Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай!

Жалал-Абадда
Улуттук коопсуздук комитети милициянын маскасын сыйрыды
Жалал-Абад областына караштуу Кочкор-Ата шаарында болуп өткөн погончон милициялардын иш аракети Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө бир топ эле көлөкө түшүрөт десек жаңылышпайбыз. Анткени областтык ИИБнин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери коррупция менен кантип, кандай метод менен күрөшүп жаткандыгын областтык Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери аныктаган. Башкача айтканда коррупция менен күрөшүп жаткан кызыл шапкечендер Кочкор-Ата аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Темирбек Саякбаевден беш миң АКШ долларын алышкан. Ал аз келгенсип, кайрадан элүү миң сом талап кылышканда, Темирбек Саякбаев облустук Улуттук коопсуздук комитетине кайрылууга аргасыз болгон. Натыйжада УКК кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде кызыл шапкечендердин жасаган амалдарынын бети ачылып, тергөө тарабынан иликтенип, областтык УККнын ага тергөөчүсү юстициянын полковниги А.Маатжакыпов төмөндөгүдөй аныктама чыгарып, "Т.Саякбаевди жабырлануучу"- деп табылсын деген токтомун чыгарган.

Бул кылмыш иши Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Т.Саякбаевдин арызынын негизинде КРнын КЖКсынын 313-беренесинин 1-бөлүмү, 304-беренесинин 2-бөлүмү, 166-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен козголгон. Раимкулов Адылбек Каримкулович КРнын ИИМнин Жалал-Абад областтык башкармасынын башчысынын 26.03.2010-жылкы №29 буйруктун негизинде Жалал-Абад областтык ИИБнин тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү болуп туруп Жалал-Абад ОИИБнин ЭККБнын оперативдүү өкүлү Б.Чимбердиев жана Ноокен районунун Чоң-Багыш айылынын тургуну Лачынбек Мендикулов менен алдын ала сүйлөшүп алып төмөнкү кылмыштарды жасаган.
Атап айтканда, 2010-жылдын 12-октябрь күнү Ноокен районуна Кочкор-Ата шаарынын жашоочусу Келдибаев В.К. Жалал-Абад областтык ИИБнин жетекчисинин атына Кочкор-Ата шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы "Т.Саякбаев, ооруканадан дарыланып жаткан Т.Эгембердиевди дарылоо үчүн 30 000 сом акча талап кылып, 2000 сом акча алып, дагы 15 000 сом акча сурап жатат, ошол адамга чара көрүп бериңиз"-деп арыз менен кайрылат.
Аталган арыз Жалал-Абад ОИИБнин кылмыш иштерин каттоо китепчесине 12.10.2010-жылы №159 сан менен катталып, чечүү үчүн А.Раимкуловго берилет. Андан соң, ошол эле күнү 2010-жылдын 12-октябрында А.Раимкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына карабай, өзүнүн жана шериктеринин пайда көрүү максатын көздөп В.Келдибаевдин арызынын негизинде КРнын ЖПКсынын талаптарын одоно түрдө бузуу жолу менен, кылмыш ишин козгобой туруп, өзүнүн шериктери Б.Чимбердиев жана Л.Мендикулов менен бирге Т.Саякбаевди В.Келдибаевден мыйзамсыз акча алып жаткан учурда кармоо үчүн Кочкор-Ата шаарына келишкен. Болжол менен саат:15:00дөр чамасында В.Келдибаев 5000 сом акчаны Т.Саякбаевдин кабинетине алып кирип, анын столунун үстүнө коюп, өзү чыгып кетет.
В.Келдибаевдин бул аракетин түшүнбөгөн Т.Саякбаев анын артынан чыкканда аны сыртта күтүп турушкан А.Раимкулов, Б.Чимбердиев жана Л.Мендикулов кайра кабинетине алып киришип, В.Келдибаевдин арызын көрсөтүшүп - "Үстүңүздөн кылмыш иши козголгон. Сиз В.Келдибаевден 5000 сом пара алдыңыз"-деп, анын кызматтык столунун үстүнө В.Келдибаев таштап кеткен 5000 сом акчаны көрсөтүшүп, опузалап коркутушат.
Андан кийин А.Раимкулов менен Б.Чимбердиев: "Эгерде тез арада 10 000 АКШ долларын алып келбесеңиз, азыр Жалал-Абадга алып барып камайбыз"-деп Т.Саякбаевди коркутушуп, 10 000 доллар талап кылышат. Т.Саякбаев жубайы М.Арзыматованын (0777 )70-95-60 сандуу мобилдик телефонуна чалып, 5000 АКШ долларын алдырып, ал акчаны Л.Мендикулов аркылуу А.Раимкулов менен Б.Чимбердиевге пара катары берген. Ошентип А.Раимкулов менен Б.Чимбердиев өздөрүнүн жасаган кыймыл аракеттери менен КРнын КЖКнын 304-берененин 2-бөлүмү, 313-беренинин 2-бөлүмү, 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашкан. Ал эми Л.А.Мендикулов өзүнүн кыймыл аракеттери менен КРнын КЖКнын 30-313-беренесинин 2-бөлүмү, 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган. Жогоруда аталган кылмыштар менен эле чектелип калбастан А.К.Раимкулов кызмат адамы болуп туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып төмөнкү кылмышты жасаган. Атап айтканда, 12-октябрь 2010-жылы Б.Чимбердиев менен бирге "В.Келдибаевдин арызынын негизинде козголгон кылмыш ишти жаап коем"-деп 5000 АКШ долларын алып кеткенден кийин, 2010-жылдын 16-октябрында өзүнүн мобилдик телефонунан Т.Саякбаевдин мобилдик телефонуна чалып, аны Жалал-Абад ОИИБне чакырган. Эртеси 2010-жылдын 17-октябрында Т.Саякбаев келгенде А.К.Раимкулов өзүнүн иш бөлмөсүнө алып кирип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына карабай пайда көрүү максатында Т.Саякбаевге В.Келдибаевдин арызын көрсөтүп: - "Арыз каттоо китепчесине 12.10.2010-жылы №159 сан менен катталып калган, ошондуктан бул материалды прокуратура аркылуу чечишим керек, материалды Сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн чечүүгө дагы 50 000 сом акча бересиз"-деп талап кылат.
Бирок, Т.Саякбаев ал айткан акчаны өз убагында таба албай калганда А.Раимкулов аны кайра өзүнө чакырып: "Эгерде 2010-жылдын 20-октябрына чейин мен айткан акчаны алып келбесеңиз анда Сиздин үстүңүздөн кайрадан кылмыш ишин козгойм"-деп опузалап, коркутуп пара берүүгө мажбурлаган. Ошондо Т.Саякбаев айласы кетип, КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областтык башкармасына арыз менен кайрылууга аргасыз болот. Т.Саякбаевдин арызынын негизинде 2010-жылдын 20-октябрында кылмыш иши козголуп, калыстардын катышуусу менен тергөө-оперативдик амалдары жүргүзүлүп жаткан учурда А.Раимкуловго бул маалымат жетип калып, ал опузалап талап кылган 50 000 сом акчаны айласыздан көз каранды эмес жагдайлар боюнча албашка мажбур болгон. Башкача айтканда, А.Раимкулов өзүнүн жасаган кыймыл аракети менен КРнын КЖКнын 28-313-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышын жасаган. А.Раимкулов, Б.Чимбердиев жана Л.Мендикуловдун кылмыш аракетинин негизинде Т.Саякбаевдин кызыкчылыгына моралдык жана материалдык жактан зыян келтирилгенин эске алып, жогоркулардын негизинде КРнын ЖПКнын 49-беренесин жетекчиликке алып, УККнын ага тергөөчүсү юстициянын полковниги А.Маатжакыпов "Темирбек Саякбаевди жабырлануучу"- деп табылсын деген токтомун чыгарган.

Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери
Темирбек САЯКБАЕВ:
- Темир агай, бул ооруканада эмгектенгениңизге канча жыл болду?
- 1978-жылдан бери иштейм. Ага чейин Россияда аскер хирургу болуп иштеп келдим. Капитан чиним бар.
- Сиздин иш столуңузга акча таштап кеткен адамды тааныйсызбы?
- Жок. Тааныбайм. Келип эле акчаны таштап койду. Ким сурады десем, бизде дарыланып жаткан Эгембердиевди айтып чыгып кетти. Аркасынан чыксам, сыртта даяр турган милициялар кайра бөлмөгө алып кирип, "Сизди азыр КТРден чыгарабыз, он жылга камайбыз"-деп коркутушту. Кыйкырып-өкүрүп, телефонумду алып коюшту. Өзүм. Нарын областынын Кочкор районунан болом. Бирок, бул жакта иштеп, жашап калгам. Отуз үч жыл иштеп, өз мээнетим менен кызмат кылып жатканда, куру доомат менен КТРден чыгып уят болот экенмин деп сураган акчасын берүүгө аргасыз болдум.
- Ооруканада дарыланып жаткан Эгембердиев акча алып келген Келдибаевди тааныйт бекен?
- Жок. "Акча сурамак түгүл тааныбайм" деди.
- Сизге кайсыл адамдар келишти?
- Наркулов Памир, Саматов Заир, Раимкулов Адыл, Чимбердиев Бакыт, Мендикулов Лачын. Бардыгы болуп жети адам келди. Колуман кол тамга алышты. Бирок, эч нерсе чыккан жок. Акчаны кармаган да эмесмин.
- Акчаны кимиси сурады?
- Б.Чимбердиев "сүйлөшсөк болобу?"-деп чакырып, "он миң доллар берсеңиз бүтүрөбүз" деди. Мен ал акчаны таап бере албасымды айттым. Анан он миңден беш миң долларга түштү.

Редакциядан:
Азырынча аркы жээкти же берки жээкти күнөөлүү деп айтыштан алыспыз. Жогорудагы болуп өткөн окуя туурасында тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүлгөн. 2011-жылдын 4-апрелинде Ноокен райондук соту соттук териштирүүнү баштайт. Демек акыркы чекитти сот коет. А биз соттон адилеттикти жана калыстыкты күтөбүз!
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек