны эки миңдин тегерегин түзгөн. Тактап айтканда бир колхоз-совхозго 4 миңден ашуун мал доктур кызмат кылаар эле. 1991-жылдан тарта малдын саны кескин азая баштады да, дал ошол маалда колхоз-совхоз тарап, малдар менчикке чыгып, мал доктурлар да иштен четтетилген.

Учурда 10 000 адиске муктажбыз
Бирок, ошентсе да акыркы мезгилдерде азайган малдын 70 пайызы толукталып, көбөйүп келатат. Азыр республикада шарттуу 8 миллион мал бар. Мамлекеттик улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнө караганда, малдын санына карата ветврачтардын камсыз болушу 29 пайызды гана түзүп жатат. Азыркы маалыматтарга таянсак 15 жылдан бери институтту бүткөн бир да ветврач жер-жерлерге барып иштешкен жок. Ветеринардык көргөзмө боюнча орточо эсеп менен 800-850 малга бир адис талап кылынат. Демек бизге он миң адис керек. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде малдын жугуштуу оорулары көбөйүп атканына карабай бизде мал доктурлар жетишсиз. Мал доктурлардын сунушу боюнча, 10000 адисти эмес, мурдагы эсеп менен 450 малга экиден адис иштетип берсе дурус болмок дешет.

Бечелден жөтөл кетпейт
Анысы аз келгенсип азыркы убакта дүйнөдө эпизотиялык абал барган сайын татаалдашууда. Эпизотиялык абал деп өтө жугуштуу, өтө тез тарай турган оорулар аталат. Маселен сибир жарасы, кутурма, шарп ылаңы, койдун чечеги, куш тумоосу, чума жана башка оорулар. Мындай жугуштуу оорулардын алдын алуу мамлекеттин иши. Буга олуттуу көңүл бурулбаса мал оорулары жайылып, көбөйүп келаткан малдар кырылып жок болот.
Булардын көпчүлүгү адамдын өмүрүнө да таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан учурда өкмөт тараптан ветеринария тармагына олуттуу көзөмөл коюп, жигердүү иштөөлөрү тийиш. Натыйжада мал-чарбасы өнүгө албай, оорунун үстүнөн оору күчөп, ал тургай адам өмүрүнө да коркунуч туулууда. Алсак (бруцеллез, койдун чечеги, туберкулёз, шарп ылаңы, сибир кулгунасы) аттуу оорулар малдан жугуштуу жана өтө коркунучтуу болуп саналат. Көбүнчө айыл тургундары бруцеллез оорусу менен жабыр тартып келет. Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунда былтыр 245 адам бруцелёз оорусу менен ооруганы катталган. Көбүнчөсү жаш балдар. Кээ бир тургундар үй-бүлөсү менен ооруган фактылар кездешүүдө. Айыл тургундарынын бул оору менен жапа чегип отругандары ветеринариялык тармактын жетишээрлик деңгээлде иш алып барбагандыгы менен байланыштуу. Тагыраак айтканда элге кеңири бул оору тууралуу маалымат жетпей жана мал жандыктарды убагында толук кандуу дарылабагандыгы себеп болуп жатат.

"Ветеринардык мыйзам" таптакыр аткарылган жок дешет
2004-жылдын ноябрында "Республикадагы эпизотиялык абал" жөнүндө Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынында каралып, ветеринардык тармакка тиешелүү маселелер талкууланып, бул тармакты оңдоо боюнча атайын токтом кабыл алынган. Токтомдо көрүлө турган чаралар менен бирге ветеринардык тармакка өз алдынчалык берип, айыл чарба министрлигинен бөлүп, өкмөттүн алдында агентство түзүү чечими кабыл алынган. Кийинчерээк "Ветеринардык мыйзам" кабыл алынганда жогорудагыларды эске алуу менен бирге азырынча департаменттин башкы директоруна министрдин орун басарлык укугун берүү маселеси мыйзамда чечилген. Бирок, бул маселе да айыл-чарба министрлиги тарабынан колдоого алынбай, таптакыр аткарылган жок. Ошондуктан өлкөдө ветеринардык тейлөө кызматы кескин начарлады. Мурда өтө аз кездешкен чечек, шарп, сибир жарасы малды көп чыгымдарга алып келсе, 2007-жылдан бери Нарын облусунда түшүнүксүз оорулар пайда болуп, айыл элин көптөгөн зыяндарга учуратууда. Мындай абал менен өлкөбүздүн экономикасына терс таасирин тийгизип, келечекте мал жана мал чарба азыктарын экспортко чыгаруудагы мүмкүнчүлүктөрүбүздөн ажырап калуубуз толук ыктымал.

Жамин Акималиев, академик: "Ветеринария кызматы учурда өтө начар"
- Жамин мырза, бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздин ветеринария тармагы кандай абалда?
- Өлкөбүздөгү ветеринария кызматы учурда өтө начар абалда. Союз тарап кетээри менен айыл-чарбаны талкалап, аны менен катар ветеринария тармагын да начар абалга жеткирип койбодукпу. Ошонун кесепети менен бүгүн ветеринария тармагы аябай эле аксап турат. Айыл-чарба талкаланганы менен, Кыргызстанда жеке менчик кара малдын башы бир миллион, кой беш миллион, жылкы жарым миллионго жетти. Бирок, малдын саны көбөйгөнү менен малдын абалы абдан начар. Ылаң оорулар күчөп кетти. Союз учурунда мындай оорулардын алдын алып, оорунун күчөп кетүүсүнө жол берилчү эмес. Кыргыздар бекеринен "мал-жан аманбы" деп айтпайт да. Малды да, адам сыяктуу таза кармаш керек. Көпчүлүк оорулар дал ушул малдан адамдарга жугуп атканына күбө болуп жүрөбүз. Илгери шарп деген эле оору бар болчу. Ошол оору менен гана күрөшчүбүз. Эми азыр он чакты оору болуп кетти. Ал шарп оорусу элге жукчу эмес. Азыр болсо так ошол шарп оорусу адамдарга жугуп атат. Союздун күчү менен 1940-жылдары чечек оорусун таптакыр жоготкон. Ушул эле оору былтыр Нарын тараптан чыкты. Андан кийин сибир жарасы деген оору чыгып, элге да жукту. Ал эми бруцелез оорусу менен миңдеген адамдар ооруп жүрөт. Дагы бир кутурма деген оору бар. Бул оору көп жыл мурун эле жоголгон. Мындай оорулардын алдын алып, тез арада күрөш жүргүзбөсөк, мал-чарбабыздын таптакыр түбүнө жетип алабыз. Ошондуктан бүгүнкү өкмөт ветеринария тармагына олуттуу көзөмөл жүргүзүүсү абзел.

Элдияр ЭЛЧИБЕК




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??