Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Сагынбек Алимбаев 1964-жылы Ноокат районунда туулган. Афган согушунун катышуучусу. 2-топтогу майып. Беш баланын атасы. Салык кызматында жыйырма жыл эмгектенген.
Кан коё бербейт!
Адылжандын Сагынбекте эмне өчү бар эле?!
Ош областынын Ноокат районунда атылып өлтүрүлгөн Алимбаев Сагынбек Бекмуратовичтин кайгылуу өлүмү туурасында интернет булактарына ар кандай маалыматтар таркатылды. Сагынбектин жакындарынын айтымында ушул кезге чейин бир да журналист келип окуяны толук иликтеген эмес. Бирок, туура эмес нуктагы маалыматтарды чагылдырышкан. Ошко барган сапарыбызда Ноокат районуна сапар алып, окуянын кандайча болгондугун иликтеп көрдүк. Алгач Сагынбектин өмүрлүк жубайы Адалат Кадыровага жолуктук. Маркумга куран түшүрүлгөн соң Адалат эже көз жашын мөлтүлдөтүп, арманын төктү.

Адалат КАДЫРОВА:
- Эже сабыр кылыңыз. Жолдошуңуздун арты кайырлуу болсун!
- Айланайын кызым, канатым кайрылып калды.
- Окуя болгон күндү айтып берсеңиз?
- 23-февраль күнү майрамда эртең менен эрте туруп намаз окуган. "Бүгүн майрам. Балдарга белек алайын"-деп кызым экөө чыгып кеткен. Анан бат эле мага чалып "Адалат, менин алган белегим балдарга жакпай калбасын, келгенде өздөрү тандашсын" деди. Мен майрамга дасторкон даярдап жаткам. Анан саат:13:30да телефон чалсам таптакыр алган жок.
- Ошол учурда сизге кандай ой кетти?
- Эч жаман ойлогон жокмун. Сагын өзү тынч жүрчү. Оюмда чогуу иштеген кыздары куттуктап жатышса керек. Алагды кылбайын деп, кечке чейин күтүп отурдум.
- Буга чейин артынан аңдып жүргөндөр же башка бир шектүү нерселер байкалган жок беле?
- Жок. Эч нерсе билген эмеспиз. Жолдошум абдан боорукер, ак көңүл адам эле. Афган согушуна катышкан. 2-топтогу майып. Намаз окучу. Соопчулук иштерди көп жасачу. Кудайдан кайтат деп эч качан оозунан Кудайды түшүрчү эмес. Өзбек-кыргыз деп эч качан бөлчү эмес. Бирок, өзбектердин жаш балдарына алданып, өлүп калды. Беш балам менен жесир калдым. Айланайын кызым бизге жардам бергиле. Жолдошумду өлтүрүүгө буйрук берген Адылжанды тапканга жардам берип койсо деп Президенттен эне катары суранам! Жолдошумду өлтүргөнгө он беш миң доллар алышыптыр. Адам өлтүргүчтөр мага келсе, ошол акчаны мен тууган уругум менен эле топтоп берет элем го. Сагынбектин башы көп ооручу. Аны ооруп калбасын деп аяп, эч качан капа кылчу эмесмин. Башы оорубаса эле болду деп абдан тиленчүмүн. Акыркы күндөрү негедир көп оорубай калган. Баарыбыз ооруну унуттук деп сүйүнүп калганбыз. Өзбек-кыргыз согушу болгондо, Ноокатта да өзбектер чогулган эле. Ошондо да элди ынтымакка чакырып, тамак уюштуруп, Ноокатты алааматтан сактап калган. Өзбектер менен аш жейт эле. Өкүнүчтүүсү жолдошумду өлтүргөн балдар өзбектер болуп чыкты.

Шайымбек АЛИМБАЕВ, Сагынбектин иниси:
- Тергөө иштери кандай нукта жүрүп жатат?
- Тергөө жүрүп жатат. Акемди өлтүргөн Илхам, Фархат, Рахим деген балдар кармалган. Бардыгы 80-82-жылкы жаш үй-бүлөлүү, экиден-үчтөн балдары бар экен.
- Кайсыл жерден болушат экен?
- Оштун Шарк айылынан экен. Ош тополоңунда үйлөрү күйүп кетип, кыргыздарга өчтөрү бар экен. Анан акча үчүн акемди өлтүрүшкөн.
- Бул балдар кандайча табылып калды?
- Телефон боюнча табылды. Менин агама келип, жолугуп сүйлөшүп турушкан экен. Артынан аңдып жүргөндөрүнө жыйырма күн болуптур. Акем салык инспекциясында иштейт да. Андан сандык жасап сатканга орун алып берүүсүн суранышыптыр. Чогулуп намаз окушкан, чогулуп түштөнүшкөн.
- Өлтүрүүгө ким буйрук бериптир?
- Өзбек улутундагы, 48 жаштагы Адылжан деген Ноокаттык киши.
- Эмне себептен мындай ишке барды деп ойлойсуз?
- Так биле элекпиз. Биздин угушубузга караганда акемди Ноокаттагы кыргыздардын лидери деп өлтүрткөн. Мындан сырткары дагы көрүнүктүү он эки кыргыз жигиттерин өлтүрүүгө буйрук берилиптир. Өзбек-кыргыз согушу башталганда Ноокатта өзбек лидерлери максаттарын ишке ашыра албай калышкан. Анткени, акем баштаган кыргыздын белдүү жигиттери чыгып, тополоң болтурбай элди кармап калышкан. Ошондон улам Адылжан кыргыздардын лидерин өлтүрсөк, анан өздөрү тополоң чыгарышат деп күткөн. Ошол себеп менен өлтүргөн деп ойлойм. Анан жанагы чет өлкөлүк сайттар жана Оштогу ИИБнын начальнигинин орунбасары "өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу" -деп жалган айтып жатышат. Эч кандай ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Мындай нерсени иликтеп, чогуу иштешкендеринен, үй-бүлөсүнөн, элинен сурап туруп анан туура маалымат бериш керек. Агам менен Адылжандын ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес. Ишкердүүлүгүнө байланыштуу болгондой Адылжан Ноокатта салык төлөөчү эмес. Анткени ал ноокаттык болгону менен башка өлкөнүн жараны. Ноокаттын эли агамды абдан жакшы көрүшчү. Мен жокто кыжырданган эл Адылжандын Ноокаттагы үйүн өрттөп салышыптыр. Үйүнүн күйгөнү Адылжанга кеп эмес. Ноокатта ээлеген бизнестери толтура.
- Кармалган балдар Адылжан заказ кылганын айтып бериштиби?
- Ооба. Сүрөттөрүнөн бери көргөзүп, канча акча алгандарынан бери айтышты. Акчаны кайсыл жерден алгандарынан бери айтып беришти. Акемди атып, башын жанчып өлтүргөнү - Илхом деген бала.
Ноокат райондук салык инпекциясынын башчысы Сагынбек Алимбековдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши учурда Ош областтык Ички иштер башкармалыгында тергелүүдө. Ишти тергеп жаткан тергөөчү Өткүр Абдукахаровдун кеңсесине баш бактык.

Өткүр АБДУКАХАРОВ, тергөөчү:
- Мен сиздерге тергөө толук жүргүзүлүп бүтө элегине байланыштуу кылмыш иши менен тааныштыра албайм. Алимбаевди өлтүргөндөр кармалган. Азыр төрт бала камакта. Бирөө курал жасаган. Калгандары адам өлтүрүүгө катышкан. Ал эми аларга буйрук берген деп шектелип жаткан Адылжан Каримовго издөө жарыяладык. Учурда анын жарандыгы такталып жатат. Эгер башка өлкөнүн жараны болсо, ишти ошол жакка жиберебиз. Соту ошол жакта болот. Ал эми биз азыр судмедэкспертизанын, биологиялык жана техникалык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Экспертизалардын корутундусу колубузга тийгенде кылмыш ишин сотко ашырабыз.
Жергиликтүү элдин айтымында Сагынбек Алимбаевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан Адылжан Каримов Россиянын, Өзбекстандын жарандыгын алып жүрөт. Ошондой эле Кадыржан Батыровдун "Мезон ТВ" телеканалында сүйлөгөн видео-тасмасында Адылжан Каримов да бар болгон. Кадыржандын чогулушуна Ноокаттан 35 өзбек аксакалдары барган экен. Согушту байлар баштап, карапайым эл жабыр тартып, азыркыга чейин согуштун илеби кайтпай жатканы тынчсыздандырат. Кандай болгон күндө да Алимбаевди өлтүргөн кылмышкерлер өз жазаларын алып, акыйкат сот болоорунан үмүт кылып туралы. Ошондой эле биздин редакция бул окуя тууралуу коомчулукка маалымдап турат.








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«