Кыргыз искусствосунун кайраткерлери

Токон Дайырбеков, КРнын Эмгек сиңирген ишмери:
"Эмгектенүүдөн көңүл тынчтыгын гана сезем…"
Ырас, искусство жаатында да башаламан, чар-жайыт абал түзүлгөн. Көп учурда профессионал ишмерлердин эмгектери көз жаздымда калганын байкоого болот. Антсе да, чыгармачылыктын бийик ашууларын, түгөнгүс татаалдыктарын багындырып келе жаткан таланттардын катары да жетишээрлик.

Руханий жардылык…
- Айрыкча, институтту аяктаган жылдары фильмдерге көп тартылдым. Съемка учурларында эки жактарга чыгууга туура келет го. Анын да жакшы жактары көп болоор эле. Эл-жер кыдырып, башка атмосферадан дем алып, көңүлүң сергип кайтат. Анда биз убакытты бошко кетирчү эмеспиз. Баардыгы чыгармачылык иш- графиктери менен толукталган. Кейиштүүсү, азыр мурдагыдай кино фильмдер жок. Сапаты, маани-маңызы төмөн кино тасмалар арбып барат. Олуттуу фильмдерге тартылып жүргөнгөбү, айтор, азыркы режиссёрлордун эмгектерине анчейин канааттана бербейм. Профессионал адис жогорку тепкичтен ылдый түшкүсү келбейт окшобойбу.
Бир кездеги кыргыз киносунун Керемет доорун сөз кылып калабыз. Кезинде кандай гана атак-даңк алып келген кино тасмалар жаралбады. Маданият менен экономика бирдей деңгээлде өсүп, өнүгүп турушу керек эле. Искусствосу жогорку деңгээлде каралбаган өлкөдө руханий жардылык пайда болот. Ал ошол эле саясий-социалдык абалга да өз таасирин тийгизбей койбойт. Азыркы тапта маданиятыбыз чалгы менен чабылган чөптөй куурап, саргайып турат. Күндөн-күнгө майдаланып бара жатабыз. Ага себеп, искусствого шарттуу түрдө мүмкүнчүлүктөр каралбай калган. Мындай салкын мамиле таланттарды "жеп" салгандай болду.

Баалуу эреже
- "Тазалык, айныгыс туура багыт - булар менин жашоо принцибим" десем туура болоор. Акыйкатты туу тутуп, аны эреже катары пайдаланып жашоого эмнеге болбосун. "Чөйрө таасир берет" дейбиз. Бирок, керектүү чечимдердин баардыгын өзүбүз кабыл алабыз. Демек, ар бирибиз адамгерчиликтин бийик үлгүсүн жан дүйнөбүзгө орнотуп, айланыбызды, коомду өзгөртүүгө салым кошконго күчүбүз да жетет. Башкысы, кайдыгерликтен качсак. Ал биздин коркунучтуу душманыбыз экендигин түшүнө билсек дейм.

Мара
- Чыгармачылыкта оорчулуктар, тоскоол болгон түшүнүксүз абал күндө, ал гана эмес саат сайын кайталанат. Мындай жагдай баарыбызда кездешет.
Арабызда маскачан адамдар өтө көп. Алар билинбей, баардыгын булгап, бүлүнтүп жашашат. Алар жайган "тор" таланттарды "өчүрүп же өлтүрүп" да коюшу толук мүмкүн. Натыйжасы, дарамети бийик, профессионал ишмерлердин жолуна бөгөт коюп, аларды тийиштүү марага жеткирбей, алсыратып коюшат. Жакшы жери, эртеби-кечпи, эки жүздүүлүктүн бети да ачылат. Качандыр бир баары ачыкка чыгат да, маскачандар өзүнөн-өзү жоголот. Андайда аларды эч ким да жоктобойт…

Бийик ой-туюм
- Билсеңиз, мен иштөөдөн чарчамак турсун, кайра көңүл тынчтыгын сезем . Мейли, күн-түнү өз адистигимде эмгектенсем да, "Кабагым-кашым" деген эмесмин. Бизди жашоо көйгөйлөрүнөн, анын түгөнгүс татаалдыктарынан чыгармачылык ишмердүүлүгүбүз гана алаксытат го.
Бир гана кандайдыр бир түшүнбөгөн сезимдерден улам жаралган интригадан аябай чарчайм, ал турсун тажайм. Алар чогула берип, стресске кабылтат. Андайда ат минип алып, тоого чыгам. "Манастын" томдуктарын окуйм. Тээ ата-бабадан калган улуу накыл кептерди жан дүйнөмө сиңирип: "Кандай болбосун, баары бир жакшылык бар!" деген бийик ишеним менен дүрбөлөңгө түшкөн ойлорумду тынчтандырып, кайрадан алдыга карай кадам таштайм.
Көбүнчө баатырлардын ролун түзүп калам. Ал мүнөзүмө да өз таасирин тийгизсе керек. Күнүмдүк турмуштагы майда-барат көрүнүштөргө маани бербегенге аракет жасайм. Кыйынчылыктан чыга билем. Чайналып, куру бекер өзүмдү кыйнай бергенди жактырбайм.

Ак дил
- Алдамчылыкка, саткынчылыкка дуушар болсом да, адамдарга карата ишеним- сыйымды өчүрө албайм. Сый-урмат, ишеним гана адам жашоосун көрктүү, суктанаарлык кылып көрсөтө алат. Көңүл оорутуу, уруш-талаш, айланадагыларга одоно, орой мамиле жасоо - булар эч нерсеге арзыбайт. Дүйнөгө устун болгондорду көргөн эмеспиз. Демек, бир гана ирет жашап өтөөрүбүздү моюнга алуу милдети бар. Баардыгы салыштыруудан башталат. Айталы, дүйнөң жыргал болуп, кубанып турганыңда, башка бирөө кайгыда экенин ойлоо зарыл. Жагдай туура келсе, ага жардам колубузду сунсак гана... Дал ушундай жагымдуу аракеттер менен көндүм болгон жагымсыздыкты, өзүмчүлдүктү өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт элек.

Күңгөй-тескей…
- Туура, сын-пикирлер иштин өсүшүнө, алга жылышына өбөлгө болот. Бирок, ал негиздүү, туура айтылабы, кеп ушунда. Кай бирде түпкү маселе толук түрдө талданбай эле көз - караштардын кагылышуусу келип чыгат. А чыгармачылык таза, ачык-айкын, аяр мамилени талап кылат. Эмнегедир мен сын маселесин оор кабыл алам. Бийик ойлор менен баалуулукка карай умтулуп, жакшы иштерди жасоого аракет кылып жатсаң, анан эле туш-туштан жаалап, сындап жатышканын туура көрбөйм.
Чыгармачылыгыма карата айтылган болумсуз пикирлер жаш кезде мага абдан оор тиээр эле. Азыр ага көңүл бургум келбейт. Себеп, өз күчүмө ишенем. Анан да: "Оболу, мен жасаган ишти кылып туруп, анан айта бергиле! Олтуруп алып, ооз көптүрө берүү баарынын колунан келет. Куру сөз эч нерсени чече албайт!" деп коем. Бул позициям мени "сындыргысы" келгендерге күчтүү курал болуп келет.

Майдаланган абал
- Галстукчандарга, алардын куру сөздөрүнө, жүрүм-турумдарына күлүп гана коем. Алар чыгармачыл адамдардан өйдө тургулары келет. Ар кандай иш-чаралар боло калганда ошол эле чиновниктер чыгып, сөз алат. Той-тамашаларда алдыңкы катарларда олтурушат. Муну менен алар чыгармачылыктын касиетине, улуулугуна көлөкө түшүрүп жаткандай таасир калтырат. Ошондуктан, алар мага байкуш көрүнөт… Абдан кейиштүү, андайларга маданият тармагынын эки чылбыр, бир тизгини тийип, каалагандай бийлигин жүргүзүшөт жана искусствого карата өзүлөрүнүн тар түшүнүктөрү менен баа берип, аны майдалап жиберип жатышат.

Эрк
- Ырас эле айрым адамдар кыйын кезеңдерден жол табуу үчүн бөтөлкө менен "достошкон" кездерин да көрөбүз. Балким, мен күчтүүмүн го. Башкалардай таптакыр эле "ак моюндун" артынан түшүп кетпейм. Күлкүлүүсү ушул, маселен, инженер же хирург күндө үйүнө ичип келсе да, алар байкалбайт. А артисттер жөн эле шампандан ооз тийип койсо деле сөз болуп кетет. Биз эмне кылбайлы, ал дароо эле көрүнүп калат.

Нуска
- Залкар адамдар менен иштештим. Адистигимде алардын нускалуу акыл сөздөрүн колдонуп келем. Алсак, Болот Бейшеналиев менен кино тасмаларга көп тартылып калдым. Ал киши дайым: "Образ жаратууда айрыкча, көзүңө көбүрөөк маани бер. Көз - адамдын ички дүйнөсүн чагылдырат" деп айтчу. А.Советбек Жумадылов: "Баардыгы жасалмасыз, нукура болууга тийиш. Ролду жеткилең алып чыгыш үчүн ириде, андагы мүнөздөрдүн өзөгүн таба билүү кажет" деп айтканын эстеп калам.

Нурзада ОСМОНОВА