Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Айкын собол

- Азыркы учурда кымбатчылык кимдердин кендирин кесүүдө?
Назира,
Кара-Талаа айылынын тургуну:
- Кымбатчылыктын азабын тартып, жогору жактагы өкмөткө нааразы болуп жүрөбүз. Андан башка кандай аргабыз бар. Элдин көйгөйүн көрүп туруп, эч бир реакция кылбаган өкмөт эмне деген өкмөт?!

Таалайкүл, Кара-Талаа айылынын тургуну:
- Кымбатчылыктын айынан, алыскы туугандардын жаманчылык-жакшылыгына баралбай калдык. Үйдөгү ачка отурган балдарды тойгузабыз деп, эртеден - кечке темселеп иштеп жүрөбүз. Өкмөттөн болсо үмүтүбүздү эчак эле үзүп койгонбуз. Алар бизди эмес, байлыгын, бийлигин ойлошот.


Таалай,
Кара-Ой айылынын тургуну:
- Биздин аймак туристтер келүүчү аймак болгондон кийин, базардагы баалар башынан эле кымбат эле, эми такыр эле асман чапчып калды. Өздөрү менен өздөрү болуп, бийлик-байлык талашкан чиновниктер базардын баасын ылдыйлатмак турсун кайра кымбаттатып жатат.


Жаңыл Базарбекова, Балыкчы шаарынын тургуну:
- Мурда жолдошумдун тапкан кирешелери айыл-апага, кийим-кечегибизге кенен жетчү. Ал эми азыр кийим-кечени кой, күнүмдүк тамак-ашыбызга араң жетип атат. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөрдүн абалы өтө начар. Ушундай кыйын турмуштун айынан ажырашып кеткендер да аз эмес.


Мирлан, ишкер:
- Албетте, кымбатчылык көп эле кишинин кендирин кести. Бүгүн карапайым элдин арасынан кыйналбаган адамды көрүүгө мүмкүн эмес. Кымбатчылыкты тоготпогон чиновниктер эл көйгөйүн ойлоп да койгон жок.


Карыбай кызы Дамира, мугалим:
- Мугалимдердин айлыгы мурдатан эле эч нерсеге жетпей келет. Азыр эми базардагы баалар асман чапчып калган кезде биздин бир ай бою темселеп тапкан айлыгыбыз бир күндүк тамак-ашыбыз менен бүтүп калат. Эмне деген жашоо болуп баратат. Өкмөт болсо мугалимдердин айлыгын бир аз көтөрүп сооротумуш этти. Анысы да жарыбаган акча болуп атпайбы.


Айгүл Жаманкулова, Кочкор районунун тургуну:
- Өкмөт эң биринчиден базардагы бааларды өз калыбына алып келиш керек. Эл эч кандай өкмөттүн жардамысыз, өзүн-өзү багып атат. Болгону тапкан-ташыганынын баары базардагы баалардын кымбаттыгынан күнүмдүк курсак менен гана чектелип калууда. Ушул базардагы бааларды өз калыбына, элдин чөнтөгүнө жараша кылып койсо, карапайым элдин сообуна калышмак.

Эламан,
мектеп окуучусу:
- Кымбатчылыктын айынан сабакка барууга да шарттар жок. Үстүңдө жакшыраак кийим, астыңда жыртыгы жок туфли болбосо кантип барасың. Ал эми аларды алууга ата-энелердин каражаты чак келбейт. Бүгүн биз өлбө жаным-өлбө болуп жашап жатабыз.


Элзат, юрист:
- Базардагы баалар кедей-кембагалдарды, карапайым элди, дыйкандарды, кыскасы карапайым элди кыйнап атат. Жогору жактагы чиновниктерди кыйнаган жок. Алар эч качан элге жакшылык кылбайт. Мен муну так кесе айта алам.

Токтакан, Балыкчы шаарынын тургуну:
- Жашоо чындап эле кыйындап, баардыгы кымбаттап жатат. Базарга мурун миң сом менен барсаң толгон-токой нерсе алчусуң. Азыр болсо эч нерсе келбейт. Акчанын күчү да жоголду.


Даярдаган Элдияр Элчибек




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«