Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Ар кимиң өз жумушунду кыл!
Мындан ары бизнес структурасын бир гана салык кызматы көзөмөлдөй алат. Болбосо, биздин өлкөдө бизнесмендерди буга чейин муунтуп келген бир нече орган болгон. Мисалы, ИИМ, УКК жана Башкы прокуратура. Баардыгы тең эле акча чыкчу жерлерге "сайылып", өлкөбүздөгү бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып келишкен. Натыйжада бизнесмендер татаал жолдордон чыгуу максатында ар биринин чөнтөгүн кампайта берип, экономикабызды өргө сүйрөгөнгө күчү жетпей барат. Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев бул маселеге олчойто чекитти коюп, ИИМ криминалдык кылмыштар менен, УКМК терроризм менен, Башкы прокуратура коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларды изилдөө менен алек болушун талап кылды. Премьер-министрдин мындай кадамын 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов да колдоду. Анын айтымында, салык кызматынан бөлөк органдардын бизнес чөйрөсүнө кийлигишүүсү пара берүү жолуна түртөт. Ачык сөздү айтканда көз ачылып, көңүл кубанат эмеспи. Андыктан, бул кадамыңарды калың эл да колдойт деп ишеним артабыз.




Өз башындагы төөнү көрбөгөн "Ата-Мекен"
Башка партиялардын бараандуу депутаттарына эле асылганын койбогон "Ата-Мекен" лидери неге өз башындагы төөнү көрбөгөндүгүнө таң каласың. Айта кетсек, "ата мекенчи" депутат Карганбек Самаков да элим, жерим деп сүйлөсө жаныңды эргитет. Бирок Бакиевдин тушунда Байтик айылы тараптан 262 гектар жерди чет өлкөдөн инвестициялар келет деп алып, ВИП-шаарчасын кура баштаганын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Анысы аз келгенсип дагы 200 гектардан ашык жерди алууга далалат кылып жүргөнүн уктук. Баш-аягы болуп 500 гектар жерди менчигине басып алгысы бар. Ошол эле учурда Байтик айылынын канчалаган жаш үй-бүлөлөрү жер алуу укугуна ээ боло албай жүрүшөт. Башкалардын башындагы чөптү көрүп аңыз кылып айта бербей, өздөрүнүн артын да тазалап алышса болмок экен. Мынчалык көлөмдөгү жерди ээлеп алган К. Самаков анын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин бир төгүлүп-чачылып айтып койсо жакшы болчудай. "Ата Мекенчи" лөк Өмүрбек Текебаев өз катарындагы Самаков сындуу "жер баскычтардан" арыла албаган соң, бөлөктөргө асылып не кылат десең.




Эне тилин эжелеп сүйлөгөндөр жыргатабы?..
Эсил кайран СССРдин ыдыраганы бир чети өкүнүчтүү болгону менен көп улуттун улуттук тили үчүн соопчулук иш болгон экен. Алыс барбайлы, коңшубуз, экинчи жагынан алганда бир тууганыбыз болгон казак эли улуттук тилинин түбүнө жетип ала жаздаган. Эгемендик бул мамлекетке дагы 30-40 жыл кечигип келчү болсо, түбүнө түшүп, кырмычыгын да кырып коюшмак окшойт. Жараткан оң көзүн салып, Союздун ыдырашы менен Казакстан башына улуттун чыныгы патриоту келди. Эсиңиздерде болсо да, болбосо да кайрадан сала кетүүнү туура көрүп турам. Ошол 90-жылдардын башында Нурсултан Назарбаевдин "Казак тилин 30 пайызга көтөрүп алсак да бүгүнкү күндүн чоң жетишкендиги болот" деп айтканы бар. Ушул сөздүн төркүнүнөн эле ошол учурдагы казак тилинин акыбалын айттырбай түшүнөсүң. Эми бүгүнкү күндөгү казак тилинин гүлдөгөнүнө жалпыбыз күбөбүз. Казак улуту эле эмес, ал мамлекетти байыр алган бардык эле улуттун өкүлдөрү казакча түш жоруй турган болду. А биздечи?
Кепти мамлекеттик тил мыйзамынан баштайлы. Мамлекеттик тил мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Президент, Премьер-министр, ЖК төрагасы, Конституциялык жана Жогорку сот төрагасы милдеттүү түрдө, баса айталы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде сүйлөп да, окуп да, кагаз бетине эркин өз алдынча түшүрө билиши да керек. Бул мыйзам талабы. Социализмдин эшиги талкаланып, андан демократиянын эпкини аркырап кирип келгенде эле биздин атка минерлерибиз ээрлерине кыйшык отуруп алышты. Дегеним орус тилине да расмий укук берилди. Мамлекеттик тил болуп эсептелбесе да кыргыз тилин өзүнүн көлөкөсүндө калтырып тумчуктуруп келет. Мыйзам бизде кабыл алынганы гана болбосо, иштебей тургандыгын Игорь Чудинов кыска мөөнөткө премьер-министр болуп иштей калганынан деле билсе болот. Акаевдин учурунда Николай Танаев дегени да бул кызматты аркалап ийген. Минтип жаза берсек эле улутчул экен деп ойлогондор болушу мүмкүн. Кептин төркүнү алардын мамлекеттик тилиңди уруп да ойнобогондугунда. Булардын катарын өзүн "мыйзамдын темир калканы" эсептеген "киргиз" Феликс Кулов да толуктайт. Катардагы милиционерден генералдыкка чейин жеткен бул киши тууралуу орус басылмаларынын биринде "Кулов всем премьер" деген макала да жарык көргөн эле. Акыркы мезгилде гана кыргызчаны эжелеп үйрөнүп алган Кулов чындыгында эле бардык президенттердин премьери болгонго даяр экендигин иш жүзүндө далилдеп эле келет. Анан да тандем түзүүгө дайыма даяр тургандай сезилет. Бир учурдагы президенттик шайлоо алдында Текебаевге да премьер болгусу келгендигин унута элекпиз. Бакиевге да тандемдешип атып, өкмөттү жетектеди эле. Тандемден мандем пайда болуп, орунду бошотуп берүүгө аргасыз болгон. Сөздүн ток этерин айтканда, Кулов өзүн мамлекеттеги 1-номурдагы лидер эмес экендигин сезет болушу керек. Өзүн 1-катардан көргөн адам ар кимге эле жармаша бербеси белгилүү да. "Мыйзамдын темир калканы" болсо, жогоруда айтып өткөн мамлекеттик тил мыйзамынын 8-беренесин Куловдун эсине салып коюшубуз парз. Мыйзамды сыйласа, анда экинчи жана үчүнчү лидер болушу деле кыйын экендигин түшүнөт.
"Эне тилин билбеген,
Элин сүйүп жарытпайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Эси жогун аныктайт" деген саптар деле жөн жерден жаралбаган чыгар. Андыктан бир эле президентти эмес, мамлекеттин бардык жогорку кызматын ээлеп отурган замандаштарыбызды мамлекеттик тил комиссиясынан экзамен аркылуу өткөрүп, анан гана кызматка дайындоо талапка ылайык. Муну мыйзам аркылуу бекитип, ишке киргизүүгө убакыт бышып жетти. Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Панфиловчу 28 баатырга "Чегинүүгө жол жок. Аркада Москва" деп айтылгандай, биздин мамлекеттик тилге олуттуу мамиле кылуунун убактысы келип, чегинен ашып отурат. Анткен себебим, мамлекеттик кыргыз тили жар кырында башы айланып турган кези. Эгемендикти алгандан берки 20 жыл аралыгында эки төңкөрүштү баштан өткөргөнүбүздөн кийин гана айрым мамлекеттик чиновниктерибиз кыргыз тилине орчундуу көңүл бура баштады. Буга мисал катары Каракол шаарынын мэрин айта кетсек болот. Угушубузга караганда бардык иш-кагаздарын бир гана кыргыз тилинде кабыл алып жаткан экен. Буга чейин Шайлообек Дүйшеев баш болгон акындарыбыз "Кайдыгерлик" деп зар какшагандары менен атка минерлерибиз мамлекеттик тил үчүн кабыргасын кайыштырып да коюшкан эмес. Эми болсо, тили буруулар кайрадан жогорку кызматтарды ээлөө аракетин көрө башташты. Жаңыдан эле түзүлгөн коалицияны бузуп, өкмөттү таратууга кызыкдарлыгы бар топ саясый оюн уюштурууда. Мунун ана башында Кулов өзү турат. Бул генералдын парламенттик шайлоодо топ жарып чыга келишине анын байма-бай чет жердеги досторунун таасир эткенин баардыгы эле билет. Болбосо, Куловдун саясый айдыңдагы кадыр-баркы бир топ эле төмөн түшүп кеткен болчу. Эсибизге жара чыкпаса 2007-жылы бириккен "фронтчуларды" түзүп Атамбаев айткандай элдин башын да айлантканга үлгүргөн. Ал фронтко бириккен "Канжар" тобунун жигиттери кармалып, мыйзам алдында жооп бере турган болгондо Кулов аларды таштай качып, тааныбай тургандыгын да айтканы бар. Ушунун өзү эле Куловдун туруксуздугун айгинелеп, санаалаштарынын да ишениминен кеткен. Эми ошол "фронтчулар" кайра бириккени турат. Коалицияны бузуудагы алардын максаты айтпаса да түшүнүктүү. Азыркы чечүүчү ролду ойноп турган "КСДП" жана "Республика" партияларынын лидерлерин белге чаап, алсыратуу. Мисалы, бүгүнкү күндөгү Ө. Бабановго жасалып жаткан "атака" менен аны саясый айдыңдан сүрүп чыгып, Атамбаевди жалгыз калтыруу. Түбү тешик бул саясый оюндардын түрлөрү качан түгөнөөрү белгисиз. Ошентсе да мамлекеттик тилди уруп да ойнобогон лидерлерди эми бийликтин сересинен көрбөй эле койгонубуз дурус. Болбосо тандем түзүү боюнча профессионал болуп алган Ф.Ш.К. алдыдагы президенттик шайлоодо дагы бирөөнө премьер болом деп жармашышы мүмкүн. Анда эле мамлекеттик тилибиз жардан алыс кетет. Макаланын башында бекеринен Казакстанды мисалга алган жокпуз. Бизге, биздин мамлекеттин эртеңи үчүн биринчи кезекте эне тилибизди сыйлаган инсан керек.
Алмаз Кулманбетов




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«